Кыргыз өкмөтү Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана чакан 10 ГЭСти куруу боюнча келишимди бир тараптуу бузган чехиялык Liglass Trading компаниясы түшүндүрмө берди.
“Азаттык” радиосуна жөнөткөн маалыматта кыргыз тарап аталган компаниянын кепилдик үчүн төлөгөн 1 млн 147 миң долларын мыйзамсыз кармап отурганы, ал сумма 11-августка чейин эле кайтарылып берилиши керектиги айтылат.
Долбоорду ишке ашырууда кыргыз тарап принципиалдуу тоскоолдуктар тууралуу маалыматты жашырганы, "РусГидронун" сотко бере турганы эскертилбегени белгиленген. Кыргыз бийлигин “келишимде көрсөтүлгөн негизде иш алып барбай, тышкы таасирлердин зыянын чектөөгө эч кандай аракет көргөн жок, абалдан чыгуу үчүн сүйлөшүүлөргө катышкан жок” деп күнөөлөгөн. Мына ушул себептерден улам Liglass 37 млн долларды төлөбөгөнү айтылат.
Маалыматка караганда, Liglass күрөө үчүн төлөнгөн акчаны кайтарып берүү боюнча кыргыз бийлигине алгач 11-августта, андан кийин 17-августта жана 14-сентябрда кат аркылуу кайрылган. "17-сентябрда жеке жолугушуу зарылдыгын белгилегенине карабай вице-премьер-министр ага келген жок", - деп жазылган.
Буга чейин вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев келишимди жокко чыгаруудан Кыргызстан олуттуу зыян тартпарын жана ага бардык негиздер бар экенин белгилеген эле.
Вице-премьердин айтымында, чех компаниясы келишимдин негизги шартын убагында аткара алган жок. Ошондуктан макулдашуу жобосуна ылайык, аны жокко чыгарууга толук шарт түзүлгөн:
- Бул жерде негизги келишим катары чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишим каралат. Ал эми Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашуу болсо бул келишимдин ажырагыс бөлүгү катары саналат. Башкача айтканда, эгер 37 миллион долларды "Русгидро" компаниясына которуу боюнча негизги шарт убагында аткарылбаса, анда эки келишим тең жокко чыгарылат.
Бийликтер Liglass Trading компаниясы чакан ГЭСтерди куруу боюнча сынакка катышууда төлөгөн 1 миллион 147 миң долларлык кепилдик төлөм казынада каларын кошумчалаган.
Ал эми "оюндан чыккан" чех компаниясынын сотко кайрылууга негизи жок экенин өкмөт белгилеп жатат.
Эксперт: жаңжал эми башталат
Ошондой эле Liglass Trading компаниясынын жетекчилиги кыргыз тараптан келишимдин токтотулганы боюнча расмий билдирүү ала электигин кабарлады.
Компаниянын жетекчиси Михаэл Смеликтин "Азаттык" радиосуна келишимге ылайык кандайдыр бир маселе жаралган учурда үч ай ичинде сүйлөшүү жолу менен чечүү көрсөтүлгөнүн белгиледи.
Чех компаниясынын таржымалы талкууда
Чех компаниясынын таржымалы талкууда
Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев ГЭСтерди кура турган чех компаниясы боюнча бир бүтүм чыгаруу азырынча эрте деп билдирди.
Бирок айрым эксперттер өкмөттүн келишимди бир тараптуу бузганына байланыштуу чех ишкерлери сотко кайрылышы ыктымалдыгын эскертишүүдө.
Маселен, энергетика жаатындагы эксперт Николай Кравцовдун айтымында, келишимде 37 миллион долларды төлөө деген каралган эмес:
- Мен инвестициялык келишим менен жакшы таанышкам. Бул документ даярдала баштаган биринчи күндөн бери катышып келем. Өкмөт келишимди бузабыз деп жатат. Бирок негиз кандай? 37 миллион долларды төлөбөй койду дейби? Бирок менин алдымда турган инвестициялык келишимдин текстинде эгер бул каражатты төлөбөсө макулдашууну жокко чыгарууга болот деген сөз жок. Мындай жол менен компания сотко кайрылат болушу керек. Ошондуктан бул келишимди жокко чыгаруу оңой-олтоң болбойт. Ал өтө узак жана жаңжалдуу болушу мүмкүн.
Ошол эле кезде өкмөт казынада калат деген 1 миллион 147 миң доллар Жогорку Нарын ГЭСтер каскады үчүн эмес, чакан ГЭС боюнча конкурска төлөнгөндүктөн анын да мыйзамдуу негизи талаштуу экенин айтышкан.
"Азаттыктын" архиви: Михаэл Смелик менен маек
Кыргызстан Liglass Trading компаниясы менен келишимге 11-июлда кол койгон. Алар Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти кура турган болгон.
Конкурска катышуу үчүн кепилдик төлөм катары компания 1 миллион 147 миң доллар которгон.
Келишимге ылайык, чех компаниясы 30 банктык күндүн ичинде Нарын ГЭСтер каскадындагы алгачкы курулуш иштерин жүргүзгөн орусиялык "РусГидро" компаниясына 37 миллион долларды төлөө милдеттенмесин алганы айтылган. Бирок келишимге кол коюлган алгачкы күндөн тарта эле Liglass'тын ГЭС курууга тажрыйбасы жана кудурети жок экени тууралуу адегенде чех басма сөзүндө, андан соң Кыргызстанда байма-бай айтыла баштаган. Бийлик мындай маалыматтарды четке кагып, компанияга ишенерин билдирип келген.
18-сентябрда же "РусГидрого" карызды төлөө мөөнөтү бүтөрүнө бир күн калганда Liglass Trading компаниясынын жетекчилери Бишкекке келип, каржылык жактан кыйын абалга кептелгенин билдиришти.
"РусГидронун" кыргыз өкмөтүнө дооматы
"РусГидронун" кыргыз өкмөтүнө дооматы
Орусиялык басылмалар бул жумада "РусГидро" ишканасы расмий Бишкектен акча доолап жатканын, ал эми Душанбе мигранттарына Москвадан жеңилдик сураганын, Москва болсо Ташкентти өзүнө имергиси келип турганын жазышты.
Компания өкүлдөрү мындай кырдаалга Кыргызстандагы айрым саясатчылардын каралоосу себеп болгонун белгилешип, келишимди аткаруу үчүн кыргыз өкмөтүнөн жеңилдик да сурады. Өкмөт чех өнөктөштөрүнүн мындай суранычын аткарбай келишимди бир тараптуу жокко чыгарууну чечти. Ошентип Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга бел байлаган экинчи компания менен келишим ара жолдо калды.
Эгер тендер жарыяланган учурда заманбап, эл аралык жогорку деңгээлдеги, катышуучулардын сапатын талап кыла турган эрежелер болгондо ишеничтүү, жоопкерчиликтүү компаниялар тандалмак. Азыркы окуялардын баары бул себеп эмес, жыйынтык болуп калды.Эмил Үмөталиев
Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиевдин баамында, мындай кырдаалдын түзүлүшүнө тендердин ачык-айкын өтпөгөнү жана жоопкерсиздик себеп болду:
- Келишимге кол коюлганга чейин көп талкуулап, көп көңүл бурушубуз керек эле. Буга биздин саясатчылардын жана саясий институттардын күчү жетпей турат. Эгер тендер жарыяланган учурда заманбап, эл аралык жогорку деңгээлдеги, катышуучулардын сапатын талап кыла турган эрежелер болгондо ишеничтүү, жоопкерчиликтүү компаниялар тандалмак. Азыркы окуялардын баары бул себеп эмес, жыйынтык болуп калды.
2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "РусГидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.
Орусия кыргыз тарап 37 млн доллар бересе экенин айтып келатат. Жакында аталган компания бул каражатты кечиктиргени үчүн Кыргызстанга каршы эл аралык арбитражга кайрылууга камданып жатканын билдирди.