Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

ЖЭБ соту: Айыпталуучулар жүйөсүн айтышты


Сот процессинен тартылган сүрөттөрдүн бири.
Сот процессинен тартылган сүрөттөрдүн бири.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук ишти кароо уланып жатат.

Прокурорлор ЖЭБдеги коррупция боюнча ишке байланыштуу Сапар Исаковду 15 жылга, Айбек Калиевди 17 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду, Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга, Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранып жатышат. Айыптоочулар Осмонбек Артыкбаевге 100 миллион сом айып пул салууну өтүнүшкөн.

3-декабрда жараянда айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жарыш сөзгө чыгып, судьядан аны жана бул иште шек саналып жаткан бардык адамдарды бошотууну суранды.

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

- Бул иште кылмыштын курамы жок болгондуктан мени гана эмес, бардык айыпталуучуларды да бошотууну суранам. Болбоду дегенде мени камап, калганын чыгаргыла. Анткени негизги максат мени камоо. Мени камаш үчүн башкаларды да камакка алышты. Андан тышкары автоунаамды калтырып коюуну өтүнөм. Себеби менин төрт кызым бар. Жубайым аларды бала бакчага ташыйт. Машине болбосо үй-бүлөм кыйналып калат, - деди Исаков.

Ал эми 4-декабрда жараянда айыпталуучулардын бири, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев жарыш сөзгө чыкты. Ал тергөөнүн жана мамлекеттик айыптоонун ага койгон бардык айыптарын четке кагып, шек саналгандарга сот өкүмү чыга электе эле коомчулукка кылмышкер кылып көрсөтүү аракети болуп жатканын айтты.

Айбек Калиев.
Айбек Калиев.

- Бизди кылмышкер кылып көрсөтүп, элдин башын айлантышты. Башыбыздан ылдый жугунду куюп, эмне гана кылышкан жок? Соттун өкүмү чыга электе эле мамлекеттик каналдар өкүм чыгарып коюшту. Мага 17 жыл, аягына 11 жыл берди. Кылмыш 40 жылда билинет. Бүгүн болуп жаткан нерсенин баары тең кылмыш, - деди Калиев.

Буга чейин мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин туугандары Кытайдын насыясын жабыш үчүн мамлекеттин эсебине 100 млн. сом акча которгону сотто белгилүү болгон. Анын адвокаты Асел Рысбаева бул акчаны которуу насыяны төлөөгө көмөктөшүү экенин айтып, аны айыпты моюнга алуу катары кароого мүмкүн эмес экенин айкан.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Мурдагы эки премьер-министр, энергетиктер жана мурдагы финансы министри болуп баш-аягы сегиз мурдагы аткаминер «Коррупцияга» айыпталып жатат. Бул иш сотто ушул жылдын февраль айынан тарта карала баштаган. Айыпталуучулар коюлган айыпты толугу менен четке кагып келатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG