Президенттин күтүүсүз тандоосу
Парламенттик көпчүлүктү түзүү укугу Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоодо ыдыраган мурдагы коалициялык үчилтиктин бири болгон “Республика” фракциясына берилди.
Президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров мамлекет башчысы Роза Отунбаеванын мындай чечими фракция башчылары менен болгон кеңешменин жыйынтыгы боюнча кабыл алынгандыгын кошумчалады:
- 3-декбарь күнү парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусунан кийин ошол эле күнү президент Роза Отунбаева бардык фракция башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Мына ошол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, фракция башчыларынын пикирлерин эске алуу менен жаңы парламенттик коалицияны түзүү жана андан соң өкмөттү куроо укугу “Республика” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабановго тапшырылды.
Президент Роза Отунбаева мындан мурун Социал-демократтар фракциясы парламенттик көпчүлүктү түзө албай калса, анда бул укук “Ата Мекен” партиясына өтө тургандыгын жарыялаган болчу.
Улагада калган убада
Бирок коомчулукка жарыяланган ал убаданын аткарылбай тургандыгы ачык айтылган жок. “Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Равшан Жээнбеков муну мамлекет башчысынын саясий көз карашынын туруксуздугу менен байланыштырды:
- Президенттин ар бир айткан сөзү ташка тамга баскандай болуш керек эле. Ал мындан эки апта мурун эле Социал-демократтар фракциясы коалицияны түзө албаса, анда мындай укукту “Ата Мекенге” берерин айткан болчу. Мамлекет башчысы ошол айткан сөзүн аткарышы керек болчу. Эгерде “Ата Мекендин” башчысы Өмүрбек Текебаевдин төрагалыкка өтпөй калгандыгы менен байланыштырса, анда бул жерде анын эч кандай тиешеси жок да. Маселе биздин коалицияга кирген фракциялардагы айрым адамдардын сатып кеткендигинен улам ушундай болбодубу. Анан ошон үчүн биздин партияга коалиция түзүү укугун бербей койгондугу президенттин сөзүнө тура албагандыгы жана көз карашынын туруктуу эмес экендигинен кабар берет.
Анткен менен “Акипресс” агенттигине берген жообунда "ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев мамлекет башчысы менен жолугушууда коалиция түзүү укугунан өздөрү баш тарткандыгын белгилеген.
Өмүрбек Текебаев өзүнүн орун басарынан айырмаланган бул багыттагы көз карашын “Азаттыкка” да тастыктады:
- Мен азыр эч нерсе айта албайм. Ошол “Акипресстеги” айтылган менин жообум туура. Мен башка сүйлөй албайм. Эми эмне кыласың, "ал айтты, бул айтты" деп. Менин “Акипресстеги” айткан жообума шилтеме келтире бергиле да. Болду, башка комментарий бере албайм.
Жылдыруу укугу жыдыган тарапта болбош керекпи?
Ошол эле учурда “Ата Мекен” партиясынын жетекчилиги парламенттик коалиция түзүү укугу мурдагы үчилтикке кирбеген фракциялардын бирине берилиши керек эле деп сындап чыгышты. Анткени Равшан Жээнбековдун айтымында, мурдагы коалициянын ыдырашына ага кирген үч фракция тең бирдей жооптуу:
- “Республикага” ал укукту берүүнүн логикасы жок болчу. Эми ал фракция мурда түзүлгөн коалицияга кирген да. Мына ошол коалицияга кирген фракциялардын бардыгы анын жыдышына күнөөлүү. Ошондуктан кайрадан ага коалиция түзүү укугун берүү максатка ылайыксыз болчу. Мына ошондуктан парламенттик көпчүлүктү түзүү укугу мына ошол коалицияга кирбеген фракцияларга берилиши керек эле.
Мындан мурун төраганы шайлоодо коалицияга кирген үч фракциядагы алтымыш жети депутаттын тогузу ага каршы добуш беришкен. Натыйжада парламенттеги башкаруучу көпчүлүк таркап кетүүгө аргасыз болду.
Ит жыгылыштардын кайталанышына кепилдик жок
Талдоочулар буга парламенттик көпчүлүк менен азчылыктын ортосундагы сандык айырмачылыктын көп эмес экендиги себеп болгондугун мисал келтиришти.
Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу жаңы коалиция түзүү укугун алган фракция өткөн өксүктөрдөн сабак алышы керек деп эсептейт:
- Мурдагы коалицияны түзүп жаткан фракциянын жетекчиси Алмаз Атамбаев айтпадыбы, биз 67 эмес, 58 экенбиз деп. Мына ошондуктан жаңы коалиция түзө турган “Республика” фракциясы да ошол жагдайды эске алышы керек. Канча партия коалицияга кошулса да, андагы депутаттар бир адамдай сүйлөйт деген ойдон алыс болуш керек. Ошондуктан коалиция эң кеминде төрт фракциядан түзүлсө, парламент төрагасынбы же өкмөт башчысыныбы, шайлоодо добуш берүүдө өзүндө мындай запас болот эле. Андай болбосо да бул коалиция алып чыккан талапкерлер көпчүлүк колдоого ээ болбой калышса, ал дагы кайрадан жыдышы мүмкүн.
Парламенттик көпчүлүктү түзүү жана өкмөттү куроо укугун алган “Республика” фракциясы мыйзам боюнча он беш күндүн ичинде аны жүзөгө ашырууга тийиш. Дагы бир жолку мындай аракеттен натыйжа чыкпаса, мамлекет башчысы парламентти таркатып, жаңы шайлоону дайындоого аргасыз болот.
"Азаттыктын" архивинен: Өмүрбек Текебаев төрага болбой калды
Парламент 2-декабрдагы отурумунда Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо өткөрүп, натыйжада жалгыз талапкер Өмүрбек Текебаев көпчүлүк добушка жетпей калды. Анын спикер болушуна макулдугун 58 депутат билдирген, 59 депутат каршы болгон. MiT