Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:27

Алагөзов президенттин атын атаган интернеттеги алдамчылар тууралуу эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактарда жана мессенжерлерде мамлекет башчысынын атын атаган алдамчылар пайда болгонун эскертти. Ал Фейсбуктагы баракчасына укук коргоо органдары шылуундарды аныктоо үчүн иш жүргүзүп жатканын жазды

"Садыр Жапаровдун атынан жүргүзүлүп жатат делинген, акчалай төлөмдөр убада кылынган сурамжылоолор тууралуу жалган маалыматтар жана шилтемелер таратылууда. Расмий түрдө билдиребиз, мамлекет башчысы эч качан мындай билдирүүлөрдү жайылтпайт жана шектүү интернет-акциялар аркылуу акча таратпайт. Бул кадимки эле алдамчылык. Бардык жарандарды өтө сак болууга чакырабыз, белгисиз шилтемелерди ачпаңыздар, алдамчыларга жеке маалыматтарды, банк карталарынын же телефондордун номерлерин бербеңиздер жана мамлекеттин атынан берилет делген жалган төлөмдөргө ишенбеңиздер. Сураныч, бул алдоо схемасы жөнүндө тууган-досторуңуздар эскертиңиздер. Расмий билдирүүлөргө гана ишениңиздер! Бул факт боюнча укук коргоо органдары тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат",-деп жазды Алагөзов.

Ушул жылдын июль айында Садыр Жапаров IT-технологияларынын жардамы аркылуу жасалган кылмыштарга бөгөт коюу максатында кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон, Бул документти Жогорку Кеңеш 25-июнда кабыл алган.

Ага чейин долбоор Жогорку Кеңеште каралып жатканда былтыр шылуундар интернет аркылуу 1 млрд сомдон ашык акчага алдап кеткени айтылган. Быйылкы жылдын төрт айында мындай кылмыштардын зыяны 5,5 миллион сомдон ашканы белгиленген.

Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы IT-технологиялар чөйрөсүндө 1658 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 796сынын бети ачылып, калган 862 кылмыштын бети ачылган эмес.

Кыргызстанда соңку учурда интернет, телефон аркылуу шылуундарга алданып калган, ири суммадагы акчасынан кол жууган учурлар көбөйдү.

Улуттук коопсуздук комитети баштаган бир катар министрлик, мекемелер жетекчилердин атын атап кызматкерлерди алдагандар пайда болгонун маалымдашкан.

Улуттук банк шылуундарга алданганы тууралуу жарандардан ай сайын 300дөн 500гө чейин арыз түшөрүн билдирип, сак болууну эскерткен.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG