Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайлардагы шарттын начардыгы жана укук коргоо органдарынын кармалгандарга карата мамилеси өзгөрүүсүз кала берүүдө. Прокуратурага быйыл жыл башынан бери кыйноо фактысы боюнча 14 арыз келип түшкөн. Бул былтыркыдан көп экендиги айтылууда. Кыйноолордун алдын алуу максатында шаарда курулуп бүткөн тергөө изолятору да башка максатта иш баштары укук коргоочулардын тынчын алууда. Бул багыттагы теманы аймактык кабарчыбыз Руслан Калматов улантат.
Нарын облустук прокуратурасынын билдиришинче, акыркы эки жыл ичинде ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайында, тергөө учурунда милиция кызматкерлери сабады деп 26 арыз даттануу түшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында арызда көрсөтүлгөн дооматтар аныкталган жок деп, кылмыш иштери козголгон эмес. Ал эми айрым адистер кыйноого кабылгандар болуп эле жатканын белгилеп, прокуратура тыкыр иликтебей жатат деп айып тагышууда. Кененирээк Мирлан Кадыровдун макаласында.
Таластын экинчи топтогу майып тургуну иш берүүчүлөр майыптар жөнүндөгү мыйзамды аткарбай жатат деп укук коргоочуларга кайрылды. Жөндөмүнө жараша иштөөнү каалаган адамга аймактык кабарчыбыз Салика Сариева жолугуп, Кыргызстандагы майыптардын мыйзамдык укуктарын сураштырды.
Банкротко учураган Каракол шаарындагы спирт заводунун отуздай жумушчусу жети айлык маянасын ала электе ишсиз калды. Жумушчулар ишкана атайын банкротко учуратылды деп, маянасын өндүрө албай, кинени жетекчиликке коюп жатышат. Ишкананын убактылуу жетекчилиги мурдатан жыйылган маяна карыздар үчүн жоопкерчиликти алган жери жок. Кененирээк аймактагы кабарчыбыз Асеин Маданбеков кеп кылат.
Укук коргоочулар Кыргызстанда адам укуктарына, айрыкча аялдар менен балдардын укуктарына байланышкан мыйзам бузуулар дагы эле көп экендигин айтып жатышат. Акыйкатчы институту болсо кыйноолордун саны азайып, бирок жамаат менен арызданган жабырлануучулардын саны кескин өскөнүн билдирди. Кененирек кабарчыбыз Ыдырыс Исаков баяндайт.
Мамлекеттик органдарга арыз менен кайрылган жарандар көппү же азбы? Арыз-даттанууларды көзөмөлдөө, канааттандыруу иши жолго кандай коюлган? Мыйзам боюнча бир арызга 14 күндүн ичинде жооп берүү керек болсо Кыргызстанда эмнеге айлап-жылдап арыздар жоопсуз калууда жана мунун кесепети митинг, демонстрацияларга алып келеби? Суроолорго Бактыгүл Чыныбаева жооп издеп көрдү.