Баткен облустук ички иштер башкармалыгы балдарына алимент төлөбөй качып жүргөн Кадамжай районунун тургуну кармалганын билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, Ак-Турпак айылынын 35 жаштагы жашоочусунун алимент карызы жарым миллион сомго жакындаган, тактап айтканда, ал 474 856 сом төлөбөй жүргөн.
"Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде Т.Э. Кызыл-Кыя шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Шектүүгө карата тиешелүү тергөө амалдары уланып жатат",-деп жазылган маалыматта.
Ушул жылдын март айында Сот департаментинин адиси Азамат Курманбеков "Азаттыкка" ажырашкандан кийин балдарына алимент төлөбөй жүргөндөрдүн жалпы саны 60 миңге жакын экенин билдирген. Алардын ичинен 1400дөн ашуун адамга алимент төлөбөгөнү үчүн издөө жарыяланганын маалымдаган. Анда алименттен карызы 300-400 миң сомго чыгып кеткендери дагы бар экенин айткан.
Сот департаментинин маалыматына ылайык, 59 миңден ашык иш ачык турат. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөйт.
Жогорку Кеңеш соңку учурда алимент төлөбөгөндөрдүн жоопкерчилигин кароону сунуштап келет. Былтыр парламентте алименттен качкандарга жазаны катаалдатуу мыйзамын комитет колдогон.
Шерине