Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Мигранттардын абалы, ЕАЭБге сын


Курулуштагы мигранттар, Москва. Орусия.
Курулуштагы мигранттар, Москва. Орусия.

Парламент депутаттары Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болгону менен Орусияда мигранттардын укугу корголбой, жаңы жылдан кийин аларга шарттар катаалдашып жатканын сынга алышты.

Орусия миграциялык мыйзамдарды улам катаалдаштырып келет. Жакында эле кигизилген жаңы медициналык талапка ылайык, мигранттар үч ай сайын текшерүүдөн өтүп турушу керек.

Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жыйынында эл өкүлдөрү маселени мамлекет башчыларынын деңгээлинде көтөрүп, айрым суроолорду кабыргасынан коюуну талап кылышты. Маселен, жакында кабыл алынган мыйзам боюнча эми эмгек мигранттары үч-төрт айда бирден 5-6 миң рубль төлөп, медициналык кароодон өтүп турушу керек.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

“Орусияда жаңы мыйзам аркылуу мигранттарга бир топ оордук келип жатат. Миңден ашуун киши медициналык кароодон өтүшү үчүн кезекте турат. Анын баасы 6000 миң рубль. Квартал сайын өтүшүң керек. Төрага, сиз дагы иш сапарга барганда ушу теманы көтөрсөңүз жакшы болот эле. Президент дагы Орусиянын мамлекет башчысына кайрылса... Ачык эле сүйлөшүү керек. Мигранттар ал жактан таптакыр эле кетиш керекпи же кандай болот?”, - деди депутат Дастан Бекешев.

Орусиядагы кыргызстандыктарды Кремлдин мигранттарга карата жаңы медициналык кароодон өтүү талаптары тынчсыздандырып турат. Кыргызстандагы үй-бүлөсүн багып жаткандар үчүн миграциялык жаңы талаптар ыңгайсыздык жаратып, чөнтөктү дагы кагууда. Атын атагысы келбеген бир нече мигрант “Азаттык” радиосуна мындай мазмундагы видео жиберди:

"3650, андан кийин 1250 рубль төлөп, төрт күн күтүп ушундай сертификат берди. Мунун мөөнөтү үч айга жетет экен. Мына, төрт бала тапшырдык. Эми муну алып, эртең паспорт столго барып кол белги тапшырып, анан каттоого турат экенбиз. Ал жакта аябай кезек көп", - деди мигранттардын бири.

Мигранттар акыркы учурда Орусияда иштөө кыйындап, талаптар катаалдашканын айтып, ЕАЭБдин пайда-батасынан күмөн санашууда.

Дагы бир Рустам Эсеналиев аттуу мигрант акыркы учурда Орусияда иштөө кыйындап кеткенин айтып берди.

"Эмнеге мындай болуп жатат? ЕАЭБге киргенден кийин мамиле баарына бирдей болуш керек болчу. Үч ай сайын өтө турган болсок, бул биримдиктин бизге эмне кереги бар? Бул жактагылардын 50-60% айдоочулар. Такси айдайт, тейлөө кызматында иштешет. Үч жыл ичинде эки жолу эреже бузган учурда "кара тизмеге" түшүп калат экенсиң".


Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев бир гана мигранттар эмес, соода, акча жүгүртүү, жүк ташууда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) келишимдери иштебей жатканын айтып, аны кайрадан карап чыгууну сунуштады.

"ЕАЭБге киргенде биз төрт эркиндик алганбыз. Бул товардын эркин жүрүшү, жумушчулардын кыймылы, капитал жана кызмат көрсөтүү. Казакстанда биздин ишкерлер көп көйгөйлөргө дуушар болду. "Жумушчулар медициналык кароодон өтүш керек" деген шылтоолор менен бизге чектөөлөр болуп жатат. Капиталдын жүрүшү дегенде - биздин балдар Кыргызстанга акча которууда дагы көйгөйлөр бар. Биримдикте биздин дагы министрлерибиз бар. Алар бул жерде кызматы жок болгондо кооз сөздөрдү сүйлөйт эле. Алардын үнү чыкпай жатат. Кайра эле биздин ишкерлер, жарандарыбыз кыйнала береби?", - деди Төрөбаев.

Бул маселе парламент төрагасы Талант Мамытовдун жакында боло турган Орусия сапарында көтөрүлмөкчү.

Парламент депутаты Адахан Мадумаров кыргыз мигранттарынын социалдык көйгөйлөрү арбын экенин белгилеп, Жогорку Кеңеш менен Орусиянын Мамлекеттик Думасынын биргелешкен комиссиясын түзүп, жеринен көрүп келип чечим чыгарууну сунуштады. Мадумаров мигранттардын шартын жеңилдетүү үчүн кош жарандуулук маселесин көтөрдү.

Парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жетекчиси, депутат Жанарбек Акаев Мамлекеттик Думанын тийиштүү комитетине мигранттардын маселеси боюнча кат жөнөткөнүн маалымдады. Ал Кыргызстандын атынан ЕАЭБде отурган өкүлдөрдү кескин сынга алды.

Жанар Акаев
Жанар Акаев

"Кыргызстанды минтип оңдош керек деп акыл үйрөткөндөрдүн баары азыр ошол жакта кызмат алгандан кийин унчукпай отурат. Ошолор иштеш керек эле. Чакырып сурашыбыз керек. Мыйзам долбоору Думада каралып жатканда бирөө дагы коңгуроо каккан эмес. Азыр дагы тийиштүү комитет кат жолдодук, ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө бул мыйзамдын тиешеси жок деген мыйзам кирсе, мекендештерди бир топ нерседен сактайбыз".

Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясындагы (ЕАЭК) өкүлдөрүнүн бири, комиссиянын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Орусияда иштеген мигрант жарандарын чектеген мыйзамды кайра карап чыгуу сунушу берилгенин “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын Ички иштер министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен эки жолу жолугушуу өткөрүлгөн. Жаңы нормаларды кайра карап чыгуу, медициналык текшерүүдөн өтүү талабын 30 эмес, эч болбогондо 90 күн деп өзгөртүү, 6-18 жаштагыларды андай шарттан толугу менен бошотуу жана текшерүүдөн бир жерден эле эмес, ар ким жашаган жериндеги бейтапканадан өтсө боло тургандай кылып шарт түзүү жөнүндө расмий кат жөнөтүлгөн.

Өмүрбекова жаңы мыйзамдын мигранттарга, анын ичинде кыргыз жарандарына тийгизген таасири боюнча мониторинг жүргүзүлүп жатканын кошумчалады:

“Улуттук коопсуздук мыйзамдардын ар бир мамлекет өзү кабыл алат, бул биздин улуттук компетенциябыз деп өздөрүнүкүн берген жок. Биз расмий түрдө нормаларды карап чыгыңыздар деп кат жөнөттүк. “Алар “эки-үч ай ичинде биз да ошол мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү карап жатабыз. Балким март-апрелге чейин кээ бир нормалар туураланып кабыл алынат” деп айтышты. Ошону күтүп жатабыз. Максат Мамырканов менен өткөн ишембиде жарандарыбыз дактилоскопиядан жана медициналык кароодон өтүп жаткан мигранттык борборго барып келдик. Биз, комиссия, мунун баары кандай шартта өтүп жатканына, адам укуктары бузулган жокпу деп мониторинг жүргүзүп жатабыз. Албетте, түз кийлигишип, “бул мыйзамды жокко чыгаргыла” деп айтканга компетенциябыз жок”.

Парламент депутаттары Орусиянын айрым облустарында эмгек мигранттары курулуштан башка жумуштарда иштөөгө тыюу салган буйрук чыгарганын айтып, тынчыздануусун билдиришкен. Алтынай Өмүрбекованын айтымында, ал эреже ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок.

2021-жылдын 29-декабрынан тартып Орусияда күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык, бул өлкөгө иштегени барган чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар 30 күн ичинде медициналык текшерүүдөн жана дактилоскопиялык каттоодон өтүшү керек. Ошондой эле алар жугуштуу оорусу бар же жогуна, маңзат жана психотроптук каражат колдонобу-жокпу деп текшерилет.

Орусиялык саясий илимдеринин доктору Елена Кузьмина мигранттарга карата медициналык талап бир гана мигранттарга гана эмес, жалпы жарандарга карата күчөгөнүн айтууда.

"Мен экиге бөлгүм келет, биринчиден медициналык кароого байланыштуу айтайын, себеби дактилоскопияга байланыштуу эреже мурда эле бар болчу, өзгөргөн жок. Ал эми медициналык кароого келсек, Кыргызстандан Орусияга келген эмгек мигранттарынын көпчүлүгүнүн кош жарандуулугу бар. Андыктан алар Орусияда жергиликтүү мыйзам менен иштеши керек. Азыркы тапта ар түрдүү вирустар күчөп, айрыкча пандемия шартында мигранттарга эле эмес, бизге деле талаптар өзгөрүп, катаалдашты десем болот. Эпидемиологиялык шарт курчуган сайын текшерүүлөр, эмдөөлөргө байланыштуу талаптар көбөйдү. Андыктан мигранттарга эле ден соолугуна байланыштуу талаптар күчөдү деп айтууга болбойт. Адистер "омикрон" штаммы сыяктуу дагы вирустун түрлөрү чыгат деп жатканда жеке эле Орусия эмес, дүйнөдө талаптар татаалдашып жатпайбы".

Калкынын саны 6,5 миллиондон ашкан Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет. Көпчүлүгү Орусияда иштейт.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG