Жекшембиде Орусия менен Украина "146х146" форматында туткундарбы айырбаштады, жараянга Бириккен Араб Эмираттары ортомчулук кылып, байкоо салып турду.
Ага кошумча тараптар армияга тиешеси жок жай тургундарды да алмашышты. Орусиянын Акыйкатчысы Татьяна Москалькова билдиргендей, украин тарап Курск облусунун сегиз тургунун өткөрүп берди. Алар ушул жылдын февраль айында туткундалган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский туткундарды айырбаштоо болгонун ырастап, Киевге орус армиясы кармап кеткен украин журналисти Дмитрий Хилюк, Херсон шаарынын мурдагы мэри Владимир Николаенко кайтып келгенин маалымдады. Бул экөө орус армиясы тарабынан 2022-жылы туткундалган.
Шерине