Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Жалал-Абад: мунай базаны өрт чалды


Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы мунайды кайра иштетүүчү ишканада чыккан өрт өчүрүлдү. Коопсуз жакка көчүрүлгөн тургундар үйлөрүнө кайта баштады.

Ишканадагы өрттү өчүрүүгө жалпы он бөлүм, эки автошаты тартылган.

Мындан тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан үч суу ташуучу автоунаа, Жалал-Абад шаарындагы аэропорттон эки өрт өчүрүүчү автоунаа, Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ишканасынан өрт өчүрүүчү автоунаа “тилсиз жоо” менен күрөшкө жардам көрсөтүшкөн.

Министрликтин басма сөз кызматкери Элмира Шерипова эмне үчүн тик учак колдонулбаганын мындайча түшүндүрдү.

«​Жалындаган өрттү көбүк менен гана өчүрүүгө болот. Ал эми суу ташыган машинелер менен жанындагы мунай сакталган бункерлерди ысык жалындан муздатып жатабыз. Оштон да кошумча күч тартылды. Жергиликтүү тургундар “тик учак колдонгула” деп жатышат. Бирок күйүүчү май же мунайдан чыккан өрттү көбүк менен гана өчүрүүгө болот. Ал эми тик учактар суу ташууга гана ылайыкталган. Министр Нурболот Мирзахмедов биздин кризистик борбор аркылуу онлайн байланышып, өрттү жеке көзөмөлүнө алды».

10-майда саат 10дор чамасында чыккан өрттүн кесепетинен азыр үч бункердеги 5 миң кубга жакын мазут күйүп жатканы кабарланды.

Живпром жаңы конушунун айыл башчысы Нуржигит Бекмырзаев башка күйүүчү май сактоочу бункерлерде жарылуу коркунучу бар болгондуктан эки миңге чукул тургундар коопсуз жакка чыгарылганын айтты.

«​Бул көчөнүн эки тарабы Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына карайт. Ал эми өрт болуп жаткан ишканага жакын калктуу конуш шаар аймагына карайт. Учурда бардык тургундарды коопсуз жакка чыгардык. Баарына эскертүү берилди».

Чынара Доронованын үйү өрт чыккан аймактан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Жергиликтүү тургундар заводдун ишин токтотуу өтүнүчү менен буга чейин бир нече жолу шаар бийлигине кайрылышкан экен.

«​Эртең менен квартал башчылары “алыс жакка кеткиле” деп айтты. Бирок жолдошум экөөбүз алыстан эле кара түтүндү карап коюп отурабыз. Бул жердин жашоочулары буга чейин бир нече жолу шаар бийлигине мунай иштетүүчү ишканалар боюнча кайрылышкан. Эртең менен газ жыттанып турат. 2010-жылы жер тилке сатып алып, үй салганбыз. Эми өкүнүп жатабыз».

Облустук ооруканадан “Азаттыкка” билдиришкендей, Сузак районунун 24 жаштагы тургуну денесинин 50% күйүп, облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү. Анын абалы оор. Экинчи өрт өчүрүүчүнүн бети күйүп ооруканага жеткирилген.

Жабыркагандардын бири.
Жабыркагандардын бири.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Нурдин Эрматов ар кандай кырдаалдарга даяр турушканын айтты.

«​Адамдарга ыкчам жардам берүү үчүн Жалал-Абад облустук ооруканада, Сузак райондук аймактык жана Октябрь аймактык ооруканаларында 30 орун даярдалды. Ал эми өрт чыккан жерде эки реанимобиль жана эки “Тез жардам” унаасы, төрт бригада даярдыкта турат. Техникалар да тартылган. Буга чейин эки адам ооруканага жеткирилип, тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө. Андан башка жабыркагандар жок».

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Сузак райондук жана Жалал-Абад шаардык аймак аралык башкармалыгы тараткан маалыматта соңку учурда шаарда аба булганып жатканы айтылган. Ага шаарга кирип жаткан машинелердин көптүгү жана мунайды кайра иштетүүчү заводдордун иши таасирин тийгизүүдө.

Мындан улам башкармалык тийиштүү кызматтарга шаар аймагында мунай иштетүүчү заводдордун жана күйүүчү май сатуучу бекеттердин курулушуна чектөө киргизүүнү сунуштаган.

Өрттүн себептери жана келтирилген чыгымдар так маалымдала элек.

Шаардын бул аймагы өнөр жай тармагы болуп саналат жана беш нефтебаза жайгашкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG