"Милиция чакыргыла!"
Бишкек милициясы шаарда 23-декабрда болгон бул окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүдө. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди, анын бөгөт чарасы сотто каралат.
Шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев 24-декабрда журналисттерге маалымат берип, төмөнкүлөрдү билдирди:
"Булар соттон кийин жолугушкан. Үйдөгү ар бир жердеги камералардан көрүнүп тургандай, машина менен келип, үйгө чогуу киришкен. Күйөөсү улуу баласын кийинки кичи балдарды алып кел деп таенесиникине жиберип, экөө калган. Күйөөсү мас абалда болгон. Үйгө саат 20:30дарда киришкен, бизге чакыруу саат 21:00лерде түшкөн. Аял бир тууган сиңдисине “Биз урушуп жатабыз, милиция чакыргыла!” деп сиңдисине чалган. Биз 21:45те бардык. Барсак эшикти ачпай, биздин ыкчам кызматкерлер биринчи кабат болгондуктан терезе аркылуу кирген, ошентип, кылмышкер качканга жетишпей калган. 2019-жылга чейин ал бир катар облустарда милиция кызматында иштеп, пенсияга чыгып кеткен. Травматикалык пистолетке уруксаты бар экен”.
Милициянын 102 номуруна Бөкөнбаев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде адам киши колдуу болгону тууралуу маалымат 23-декабрда саат кечки тогузга жакын түшкөн. Окуя болгон жерге Свердлов райондук милициясынын ыкчам тергөө кызматкерлери барганда 48 жаштагы жаран 47 жаштагы мурдагы аялын «МР-79» тапанчасы менен атканын, аял ошол жерден көз жумганын аныктаган.
Ошол күнү алар сот аркылуу ажырашканы да белгилүү болгон.
Маркум аялдын үч баласы жетим калды.
Жалпыга маалымдоо каражаттарына шектүүнүн сүрөтү чыгып, кабар жарыялангандан кийин окуянын күбөлөрү, жубайлардын тааныштары өз уккан-билгенин социалдык түйүндөргө жаза башташты.
Маркум келин Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде иштегени, ошол күнү сот аркылуу күйөөсү менен ажырашканы айтылууда. Бул күнү ал 47 жашка толгону, соттук жараяндан кийин мурдагы күйөөсү жумушуна барып, машинеге күчтөп салып кетип, үйүнө алып барганы да маалымдалган.
"Күйөөсү тапанчасын чыгарып, 19 жаштагы улуу баласына инисин алып эшикке чыгууну талап кылыптыр. Балдар үйдөн чыгар замат аялына ок атыптыр", - деп жазды күбөлөрдүн бири.
Окуяга байланыштуу айтылып жаткан маалыматтарга караганда, жубайлардын ажырашуусуна көптөн берки үй-бүлөлүк зордук-зомбулук себеп болгон.
Милицияга алгач келиндин туугандары чалганы, аны мурдагы күйөөсү машинасы менен белгисиз бир жакка алып кеткенин, жанында куралы бар экенин айтышканы, ошондон кийин шектүүнү кармоо үчүн "Перехват" планы жарыяланганы айтылууда.
"Зөөкүрдөн ажырашып дагы кутула албай калды..."
Журналист Элизат Садыралиева Фейсбуктагы баракчасына маркум аял анын кошунасы болгонун жазды:
"Кызымды зөөкүрдөн коргой албай калдым" деп сыздаган эне. Мурдагы милиция кызматкери аялын атып өлтүргөн окуя биздин кошуна батирде болду. Энесинин, бир туугандарынын, айрыкча каза болгон келиндин балдарынын зыркырап, чаңырып ыйлаганын угуп, жаныңды коерго жер таппайсың. Байкуш келин бул зөөкүрдөн ажырашып дагы кутула албай калды. Акыры түбүнө жетти".
"Келсем тегерек-четтин баары эле милиция. Балам айтып калды Бакыт байке Жибек эжени атып салыптыр деп. Аябай бактылуу адамдай жашашчу эле, анан кандай болуп кетти, билбейм",-деди дагы бир кошунасы Нурбүбү Сагындыкова.
Маркум аял Бишкектеги Кыргыз экономикалык университетинде мугалим болуп иштечү.
"Кечээ ал кечки сегизге чейин окуу жайда болгон. Жибек Бакытовнанын туулган күнү экен эле. Кафедрадагы кесиптештер аны куттукташкан. Биз бул окуяны эртең мененки жыйында уктук. Мүнөзү оор басырыктуу, кичи пейил, адамгерчиликтүү мугалим болчу",- деди университеттин проректору Гүлмира Байтерекова.
Шектүү тууралуу айтылып жаткан маалыматтарга караганда, ал мурда Бишкектин жол коопсуздугун тескеген башкармалыгында иштеген, милициянын улук лейтенанты наамы бар. 2021-жылы шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер болгон, социалдык түйүндөрдө пауэрлифтинг жана бодибилдинг менен алектенген активдүү колдонуучу катары да таанымал экени кабарланууда.
Дүйнөдө аялдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканы БУУнун соңку баяндамасында айтылган. Анда өткөн жылы дүйнөдө 83 миң аял киши колдуу болгону, анын 60 пайызга чукулу жакындарынын колунан ажал тапканы көрсөтүлгөн. Өз үй, өлөң төшөгү кыз-келиндер үчүн эң кооптуу жай болуп калганы белгиленеген.
Баяндамада дүйнөнүн бардык бөлүгүндө көзөмөл, коркутуу, куугунтуктоо менен коштолгон зомбулук токтобой жатканы айтылган.
Мындай көйгөй Кыргызстанда да курч бойдон калууда. Быйыл он айда 18,2 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды, бул былтыркыдан дээрлик 28% көп. Өлкөдө адам өлүмү менен коштолгон зомбулук фактылары да катталууда.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, 2024-жылы Кыргызстанда 14 жашка чейинки 5 бала жана 34 аял өлтүрүлгөн. Быйыл жыл башынан бери 8 ай аралыгында 3 бала, 21 аял зомбулуктун курмандыгы болду.
Айзирек, Гүлмээрим, Нурайым...
Узап бараткан жылы Кыргызстанды нес кылган дагы бир окуя - күйөөсүнүн колунан ажал тапкан 38 жаштагы Айзирек Эралиеванын өлүмү болгон.
Аксыда мындан бир жарым ай мурда каза болгон Гүлмээрим Карабалаеванын туугандары бийликке кайрылып, бул ишти тергөөнү өз көзөмөлүнө алууну суранып жатышат.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Каракол шаарында 44 жаштагы аялдын өлүмү иликтенип жатканын октябрь айында билдирген. Ички иштер бөлүмүнө шаардагы үйлөрдүн биринде аял киши каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Ноябрь айында Чүйдүн Москва районундагы Бала-Айылчы айылында 49 жаштагы Нурайым күйөөсүнүн колунан ажал тапканы кабарланган. Жакындары ал токмок жеген сайын милицияга чуркап жүргөнүн айтып беришкен.
Август айында Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылып, кылмышка шектүү катары анын уулу кармалган.
Ош облусунун Кара-Суу районунда кайненесин өлтүрүп, аялы оор абалда жаткан шектүүнүн үрөй учурган окуя 20-июнда болгон.
Бул үй-булөлүк зомбулук фактыларынын айрымдары гана.
Быйыл октябрь айында президент Садыр Жапаров "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам менен үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамга камактын мөөнөтү 7 суткадан 14 суткага чейин көбөйтүлөт. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу укук бузуу жасаган адамга сот үч айга чейинки мөөнөткө дайындалуучу электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү киргизе алат. Муну үчүн ага электрондук билерик тагылат.
Мыйзамдын максаты "Аялдарга карата зомбулукту жоюу жөнүндөгү декларация боюнча Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндөгү конвенцияны, Министрлер кабинетинин Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетүү боюнча 2022–2024-жылдарга улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруу" болуп саналат.
Быйыл жайында Ысык-Көлдө окуучу кыз Айсулуу Мукашева киши колдуу болгондо президент Садыр Жапаров баланы же аялды зордуктап өлтүргөн кылмышкерди өлүм жазасына тартуу сунушун берген. 10-декабрда Конституциялык сот бул сунуш Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянакка келген.
Өлүм менен жазалоо балага же аялга карата зордук-зомбулукту токтотушу күмөн экенин укук коргоочулар айтып чыгышкан.
"Кылмышкер жазасыз каларын билет"
Зомбулукка кабылган, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыз-келиндердин жакындарынын укугун коргоп жүргөн адвокат Индира Саутова:
"Ошондой кылмыш кылган адамдар жазасыз калгандан улам ушундай көбөйүп жатат деп айтат элем. Азыркы эле мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жетиштүү болот деп ойлойм. Андай кылмыш кылгандарга мунапысты жойсун, тергөө абагында отурган 1 күнүн 2 күн деп эсептегенди жойсун. Ушундай аспектилер боюнча өзгөртүү киргизүү жетиштүү деп ойлойм", - деген оюн айткан.
Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закиров быйыл 1-октябрда коомчулукка кайрылып, эркектерди аял затына урмат-сый көрсөтүүгө чакырган. Ал кыз-келиндерге кордук көрсөтүп, коомдо үрөй учурган окуялар болуп жатканын айтып, муну “трагедия, намысты тебелөө, коомду кыйратуу” деп баалаган.
“Ага катары ар бир эр-азамат коомдогу кыз-келиндерге өз карындашындай аяр мамиле кылышы зарыл. Алардын абийирин, кадыр-баркын жана коопсуздугун коргоо – биздин мусулмандык жана инсандык парзыбыз. Ал эми ини катары эже-карындаштарыбызга, апаларыбызга ар дайым жардамчы болуу, оорун колдон, жеңилин жерден алуу – биздин милдетибиз. Алла Таала эр-азаматтарды күч, акыл, жоопкерчилик менен сынап койгон. Бул күчтү зулумдукка эмес, боорукерликке жана коргоого жумшоо – чыныгы эрдик”, - деп айтылган муфтийдин кайрылуусунда.
Шерине