Бир кезде Бишкектин эң чети деп эсептелген, азыр дээрлик борбордук бөлүгү болуп калган жерде жайгашкан бул эскилиги жеткен имарат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №21 мекемеси деп аталат. Бул расмий аталышы.
Ал эми эл оозунда айтылып жүргөн аталышы Тергөө изолятору-1 (СИЗО-1), анткени ал өлкө боюнча кылмышка шектүүлөр кармалуучу негизги, биринчи мекеме. Имарат 1943-жылы курулган.
Бүгүнкү күндө ал жерде соттун чечимин, өкүмүн же колонияга которулуусун күтүп жаткан 1514 кишинин арасынан 129у аялдар.
Өткөн аптада бул тергөө изоляторуна өлкөнүн акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева барып, аялдардын дээрлик баары менен жүз көрүшүп, эмне жардам керек экенин сураштырды. Айтымында, көпчүлүгү абак кызматкерлеринин мамилесине даттанышты, 12 аял омбудсмендин өзү менен жеке сүйлөшүүнү өтүндү:
"15-декабрда мен өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын негизинде биринчи тергөө абагындагы абал менен таанышайын деп барганымда ал жерде 129 аял бар экен. 129 аял 19 камерада кармалып туруптур. Ошо камералардын ар бирин аралап, баары менен сүйлөштүм. 12 аял мени менен жеке сүйлөшүү ниетин билдирди. Мага арызданган аялдар абактын кызматкерлеринин ар кандай коркутуп-үркүтүүсүнө, басмырлоо аракетине кабылганын айтып беришти. Медициналык кароого муктаж аялдардан да арыз түштү. Аялдарды басмырлап жатат деген факт боюнча ошол эле күнү талаптар аткарылды десем болот", - деп Жаманбаева 22-декабрда "Азаттыкка" айтып берди.
Акыйкатчы мындай кайрылууларга өз убагында реакция кылуу маанилүү экенин кошумчалады.
Жыл башынан бери омбудсмендин дарегине СИЗО-1ден 71 арыз келсе, анын 20дан ашыгы аялдардан түшкөн.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы аталган жайга акыйкатчы барып кеткенден кийин өз маалыматын жарыялаган жана эч кандай мыйзам бузуу фактылары аныкталбаганын билдирген.
Мекеменин расмий сайтына чыккан маалыматта аялдарга карата абак кызматкерлеринин коркутуп-үркүтүүсү, орой мамилеси, медициналык жардам көрсөтпөй, жакындары менен жолуктурбай жатканы тууралуу айткандары негизсиз экени белгиленген:
"Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына так ылайык, жогору турган органдардын жана прокуратуралык көзөмөлдүн алдында жүргүзөт. ЖАМКтын органдарынын жана мекемелеринин кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине жогору турган органдарга, прокуратурага же сотко даттанууга болот. ЖАМК соттолгондордун жана камакта кармалган адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо мекеменин негизги приоритети экенин белгилейт жана алардын укуктарынын, анын ичинде медициналык жардам алууга болгон укугунун камсыздалышына кепилдик берет".
Акыйкатчы тергөө абагында чет элдик жарандар да кармалып турганын айтып, алардын жакындары менен байланыша албай жатканын билдирди.
Укук коргоочулар арасында акыйкатчынын СИЗО-1деги абал тууралуу маалыматы менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жообундагы дал келбестик сын жаратууда.
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына бул тууралуу пост жазып, ЖАМК аялдар акыйкатчыга арызданып, ал эми өзүлөрү текшергенде эч нерсе айтпай койгонунун себеби эмнеде болуп жатканын анализдеп көрсө туура болмогун белгиледи. Ал өз үйүн өзү текшергенде, албетте, кынтык табылбайт деген оюн ортого салды.
Укук коргоочу Абдирасулова абактар жабык жай экенин, мурда укук коргоочулар менен бирге мониторинг жүргүзүлүп турганын, азыр андай токтогонун, эгер ЖАМК жалгыз өзү эмес, психолог, юрист адистер жана укук коргоочулар менен бирге текшерсе андан да көп көйгөйлөр ачыкка чыгарын айтты.
Кыргызстандын дагы бир белгилүү укук коргоочусу Рита Карасартова өзү "Кемпир-Абад ишине" байланыштуу абакка эки жолу түшкөн. "Азаттыкка" курган маегинде ал убактылуу кармоо жайларында, жабык мекемелерде кызматкерлер мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды аткарбай турганын айтып берди:
"Адам укугунун бузулушу, кыйноо деп мыйзамга туура келбеген иштерди бааласак болот. Жаза аткаруудагы эрежелер мындан дээрлик 20 жыл мурда кабыл алынган, 2006-жылы 30-августта. Мамлекеттик кызматкерлер үчүн бул эрежелер мыйзам, аларды аткарышы керек. Ошол жерде биздин укук алардын милдети деп жазылып турат. Тергөө абагында кармалабы, колониядабы, ар бир жаран жумасына 15 мүнөт жакындары менен сүйлөшүп алуу укугу бар. Бирок аны эч жерге жазып коюшпайт. Мен биринчи отурганда ар кайсыны айтып жатышып сегиз ай өтүп кетти. Экинчи жолу барганымда мен так билдим, кандай аракет кылыш керек экенин. Беш ай менин арызыма жооп беришкен жок. Мага, укук коргоочу катары, ошондой мамиле жасашкандан кийин башкаларды, элестеткиле... Алар ошондой укугу бар экенин да, жада калса, билбей калышат. Кийин карасам, ЖАМК башчысынын орун басары депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып биздеги бардык мекемелерде телефон аркылуу сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бар деп жооп бериптир".
"Азаттык" тергөө абактарындагы жагдайды жакындан билген Перизат Суранова менен да байланышты. Ал да "Кемпир-Абад" ишине байланыштуу кармалып, изолятордо отурган, бөгөт чарасы ден соолугуна байланыштуу өзгөртүлүп, абактан бошотулган.
Ал жабык жайлардагы санитардык абалды, кызматкерлердин басым-кысымын башынан өткөргөнүн эстеп, мындай абал күчөй берет деген ою менен бөлүштү. Кыйноолорго каршы борбор сыяктуу көз каранды эмес мекеме жабылгандан кийин эми жабык жайлардагы көп фактылар ачыкка чыкпай каларын айтты:
"Мисалы, менин башыман өткөн нерсени айта турган болсом, көбүнчө медициналык жардам алуума байланыштуу болгон. Абактын медициналык-санитардык бөлүгүндө иштеген кызматкерлер адамдык кадыр-баркка шек келтирген, кемсинткен мисалдар көп болду. Муну мен башымдан өткөн киши катары айта алам. Негизи абактагы шарттардын өзү эле адамдык касиетке шек келтирет, себеби 20 чарчы метр жерде ачык, тосулбаган ажаткана да, тамак-аш жасай турган жер да бар, ал да ачык, тосулган эмес. Тамак-ашты сактоого да шарт түзүлгөн эмес. Кыйноолорго каршы борбор жабылганы мына ушул маселеге терс таасирин тийгизүүдө, анткени адам укугун коргоо жана көз каранды эмес текшерүү бул системада өтө маанилүү".
Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун жабык мекемелерде адам укугу тебеленген көрүнүштөр мурдатан бар экенин айтып, бул көйгөйдөн улам акыйкатчы ал жактарга тынбай барып турушу керектигин, саясий укугу бузулган жарандардын маселесине да көңүл бурушу зарыл экенин белгиледи:
"Колонияларда, СИЗОдо , бардык жабык жайларда адам укугу тебеленип келе жатат. Ал жерде уруп сабоо, коркутуу деген болот, муну биз, укук коргоочулар, айтып эле келе жатабыз. Акыйкатчы деген күндө барыш керек. Алардын ишин коомчулукка чыгаруу зарыл. Канчалаган адамдардын саясий укуктары тебеленип жатат, а акыйкатчынын үнү чыкпайт".
Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Жаманбаева СИЗО-1ге барганда анын орун басары Жаныбек Жоробаев абактын эркек жарандар кармалуучу жагында болду, мониторинг жүргүздү.
Маалыматта акыйкатчы институту жабык жайлардагы жарандар менен жолугушууларын улантары белгиленди.
Кыргызстанда жаза аткаруу түзүмүндө 27 мекеме бар, алардын он бири түзөтүү колониясы, ону жатак абак, алтоо тергөө изолятору. Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайлары жана Саламаттык сактоо министрлигинин психиатриялык дарылоо мекемелери да жабык жайлар деп эсептелет.
Кыйноолорго каршы борбор ( расмий аталышы Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбор) деген мекеме Кыргызстанда көптөгөн талаш-талкуудан кийин 2012-жылы түзүлгөн. Аны түзүү Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы конвенциясынын талаптарын аткаруу боюнча милдеттенмеси болгон.
Быйыл 3-октябрда "Акыйкатчы жөнүндө" конституциялык мыйзамдын күчүнө кириши менен бул улуттук борбор ишин токтоткон. Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында борборду жоюп, анын иш милдетин акыйкатчы мекемесинин курамына киргизүү мыйзамын кабыл алган.
Расмий маалыматка ылайык, улуттук борбор түзүлгөндөн бери анын кызматкерлери 17 миңден ашык ирет Кыргызстандагы жабык жайларга барып, кыйноо, катаал мамиле жана начар шарттар боюнча 2000ден ашуун арыз кабыл алган. 700гө жакын сунуш берилип, анын 60% аткарылган.
Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, жарандык коомдун өкүлдөрү тынчсыздануусун билдирип, кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду өз алдынча мекеме катары калтыруу сунушун беришкен.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк улуттук борбордун жоюлушуна камтамачылыгын билдирип, бул кыйноолорду болтурбоо жаатында артка ташталган кадам экенин белгилеген.
Шерине