Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Макмалга кызыккан кытай компаниялары


Макмал кени.
Макмал кени.

Макмалда биргелешкен ишкана түзүүгө кытайлык үч компаниядан арыз түштү.

Эми 22 кишиден турган комиссия беш күн ичинде ылайыктуу инвесторду тандап алышы керек. Кенди иштетүү боюнча бир катар талаптарды коюп келген бул аймак үчүн сынак кандай жыйынтыктарды берет?

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда жайгашкан «Макмалалтын» комбинатынын филиалынын базасында биргелешкен ишкана түзүү боюнча сынакка үч компания катышып жатканы 14-декабрда инвесторлордон келген арыздарды кароо учурунда белгилүү болду.

Алар:

- «Мансон Груп» жоопкерчилиги чектелген коому. Компаниянын түзүүчүсү жана башчысы Сю Лин.

- «Шынкыйюан Фрунзе» жоопкерчилиги чектелген коому. Компанияны негиздеген Хюи Сяову, Лю Яжун.

- Борбор Азиялык "Металлком” жоопкерчилиги чектелген коому. Негиздөөчүсү Ли Юн Тин.

Баштапкы маалыматтарга караганда, биринчи компания биргелешкен компания түзүү үчүн 75 млн. доллар, экинчиси 34 млн., үчүнчүсү 69 млн. доллар сала турганын билдирген. Мындан сырткары, ар бир компания сынакка катышуу үчүн кепилдик төлөм катары 100 миң доллар, долбоор боюнча маалыматтар пакети үчүн 100 миң сом которгон.

Эми 22 кишиден турган комиссия беш күн ичинде ылайыктуу инвесторду тандап алышы керек. Алардын арасында Тогуз-Торонун акими, айыл башчылары, жергиликтүү тургундар шайлаган беш делегат да бар.

Комиссиянын катчысы Азамат Назарбаев инвесторго коюлган шарттарды жана биргелешкен ишкана жасай турган иштерди атап өттү:

Азамат Назарбаев.
Азамат Назарбаев.

- Макмалда бир канча долбоор бар. Ошолорго жана Кылдоо деген кен чыккан жерлерде чалгындоо иштерин жүргүзүш керек. Эски алтын чыккан фабриканы модернизациялап же жаңы фабрика курулууга тийиш. Жергиликтүү калк менен социалдык-экономикалык жактан өнүгө тургандай Тогуз-Торо районунун акимчилиги менен келишим түзүш керек. Экология жактан алганда заманбап, жаңы технологияларды колдонуу зарыл. Мындан сырткары жылдык түшкөн пайдасынын 1% Тогуз-Торо районунун өнүгүү фондуна которулушу абзел.

Сынактын шартына ылайык, жеңүүчү аныкталгандан кийин бир ай ичинде “Кыргызалтын” менен инвестор биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимге кол коюшу керек. "Кыргызалтын" бул долбоорду болжол менен 10 жылга эсептеп жатат. Анын так мөөнөтү сынакта утуп чыккан компания менен түзүлгөн келишимде белгилүү болот.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кенди иштетүү үчүн сынак бир ай мурда жарыяланган. Анын алдында өкмөт тиешелүү жетекчилерге Макмал кениндеги өндүрүштү ишке киргизүүнү тапшырган болчу.

Тогуз-Торо районунун акими Айбек Кожошев инвестор мыйзамдуу тандалап алынса жана көрсөтүлгөн шарттар аткарылса, жергиликтүү тургундар өндүрүштү калыбына келтирүүгө умтуларын айтты:

Айбек Кожошев.
Айбек Кожошев.

- Экологияга тийгизген таасири, анда химиялык заттарды колдонуу боюнча инвесторлорго сурообуз бар. Жумуш орундарын түзүп, камсыз кылып бериши керек. 1-сентябрдан бери Макмал алтын кенинде иш токтогонуна байланыштуу 730 киши жумушсуз калды.

Маалыматка караганда, болжол менен Макмалдын аймагында 14 тонна, Кылдоо кенинде алты тонна алтын бар.

Буга чейин комбинаттын аймагында кытайлык "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар жыл башынан бери бир нече жолу митинг өткөрүшкөн.

11-апрелдеги нааразылык акциясында ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөн. Окуя боюнча Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык" жана "Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу" беренелери менен кылмыш ишин козгоп, бир нече кишиге айып коюлган. Компаниянын иши августтан бери токтоп турат.

Сынакка катышкан инвесторлор.
Сынакка катышкан инвесторлор.

Кен боюнча эксперт Кубан Ашыркулов биргелешкен компания түзүү же акциянын бир бөлүгүн чет элдик инвесторго берүү тууралуу, “жергиликтүү эл өзү акционер болсун” деген сунуштар буга чейин эле айтылып келгенин эске салды. Ал калк менен тыгыз иштешмейин буга чейинки көрүнүштөр кайталана бериши ыктымал деп эсептейт.

- Эл аралык тажрыйбада, ошол эле Монголияда жана башка тоо-кен тармагы өнүккөн мамлекеттерде ушундай жакшы көрүнүштөр болгон, - деди адис. - Мамлекет өзүнө 50 же 51% акцияга ээ болуп, эң негизгиси – маселени чече турган мүмкүнчүлүгү болгон. Ошол жагынан алганда туура болсо керек деп ойлойм. Бирок бул жерде инвестор өзүнүн акчасын салат, ал эми мамлекет эмнеси менен кирет? Кандайдыр бир салым кошушу керек да? Ошол эле учурда көзөмөл толугу менен өкмөттө болушу керек.

25 миңдей адам жашаган Тогуз-Торо районунун бюджетинин дээрлик 95 пайызын "Макмал" алтын комбинаты толтурат. Ушул тапта комиссия инвесторлордун сунуштары менен таанышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG