Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн түйшүгү көппү?


Түркия -- Түрк тилдүү өлкө башчыларынын 10-саммити. Стамбул, 16-сентябрь, 2010.
Түркия -- Түрк тилдүү өлкө башчыларынын 10-саммити. Стамбул, 16-сентябрь, 2010.

Кыргызстан түрк тилдүү мамлекеттердин саммитин өткөрүүгө камданууда. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жемиштүү кызматташуусу мүмкүнбү?

Анын алдында бул өлкөлөрдүн экономика министрлери 13-14-августта Азербайжанда чогулуп, өз ара кызматташууларды өнүктүрүү маселесин талкуулашууда.

Түрк тилдүү мамлекеттердин президенттеринин саммити СССР урагандан кийин уюштурула баштаган. Алгачкы жыйын 1992-жылы өткөрүлгөн. Андан кийин саммиттер уланып, бирок Өзбекстан сыяктуу таасирлүү мамлекет аларга катышпай калды. Буга карабай түрк тилдүү мамлекеттер маданият, билим берүү багытында кызматташуу уюмдарын түзүп, тынымсыз жолугушууларды өткөрүп келет.

Эми экономика жана инвестиция багытында кызматташууларды жандантуу үчүн жогорку жетекчилер деңгээлинде кызматташуу кеңеши түзүлүп, ал кеңештин биринчи саммити өткөн жылы октябрь айында Казакстанда өткөрүлгөн.

Кезек боюнча экинчи саммит 23-августта Бишкекте өткөрүлөт. Бул саммитке даярдык көрүү үчүн түрк тилдүү мамлекеттердин экономика министрлеринин жыйыны 13-августта Бакуда башталды. Ага катышып жаткан Кыргызстандын экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев жыйындын максаты саммитке даярдык көрүү экенин билдирди:

- Соода-сатыкта, транспорт-коммуникация жана инвестиция, ошонун ичинде маданий багыттагы маселелерди талкуулап, мамлекет башчыларга сунуштарды даярдайбыз. Андан сырткары жаңы пландарды түзөбүз.

Сариевдин айтымында, бул саммиттердин башкы максаты түрк мамлекеттеринин ортосундагы байланышты чыңоо. Ал аракет акырындап өзүнүн жыйынтыгын берет.

Белгилүү болгондой, Алматы саммитине өз өлкөсүнүн чек арасындагы кандуу окуяга байланыштуу түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган келбей калып, Кыргызстан, Казакстан жана Азербайжан президенттери болгон. Ал эми Бишкек саммитине аталган өлкө башчыларынан сырткары Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун келери кабарланууда.

Маалыматка караганда, Бишкек саммитинде түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда интеграцияны тездетүү, экономика, илим, билим берүү багыттарында кызматташууларды өнүктүрүү негизги темалардан болмокчу.

Кыргызстан үчүн бул саммиттин эки жактуу мааниси бар. Бир жагынан мунай заттарына бай Түркмөнстан, Азербайжан жана Казакстан менен кызматташуу Кыргызстан үчүн маанилүү. Экинчи жактан, түрк мамлекеттеринин ириси - Түркия Кыргызстанга башка тараптар бербей калган жардамды берүүдө. Учурда кыргыз өкмөтү Түркиядан алынган 100 млн. доллар насыянын эсебинен бир катар долбоорлорду аткарып жатат.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов түрк тилдүү мамлекеттердин башчылары жыйырма жылдан бери саммиттерге чогулуп келген менен биригип кете алышкан жок деп эсептейт:

- Үч чоң маселе бар түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда. Бул эл аралык саясий маселелерде көз караштардын ар кандайлыгы. Экинчи жагынан, түрк тилдүү мамлекеттерде экономикалык кыйынчылыктар көп. Үчүнчүдөн, жалпы идеологиябыз окшошпойт. Ар бир мамлекет өз жолу менен баратат. Бириге турган бир да фактор жок. Маданият деп айтабыз, бирок маданият мына ушул үч нерсеге таянат.

Жекшенкуловдун айтымында, коопсуздук маселесинде да түрк тилдүү мамлекеттерде айырмачылык арбын. Бирок бул мамлекеттер экономикалык кыйынчылыктарын жеңип чыккандан кийин кызматташуулар өр ала баштайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG