Мамлекеттик Думанын Эмгек, социалдык саясат жана ардагерлер боюнча комитетинин төрагасы Ярослав Нилов медициналык мекемелерди полиси жок мигранттардын дарыланганы тууралуу маалыматты Ички иштер министрлиги менен бөлүшүүгө милдеттендирген мыйзам долбоор демилгеледи. Документ негизинен тез жардам менен жеткирилип, ооруканада бекер дарыланган мигранттарга тийиштүү.
Азыркы мыйзамдар боюнча, Орусияда медициналык мекемелер кардарлардын дарыланганы тууралуу маалыматты жашыруун сакташы керек. Жаңы мыйзам долбоор кабыл алынып калса, бул норма Орусия жарандары жана медициналык камсыздандыруу полиси бар мигранттарга гана жайылтылат. Андай полиси жок мигранттар дарыланып калса, дарыгерлер маалыматты Ички иштер министрлигине кабарлап коюшу керек жана кардарларга аны билдирүүгө милдеттүү эмес.
Долбоордун тиркемесинде жазылгандай, жаңы мыйзам Орусияда жүргөн мыйзамсыз мигранттарды аныктоого жардам берет. Документтин авторлору мыйзам боюнча медициналык полиси жок мигранттар Орусияга кирүүгө укугу жок экенин белгилешкен.
Жакында Мамлекеттик Дума кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, Орусиядагы билим берүү жайлары Ички иштер министрлигине аларда окуп жаткан мигранттардын балдары тууралуу маалымат берип турушу керек. Эксперттер бул аракет - Орусияда жашап жаткан мыйзамсыз мигранттарды аныктоо, дарегин тактоо жана көзөмөлгө алууга жардам берет деп эсептешет.
Шерине