Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Маңзат соодасына шектелген милиция, кызматтан кеткен жетекчилер


Кармалган беш милиционердин сүрөтүн УКМК жарыялады.
Кармалган беш милиционердин сүрөтүн УКМК жарыялады.

Ички иштер министри (ИИМ) Улан Ниязбеков 21-августта өлкөдө коопсуздукту камсыздоо боюнча онлайн кеңешмеде маңзат соодасына аралашкан деген шек менен кармалган милиция кызматкерлери боюнча комментарий берди. Министрликтин маалыматына ылайык, Улан Ниязбеков өздүк курамда жетиштүү иш алып барбаганы үчүн айрым жетекчилер кызматтан алынганын айтты.

“Бул акыркы чечим эмес. Анткени буга чейин болуп өткөн коллегияларда, аппараттык кеңешмелерде “эл үчүн таза иштегиле, өздүк курамга катуу көңүл бургула” деген бир катар тапшырмаларды бергенбиз. Жакын арада ушуга окшогон дагы бир топ чечимдерди кабыл алып, мындан да катаал чараларды көрөбүз”, - деди Ниязбеков.

Мунун алдында маңзат соодасына шек саналып камалган милиция кызматкерлерине байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев баштаган бир нече жетекчилер кызматтан алынып, ондон ашык милиционер жазаланганы белгилүү болгон.

Баңгизат соодасын калкалаган “погончондор”

Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, баңгизатка байланыштуу кармалган милиция кызматкерлери 15-октябрга чейин атайын кызматтын убактылуу тергөө абагына камалды. Азырынча алардын жактоочулары же жакындарынан комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

17-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте милиция кызматкерлеринин тобу кармалганын жарыялып, алар "синтетикалык маңзат соодасындагы кылмышты жашырып, туруктуу акча алып турганын" билдирген.

Атайын кызматтын кабарлашынча, ички иштер органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, милиция кызматкерлери синтетикалык маңзатты өзү колдонуу үчүн сатып алган адамдарды аныктап, аларды кармаган учурду телефонго тартып, камайбыз деп опузалап, акча алып жүрүшкөн.

"Коркутуунун жана психологиялык басымдын астында милиция кызматкерлерине жыйырма миң сомдон беш миң долларга чейин берүүгө мажбур болушкан. Тергеп-иликтөөдө соңку эки жылда ушундай 200дөн ашык окуя тууралуу маалымат алынды", - деп билдирген УКМК.

Беш милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин "баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү", "опузалап пара талап кылуу" жана "кылмыш чөйрөсүн түзүү” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Атайын кызмат милиция кызматкерлеринин кызматын, аты-жөнүн ачык атаган жок.

ИИМдин ички иликтөөсү, кызматтан кеткен жетекчилер

Азамат Токтоналиев жана Азамат Ногойбаев. "Азаттыктын" коллажы
Азамат Токтоналиев жана Азамат Ногойбаев. "Азаттыктын" коллажы

Ички иштер министрлиги (ИИМ) баңгизат соодасына аралашкан деген шек менен кармалган кызматкерлери боюнча ички иликтөө жүргүздү. Анын жыйынтыгында Бишкек ички иштер башкармалыгынан башчысы Азамат Ногойбаев, башкармалыктын ыкчам иштер боюнча орун басары Кылычбек Жолдошев, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгѳ каршы күрѳшүү боюнча кызматынын башчысы Мухтарбек Токтогулов жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын башчысы Азамат Имангазиев кызматынан алынды.

Мындан сырткары ИИМдин баңгизатка каршы кызматынын жетекчилик курамындагы беш жана Бишкек, Чүй милициясындагы жети кызматкер ар кандай тартиптик жазага тартылды.

Ногойбаевдин ордуна Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев дайындалды. Анын орун басары болуп Мыктыбек Болушев келди.

Быйыл апрелде Азамат Ногойбаевге кесиптик этиканы бузгандыгына байланыштуу эскертүү берилген.

Ногойбаев 31-мартта Фейсбукта түз эфирде суроолорго жооп бергенде шаарда өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын, алардын арасында "жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар бар экенин" билдирген. Укук коргоочулар анын кызматтан кетишин талап кылып Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

Милиция аралашкан кылмыштар

Буга чейин криминалга каршы күрөш, аял, балдарга карата зомбулук сыяктуу чуу жараткан кылмыштарга байланыштуу милицияга нааразылык айтылып келсе, кызматкерлердин баңгизат соодасына аралашканы ички иштер органына сын пикирди ого бетер күчөттү.

Коомчулукта баңгизат менен шыгуулдангандарды күч органдарындагы айрым кызматкерлер калкалайт, андыктан маңзат соодасына каршы күрөш чабал деген сын айтылып жүрөт.

Юрист Нурбек Токтакунов ар кандай кылмышка аралашкан милиция кызматкерлеринин жазага тартылбай жатканына токтолду.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

“Илгертеден эле милиция кызматкелери баңгизат сатууну калкалап келген. Эң коркунучтуусу азыр жаңы чыккан синтетикалык баңгизат. Аларды интернет аркылуу сатууга өтүшкөн, муну милиция жакшы билет. Милиция кызматкерлерин УКМК кармаптыр. Алар коррупциялык жол менен акталып же жеңил жаза алып чыгып кетиши мүмкүн. Андыктан журналисттер, коомчулук тыкыр көз салып турушу керек”, - деди юрист.

Токтакунов ички иштер органдары толук реформа кылуу үчүн шарт бар экенин, болгону бийлик башындагылардын саясий эрки жетпей жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда тартип сакчылары өздөрү кылмышка аралашкан алгачкы учур эмес. Өткөн жылдын апрель айында ИИМ Тажикстандан алынып келген 30 килограммдан ашык маңзатты сатууга байланыштуу Ош облустук милициясынын эки, ИИМде иштеген бир кызматкер кармалганын маалымдаган.

Декабрь айында "уюшкан кылмыштуулукту жаап-жашырып, каракчылыкты калкалаган" деген негизде Нарында жана Жалал-Абадда милициянын жетекчилери кызматтан алынган. 2022-жылы август айында эки милиция кызматкери секелекти зордуктоого айыпталып, 15 жылга соттолгон. Бул окуя коомчулукта резонс жаратып, ИИМдин башчысы Улан Ниязбековду кызматтан кетүүнү талап кылган акциялар өткөн.

Милиция качан реформа болот?

Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Улан Жумаков коомчулуктун милицияга карата нааразылыгын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалады. Жумаков ошол эле кезде ИИМде реформа жасоо аракети болуп жатканын белгиледи.

“Мындай кадамдар милициянын кадыр-баркына көлөкө түшүрүүдө. Министр өткөн коллегияда жергиликтүү милиция жетекчилери чара көрбөсө, кызматтан алынарын айткан. Демек, алдындагы жетекчилерге иштегенге мүмкүнчүлүк, колдоо, убакыт берип жатат. Өздөрүнүн ичинен тазалануу бул реформага карата даярдануу. Эртеби, кечпи реформа болот. Эл милицияны сындаганга толук акысы бар. Ички иштер министрлигинде дагы иштер жүрүп жатат. Байкасаңар ар кандай чуулгандуу иштерге дароо реакция болуп жатат. Азыр ротация болуп, милициянын техникалык базасы оңолууда. Бишкек шаары башка аймактарга үлгү болушу керек. Кылмыштуулукту шаарда төмөндөтүү зарыл”, - деди Жумаков.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына караганда, соңку алты ай ичинде 137 кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилген. Алардын 63ү жетекчилик кызматта иштегендер.

Ички иштер министрлиги 28-июлда жарым жылдык ишин жыйынтыктаган коллегияда министр Улан Ниязбеков “Тартиптик уставга” өзгөртүүлөр киргизилип жатканын билдирген. Анда милдетин так аткарбаган, кемчилик кетирген милиция башчыларынын, кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо тартиби өзгөрөрүн айткан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG