Бишкектин Биринчи май райондук соту 18-марттагы жараянда укук коргоочу Динара Ошурахунованы "Майда бейбаштык" беренеси боюнча актады. Сот Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесинде көрсөтүлгөн жосунсуз жоруктардын белгиси жоктугуна байланыштуу ишти кыскартты. Ага карата экинчи берене - "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" боюнча сот 25-мартка белгиленди.
18-марттагы жараяндын жүрүшүндө айыптоочу тарап Ошурахуновага 5500 сом айып пул салууну өтүнгөн.
Укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулованы 17-мартта эртең менен милиция кармап кеткен. Алар айрым жарандык активисттер, укук коргоочулар менен чогуу Украинадагы согушка каршылык билдирип, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыгышкан. Сурактан кийин райондук сотко жеткирилип, жараян жылган соң үйлөрүнө кетишкен.
Сот Динара Ошурахунованын ишин 18-мартта карап, Токтонасыров менен Абдирасулованын ишин 22-мартка белгиледи.
Милиция кызматкери Аман Кызалаков териштирүүдө укук коргоочуга карата айыптоону окуп жатканда залда нааразылык жаралып, сот үзгүлтүккө учурап, кайра уланды.
Милициянын айыптоосунда Ошурахунова элчиликтин алдында адаттан тыш жорук жасап, өзүн агрессивдүү алып жүргөнү айтылат.
Ал өз дарегине карата айтылган айыптарды толугу менен четке какты.
"Мен макул эмесмин. Мунун баары ойдон чыгарылган айыптоо. Биз ал жерде кыйкырган эмеспиз. Болгону үч киши болчу, биз ар бирибиз өз өзүнчө келдик. Мен эң акыркы келип кошулуп, четте турганбыз. Ошол учурда 18 кызматкер, ошонун ичинде милиция, 10-бөлүмдүн өкүлдөрү бар болчу. Биз тараптан агрессивдүү аракеттер болгон эмес", - деди Ошурахунова.
Акцияга чыккан үч укук коргоочуга "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" жана "Майда бейбаштык" беренеси боюнча айып коюлуп жатат.
Укук коргоочулар 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына чыгардын алдында Бишкектеги Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү 11-марттан 11-апрелге чейин аталган элчиликтин жанында, Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана өкмөт үйүнүн алдында ар кандай акцияларды өткөрүүгө тыюу салган. Сот "бул чечим мыйзамдуу" деген бүтүм чыгарган.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова тынч жыйындарга тыюу салуу Конституцияга каршы келерин эскертти.
17-марттагы акция учурунда Абдирасулова митингдерге тыюу салынышын Аксы окуясы жана ага алып келген жагдай менен салыштырды.
"Аксыда пикетке чыккан күнөөсүз адамдарды атып кетишкен. Азыр дагы тоскоол болуу, тыюу салуу кайра тажрыйбага кирип, Биринчи май райондук соту "пикеттерге чыкпагыла, Горький паркына барышыңар керек" деген чечим чыгарды. Бул мыйзамдарга жана Конституцияга каршы келет. Аксы окуясы сабак болгон эмес экен, кайра эле милиция кызматкерлеринин колу менен тыюу салып жатат. Мен Украинадагы согушка, Кыргызстанда тоскоол болгондордун баарына каршымын, Аксы окуясындай окуялар кайталанбасын, милиция жарандарга курал колдонбосун деген талап менен чыктым".
Аларга “Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө” жана “Майда бейбаштык” беренелери боюнча айып коюлду.
“Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө бизди материал менен тааныштырган эмес. Сотко келгенден кийин карасак, ар бирибизге экиден иш токулуптур. Биз материалды карап, таанышып чыгышыбыз керек да. Караганыбыз жакшы болуптур. Анын ичинде көп нерсени жазып коюшуптур”, - деди Абдирасулова.
Укук коргоочулар элчиликтин алдына чыккан маалда Украинадагы согушка каршылык билдиришкен. Ички иштер министрлиги (ИИМ)тынч митингдерди тыюу себеби тууралуу комментарий берген эмес.
ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев муну күч органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо чарасы катары түшүндүрдү.
"Милиция жөн эле алып бара бербейт да. Демек, ошол жерде коомдук тартипти сактаган жок. Ошол жерден туура эмес сүйлөп жатышат. Милиция аларды эч кандай мыйзам бузбай алып кетти. Алар суракка алган жок, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Эгер милиция коомдук тартипти карабаса, анда ким карайт аны? Коомдук коопсуздукту сактоо - милициянын милдети. Эгер ошол жерде бир чоң чыр чыгып кетсе, "мына, милиция карабай койду" деп да айтып чыкмаксыңар. Ошон үчүн алар алдын алуу иштерин жүргүзүүдө".
Ал арада акыйкатчы Атыр Абдрахматова бул чечимди сындап кайрылуу таратты жана аны одоно мыйзам бузуу катары баалады.
"Биринчи май райондук милициясынын жана аны колдогон соттордун чечими негизсиз деп эсептейм. Ошондой эле эл аралык келишимдердин, эл аралык стандарттардын, адам укуктарынын сактоо принциптеринин негизинде Кыргызстан өзүнө алган милдеттемелерге, эң негизгиси Баш мыйзамда көрсөтүлгөн кепилдиктерге каршы келет. Эгер тынч митинг башка адамдарга, же митингдин катышуучуларына кандайдыр бир коркунуч жаратса, конкреттүү, даректүү чектөө киргизүүгө мыйзам жол берет. Эгер коркунуч реалдуу болсо гана. Чечимдерди көрдүк, анда реалдуу коркунучка негиз жок. Укуктарды, эркиндикти ашыкча чектөө, анын эч бир жүйөсү жок. Эң капа кылганы, ушундай чектөөлөрдүн Аксы окуясынын 20 жылдыгы эскерилип жаткан учурга туш келгени. Элдин укугун, эркиндигин чектөө менен биз чоң трагедияга барганбыз. Бул чечим одоно мыйзам бузуу. Ошол жерлерде митинг уюштургандар, ага катышкандар кандай коркунуч жаратып жатканын, чектөөлөрдү киргизгенин далилдей алышкан жок. Дүйнө жүзүнө кайтадан "Кыргызстан чектөөлөрдү киргизип, кайра артка баратат" деген атка конобуз. Эгер биз ошондой мамлекеттердин катарына кайра кошула турган болсок, экономикалык сырткы карым-катнашка дагы чоң таасир этет. Азыркыдай кризис маалында анын кесепети ар бир жаранга тиет".
Аксыда 2002-жылдын 17-мартында бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Быйыл кандуу окуяга 20 жыл болду.
Деген менен президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев акыркы окуяларды Аксы окуясы менен салыштырууну орунсуз деп эсептейт.
"Украина сегиз жыл Донбассты аткылады, 14 миң адам өлдү. Ошондо укук коргоочулар эмнеге чыккан жок? Албетте, мен согуш болсун дебейм, анын бетин ары кылсын, бирок калыс болсок деген ой. Кыргызстандыктар кайсы бир тарапка тартпай, калыс болсок. Дүйнөдө чындыгында абал оор болуп калды, ар кандай көз караштар бар. Ушундай учурда биздин мамлекет башчыбыз "нейтралдуу болуп туралы" деп айтпадыбы. Ушундай учурда ызы-чуу түшүрүүнүн эмне кереги бар? Ушул маселелерге биз кылдаттык менен мамиле кылсак. Согуш 2014-жылдан бери эле жүрүп жатат. Ошондон бери Батыш адам укугу маселесин көтөрүп, карап койдубу? Тигил жактан, бул жактан койгулаштырып, дүрбөткөндү жакшы көрөбүз. Дүрбөтүүнүн дагы чеги болушу керек. Эгерде укук коргоо органдары бир ай чогулбай туралы десе, ага да баш ийиш керек да. Эгер чечим кабыл алынса, ошого баш ийели да. Эгер кызыкчылыкка дал келбей калса эле адам укугун бузуп жатат деп кыйкырып чыккан болбойт".
Мындан бир жыл мурун, Биринчи май райондук администрациясы эки айга, 22-февралдан 22-апрелге чейин митинг жана башка тынч акцияларды Максим Горький атындагы бакчада гана өткөрүү тууралуу чечим чыгарган жана райондук сот бул чечимди мыйзамдуу деген бүтүм чыгарган. Бирок Бишкек шаардык соту бул чечимди жокко чыгарган.
Мындай чектөөлөр буга чейинки бийликтердин тушунда да бир канча жолу киргизилген жана сын-дооматка кабылган.