Lidové noviny (LN) "Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев чехиялык инвесторду коргоду, депутат болсо тендерди жокко чыгарууну талап кылууда" деген макаласын жарыялады. Анда Атамбаев 24-июлдагы пресс-конференцияда чехиялык фирма бир айга чейин 37 миллион долларды төлөшү керектигин, өз убагында төлөсө, алар менен иш алып барса болоорун далилдешет, андай болбосо, башка инвестор издейбиз деп айтканын жазат.
Бирок басылмага эксклюзивдүү маегинде депутат Жанар Акаев “Кыргызстан элине таандык байлыкка мындай жалган фирманын кол салышын каалабайбыз. Суу биздин маанилүү жана стратегиялык табигый булагыбыз” деп айтканын белгилейт.
Акаев чехиялык журналисттер Liglass Trading CZ айланасындагы реалдуу кырдаалды биринчи болуп чагылдырып, көңүл бурдурганын, иштин чоо-жайын билгенде шок болгонун айткан.
"Бул күмөндүү тендерге кыргыз парламенти кандай көз карашта?" - деген суроого Акаев:
Чех компаниясынын таржымалы талкууда
Чех компаниясынын таржымалы талкууда
Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев ГЭСтерди кура турган чех компаниясы боюнча бир бүтүм чыгаруу азырынча эрте деп билдирди.
"Кайсы партиянын өкүлдөрү болбосун бардык депутаттардын атынан айта алам – Liglass Trading CZ фирмасы боюнча улам чыгып жаткан маалымат бизди абдан тынчсыздандырууда. Башкы байлыгыбыз болгон суу ресурстарына жаралган коркунуч депутаттардын арасында улуттук биримдикти пайда кылды деп ойлойм", - деп жооп берген.
"Парламент иликтөө комиссиясын түзөбү?" -деген суроого депутат жайында парламент жыйын өткөрбөсүн, бул чуулгандуу окуя Жогорку Кеңеште талкуулана электигин, бирок сентябрда сессияга чогулганда Liglass Trading CZ номур биринчи тема болоорунан күмөн санабай турганын белгилеген. Бирок кезексиз сессия мүмкүнчүлүгү да бар экенин, август же сентябрь болобу, өкмөттөн жана жооптуу адамдардан бул иш боюнча түшүндүрмө берилишин талап кылышаарын кошумчалаган.
Акаев ошондой эле чехиялык расмий тарап мындай күмөндүү фирманы колдогону да кызыктуу деп айта кеткен. Ал эми бул тендердин аркасында коррупциялык иш болушу мүмкүнбү деген суроого:
“Антип айтуу спекуляция болот”, - деп жооп кайтарган. Элдин кызыкчылыктарын Кыргызстан өкмөтү коргошу керектигин белгилеген депутат, чех президенти болсо балким чехиялык ишкерлерди чет өлкөлөрдө алга жылдырууну гана көздөгөн деген оюн айткан.
Журналисттер ГЭСтерди курчу чех компаниясын иликтей баштады
Журналисттер ГЭСтерди курчу чех компаниясын иликтей баштады
Кыргызстанда ГЭСтерди кура турган чех компаниясын прагалык журналисттер иликтей баштады.
"Биз чехиялык фирмаларга каршы эмеспиз. Тескерисинче, Кыргызстандагы тендерлерге катышуу үчүн бул өлкөнүн өнөр жай жана интеллектуалдык потенциалы бар экенин билебиз. Биз кыргыз өкмөтүн сындап жатабыз. Бул - А4 кагазына жазылган рекомендациялык катты жетиштүү деп санаган биздин саясатчылар менен чиновниктердин проблемасы. Анын үстүнө биздин элчилик Liglass Trading CZ менен иштешпөөнү эскерткен экен. Буга карабай өкмөт ушул фирманы тандаганы табышмактуу" деп айткан Жанарбек Акаев.
"Эмне үчүн ошол 37 миллионду түз эле төлөп салбайт?"
LN кабарчысы бул чуулгандуу окуянын октябрдагы президенттик шайлоого таасири болушу мүмкүнбү деген суроого да кызыккан. Акаев бул иш үчүн жоопкерчилик өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго жүктөлөөрүн, ал болсо КСДП партиясынан талапкер экенин түшүндүрүп, шайлоого таасир этиши ыктымал деген жообун кайтарган.
Өкмөт Liglass Trading CZ менен контрактты жокко чыгарышы мүмкүнбү деген суроого токтолуп, депутат кыргыз өкмөтү фирма 37 миллион долларды төлөсүн, анан көрөлү деп убакытты создуктуруп жатканын, фирма ырастап келаткандай UniCredit банкта чындап эле 383 миллион евросу бар болсо, анда эмне үчүн ошол 37 миллионду түз эле төлөп салбайт? Себеби ошол кагаздары жасалма болушу мүмкүн деп ойлойм деген оюн билдирген.
Акаевдин айтымында, Liglass Trading CZ ар бир ГЭС үчүн өз өзүнчө депозит төкмөк. Ал сумма 1,2 миллион долларды түзөт. Кыргыз аткаминерлери акыркы күндөрдөгү бир катар интервьюларда ал депозит банктын чеги менен төлөнгөнүн кыйытышты. Демек сөз накталай акча же банк аркылуу которуу тууралуу жүргөн жок. Андай болсо, тендердин шарты бузулган. Себеби Кыргызстандын колунда талап кылынган депозит да жок дегенге жатат.
Ушул эле гезит Liglass Trading CZ менен чуулгандуу Oleo Chemical компаниясы ортосунда байланышты табышканын жазат.
Макалада ушу тапта бул компаниянын айланасында сот иштери жүрүп жатканы, ага белгилүү лоббист Иво Риттингге жакын адвокаттар менен бизнесмендер малынганы айтылат.
Ал эми Liglass Trading CZ менен аны Чех-кыргыз соода палатасы байланыштырат. 2017-жылдын башында пайда болгон палатанын түптөөчүлөрүнүн бири (Смелик менен катар) Леона Бенешова деген ишкер болчу, - деген журналисттер көз карандысыз төрт булакка таянып, ишкер айым Oleo Chemical компаниясынын башында турган жана азыркыга чейин акциялардын бир бөлүгүнө ээлик кылган Михал Урбанектин аялы деп жазышат.
Урбанек ал компаниянын каражатын атайын жолдор менен чыгарып кеткен деген айып менен биринчи инстанциянын соту тарабынан үч жылга кесилген.
Бул гана эмес – Бенешова менен Oleo Chemical ортосунда коммерциялык байланыш да бар деп жазган чехиялык басылма ал иштин чоо-жайына токтолгон.
Журналисттер Смелик, Урбанек же Бенешова алардын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышканын жазышат.
"Шектүү суроолор көп"
Hospodarske noviny басылмасы болсо өткөн жуманын аягындагы Liglass Trading CZ кожоюну Михаел Смеликтин Кыргызстандагы долбоордо финансылык өнөктөштөрү Орусия же Кытай эмес, Европа, АКШ жана Азиядан болоорун айтканын жазды. Ишкердин айтымында, Кыргызстандын рейтингинен улам банктар акча беришпейт, андыктан ГЭСтерди куруу менчик булактардан каржыланат.
Смелик менежердик функция аткарарын, курулуштун өзүн жалдап алган компаниялар жүргүзөрүн белгилеп, андай шерик катары армениялык Gidepinvest фирмасын атаган.
Чех радиосунун iRozhlas.cz сервери Смелик негизги өнөктөшүн ГЭСтерди долбоорлоо жана курууда аты чыккан, өзгөчө Борбор Азия регионунда таанылган фирма деп сыпаттаганы менен, ачык булактардан муну далилдеген маалымат таба алышпаганын жазат.
Смелик Gidepinvest менен бир нече айдан бери сүйлөшүү жүргүзүп жатканын, алардын инженерлери конкреттүү техникалык долбоорду сунуш кылышарын айтып келатат. Сервердин журналисттери бул сөздөрдүн чын-төгүнүн текшерип чыгып, бир топ тыянакка келишкен. Биринчиден, ал фирманын веб сайтынын жоктугу эле күдүк ой жаратат. Чехиянын Еревандагы элчилигинде да маалымат жок болуп чыкты. Армениянын өзүндөгү реестрде бул аталыш менен эки фирма катталган экен. Экөөнө тең Армен Григорян деген ишкер ээлик кылат, экөө тең бирдей идентификациялык номурга ээ жана экөө тең чакан ГЭСтер менен алектенет. Расмий жактан алганда маалымат ушуну менен гана чектелет.
Элчилик андан ары энергетика тармагында иш алып барган армениялык бизнесмендерден алган маалымат менен бөлүшкөн. “Ошол маалыматтар боюнча Gidepinvest Арменияда гана чакан ГЭСтердин долбоорлорун даярдап жүрөт. Борбор Азиядагы ишмердиги тууралуу Арменияда билишпейт”. Белгилей кетсек, журналисттерге Чехиянын Еревандагы элчиси Петр Микиска өзү жооп берген.
Интернетте болсо Gidepinvest ке байланышкан эки долбоорду тапса болот. Бирок экөө тең чакан жана Арменияда ишке ашырылган. Элчиликтен кошумчалашкандай, фирманын чоң ГЭС куруу үчүн лицензиясы жок, чамасы да чектелүү. Муну менен бирге маалымат армениялык ишкер коомчулугунан алынганы белгиленет.
Смелик болсо "Gidepinvest'тин лицензиялары бар, министрликтеги расмий бир кишиге чалсаңар, албетте бардыгын жатка билбейт" деп жооп кайтарган. Ошол эле маалда өнөктөшү менен байланыштары тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып, бардык суроолорду долбоор менен алектенген Йиржи Войтеховскийге жолдоого кеңеш берген. iRozhlas.cz Соода палатасы бир нече жолу арызданган Войтеховский болсо суроолорго эч кандай реакция кайтарбаганын жазат.