Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:39

Москвадагы жардырууда эки полиция кызматкери набыт болду


Москвадагы полиция кызматкерлеринин өмүрүн алган жардыруу болгон аймак.
Москвадагы полиция кызматкерлеринин өмүрүн алган жардыруу болгон аймак.

Москвада болгон жардырууда эки полиция кызматкери жана дагы бир адам каза тапты. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Тергөөнүн маалыматтарына ылайык, 24-декабрга караган түнү Москва шаарындагы Елецкая көчөсүндө жол кайгуул кызматынын эки кызматкери полициянын автоунаасынын жанында шектүү адамды байкашкан. Аны кармоо үчүн жакындашкан учурда жардыруу болгон. Алынган жарааттардан улам эки полиция кызматкери, ошондой эле алардын жанында турган адам окуя болгон жерден мерт болушкан.

Күч түзүмдөрүнө жакын 112 Телеграм каналы жазгандай, белгисиз адам "полициянын автоунаасына чуркап келип, ичине баштык ыргыткан". Ал эми жергиликтүү тургун Shot басылмасына жардырууга чейин полициянын машинесинин айланасында беткап жана капюшон кийген шектүү адам айланып жүргөнүн айткан.

Каза болгон полиция кызматкерлери 24 жаштагы Илья Климанов жана 25 жаштагы Максим Горбунов. "Осторожно, новости" каналынын маалыматына караганда, үчүнчүсү болжол менен жардырууну уюштурган адам болушу мүмкүн.

"112" каналы билдиргендей, ал адамды "Госуслугидеги" аккаунтун бузуп беребиз деген шылтоо менен алдашкан. Кылмышкерлер аны Иваново облусунан Москвага келип, полиция кызматкерлеринин унаасынын астына жардыруучу зат коюуга көндүрүшкөнү айтылат.

"Агентство" тактагандай, жарылуу болгон жер полиция бөлүмүнө жакын жана 22-декабрда Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын ыкчам даярдык башкармалыгынын жетекчиси, генерал-лейтенант Фанил Сарваров жардырылган аймактан 300 метр алыстыкта жайгашкан.

Жарылуу жана полиция кызматкерлеринин өлүмүнө байланыштуу укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу жана жардыруучу заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Шерине

XS
SM
MD
LG