Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:58

Равшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча агенттикке кайра директор болду


Равшанбек Сабиров.
Равшанбек Сабиров.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулуп, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.

Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп бекитилди. Эми анын талапкерлериги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Равшанбек Сабиров 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынан парламентке депутат болуп шайланган. Көп өтпөй бул партиянын сунушу менен социалдык өнүктүрүү министри болгон. 2012-жылы ал чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүүдөгү коррупцияга шек саналып камакка алынган. Сот аны беш жылга кесип, абакта эки жыл жазасын өтөгөн соң мунапыс менен эркиндикке чыккан.

2020-жылы бийликтин алмашуусуна алып келген Октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун командасы менен бирге бийликке келген Равшан Сабировдун соттуулугу жоюлуп, президенттин кеңешчиси жана вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган. Ал президенттин кеңешчиси болуп турганда Ысык-Көлдүн жээгине курулары айтылган “Асман” шаары боюнча иш алып барган.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2022-жылы март айында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кызматына келип, ошол эле жылдын сентябрь айында кызматтан кеткен. 2024-жылдын декабрь айында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG