“Манас” эл аралык аэропортуна бүгүн эртең менен биз барган учурда коюу тумандан улам дагы деле каттамдар жандана элек экен. Күтүү залы жүргүнчүлөргө толгон. Бир эле учурда Бишкектен Алматыга, Стамбулга, Дубайга жана Москвага, Ташкент багыттарына учкан алты каттам убактылуу токтотулуптур.
Айрымдары кечээтен бери учпай турат деди жүргүнчүлөрдүн бири Нурила Маматова.
“Мен келгениме эки сутка болду. Тумандан деп жатышат. Учуп каларбыз деп турабыз. Бизге ысык чай, булочка беришти. Бир аз сабыр кылып турсак учуп каларбыз”.
Сабина Мадалбекова дагы кечээтен бери Москвага уча албай турган жүргүнчүлөрдүн бири. Ал Токтогул районунан келген. Аба бекетте эки баласы, жолдошу менен кете албай олтурушат.
“Биз түнү, саат 1де келгенбиз. Эртең менен сегизде учушубуз керек эле. Кийин билдирүү келип, түшкү саат 1де келгиле, төрттө учасыңар дешти. Бирок азыр деле качан учарыбыз белгисиз болуп турат. Балдарыбыз менен кыйналдык. Биз билет алган компания эртең менен тамак берген. Андан кийин тамак-ашты өзүбүз алып жеп жатабыз”.
Ички каттамдар дагы бир нече саатка кармалууда. Сааттап аба бекеттин ичинде тумандын арылышын күтүп олтургандан тажап, кайра билетин тапшырууга аракет жасагандар дагы бар. Ошко жөнөгөн Айсара апа компаниялар билетинин акчасын кайтарып берсе деп турат.
“Саат он бирде учуп кетишибиз керек эле. Үйгө кетейин десем билетти алмаштырып беришпейт, үшүп да кеттим. Эртең менен жетишпей калбайлы деп саат сегизде келгенбиз. Биз билетти алмаштырганга же акчасын кайтарып алуу үчүн аэропорттун ичиндеги кассага бардык. Кайсыл жерден билет алсаңар ошол жакка кайрылгыла деп жатат”.
“Манас” эл аралык аэропорту учурда аэропорттун учуп-конуу тилкелерине заманбап жабдыктар орнотулуп жатканын айтып, жаңы жылдын башынан тарта туманга байланыштуу каттамдарды токтотуу болбой турганын билдирип жатат. “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун инфраструктура жана өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов жагдайды мындайча түшүндүрүп берди:
“Бул туман азыр эле пайда болуп жаткан жок. Негизи “Манас” аэропорту саздак жерге курулуп калган. Бүгүнкү күндө туман учурунда учактарды кабыл ала турган жаңы жабдыктарды орнотуп жатабыз. Эгер жылдын аягына чейин бүтүрүп калсак, январь айынын жыйырмасында текшерүүдөн өткөрүп, андан ары бүгүнкүдөй туманда да чектөө киргизбей учуруп калабыз деп турабыз. Көрүү мүмкүнчүлүгү 1, 2, 3 категория деп бөлүнөт. Биз үчүнчү категорияга жетебиз”.
Учурда аэропорттун учуп-конуу тилкелериндеги асфальтоо иштери бүтүп, бийикте учуп келе жаткан учактын башкаруучуларына көрүнө турган атайын жабдыктар орнотулуп жатыптыр.
Тумандан улам каттамдар учпай калган учурлар Бишкек жана Ош аба майдандарында өзгөчө күз жана кыш мезгилдеринде көп катталат. 21-декабрдан бери бир нече каттам убактылуу токтотулду. Кечээ Москва-Бишкек каттамы “Манас» аэропортуна коно албай, Ысык-Көлдөгү “Тамчы” аэропортуна конгондо жаңжал чыкканы тартылган видеолор тараган.
Анда айрым жаалданган жүргүнчүлөр абалга нааразы болуп, компьютер өңдүү техниканы талкалап салганы айтылган. Аэропорттун жетекчилиги бул окуяга байланыштуу жергиликтүү милицияга кайрылган жана келтирилген зыянды төлөтүп алуу үчүн милицияга арыз жазганы белгилүү болду.
"Ошол жерде милиция кызматкерлери бар болчу. Күч кызматкерлери жаман сөздөрдү укту, кичине кол салып да жиберишти. Алар (милициялар) бейбаштык кылган жарандарды райондук милицияга алып барып, түшүнүк каттарын алып, сынган мүлктөрдү ордуна тургузуп бересиңер деп иш жүргүзүп жатышат. Мамлекеттин мүлкү сынып, иштен чыккандыгына байланыштуу биз да арыз жаздык кайра калыбына келтирип берсин деп",- деди Ысык-Көл аэропортунун жетекчиси Мурат Апышов.
Ал эми Стамбулдан Бишкекке учуп келген учак Өзбекстан башкалаасы Ташкентке конууга аргасыз болду. Тумандан улам чыккан маселени чечүүнүн жолдору соцтармактарда талкууланып жаткан кез.
Расмийлер заманбап жабдыктар орнотулса, тумандан улам жаралган убактылуу кыйынчылыктар болбойт деп ишендирүүдө.
“Манас” – Кыргызстандагы эң ири эл аралык аэропорт. Күнүгө 50гө жакын каттамдарды кабыл алат.
Шерине