Украинанын Коргоо министрлиги атайын даярдыктагы бөлүктөр 25-августта Донецк облусундагы Новомихайловка айылын орус аскерлеринен бошотуп алганын билдирди. Анын алдында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский ушул эле облустагы Михайловка, Зеленый Гай, Владимировка айылдарынан орус армиясы сүрүлүп чыгарылганын кабарлаган.
Орусиянын коргоо министрлиги 25-августка караган түнү украин армиясынын 104 дрону чабуул койгонун, 76сы асманда жок кылынганын, 15 жерде учкучсуз аппараттын сыныктары ар кандай зыян келтиргенин кабарлаган.
Киевге дүйшөмбү күнү Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стёре жана Германиянын вице-канцлери, каржы министри Ларс Клингбайль иш сапары менен барышты. Норвегиянын премьери өз өлкөсүнүн атынан украин элине колдоо билдирсе, немец министри "Германия Украинага ар тараптан жардам көргөзүү жагынан дүйнөдө экинчи орунда, Европада биринчи орунда тураарын" белгилей кетти.
Шерине