Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:27

Зеленский 20 пункттан турган тынчтык планынын мазмунун ачыктады


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 23-декабрда журналисттер менен жолугушууда акыркы жумаларда АКШ, Украина жана европалык тараптар иштеп чыккан тынчтык планынын долбоорун тааныштырды.

Анын айтымында, АКШ менен Украина согушту аяктоого багытталган 20 жободон турган негизги документти даярдашкан.

Долбоорго ылайык, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн саны тынчтык мезгилинде 800 миң адам аскердин тегерегинде сакталат.

Документте АКШ, НАТО жана келишимге кол койгон европалык мамлекеттер Украинаны аскердик альянстын бешинчи беренесине окшош коопсуздук кепилдиктери менен камсыздоо каралган. Ал беренеде альянстын бир мүчөсүнө кол салуу бардыгына кол салуу дегенди билдирет.

Пландагы жоболордун биринде Орусия Европа жана Украинага карата кол салбай турганын өз мыйзамдары аркылуу бекитиши керек.

Жетинчи жобого ылайык, Украина Евробиримдиктин мүчөсү болуп так белгиленген мөөнөттө кирет.

Долбоордо келишим күчүнө кириши үчүн Орусия өз аскерлерин Днепропетровск, Николаев, Сумы жана Харьков облустарынан чыгарышы керектиги көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, Украина келишимге кол коюлгандан кийин мүмкүн болушунча эртерээк шайлоо өткөрүүгө тийиш.

Ал эми Запорожье атомдук электр станциясы боюнча азырынча мунаса табыла элек.

Аймактардын тагдыры эң татаал маселе бойдон калууда. Украина согушту азыркы фронт сызыгы менен токтотууну талап кылууда. Орусия болсо Донбассты толук өз карамагына алууну көздөп жатат. Компромисс катары АКШ Донецк облусунда эркин экономикалык зона түзүүнү сунуштаган. Бирок Зеленскийдин айтымында, Украина муну референдум аркылуу гана кабыл ала алат.

Шерине

XS
SM
MD
LG