Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:23

Вьетнамда тайфун коркунучунан улам аэропорттор, коомдук жайлар жабылды, миңдеген киши эвакуацияланды


Тайфундун каардуу толкуну Вьетнамдын түндүк-чыгыш жээктерине чукулдап калды. 25-август, 2025-жыл.
Тайфундун каардуу толкуну Вьетнамдын түндүк-чыгыш жээктерине чукулдап калды. 25-август, 2025-жыл.

Жекшембиде Кытайдын түштүгүндөгү Хайнань аралын каптап өткөн Kajiki тайфуну эми андан ары күчтөнүп, Вьетнамдын түндүк-чыгыш тарабындагы аймактарга жетип калды. Ханой шаарынан 166 км түштүк тарапта жайгашкан борбордук региондорго 25-августта түштөн кийин саатына 165 км ылдамдыкта чукулдаган куюндуу шамал катуу жамгыр, суу ташкыны, жер көчкүсүнө айланышы мүмкүн деп эскерткен Вьетнамдын бийликтери 587 миңдей адамды башка жактарга көчүрүп, аэропорт, мектеп, башка коомдук жайлардын баарын жабышты. 300 миңдей аскер адамдары тайфундун кесепеттерин жоюуга тартылды.

Вьетнамдын Метеорологиялык борбору өлкөнүн далай региондорунда деңиз деңгээли 1,5 метрден 3,5 метрге чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин, кыйроо, жоготуулар олуттуу болот деп күтүлүп жатканын билдиришти. Кытайдын Метеорологиялык борбору Каики тайфуну Вьетнам, Лаос, Таиланддын бир далай региондорунда тынбай жааган жамгырга айланаарын, куюндуу шамал шейшембинин таңында бир аз жайлайт деп болжолдонуп жатканын маалымдады.

Шерине

XS
SM
MD
LG