Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Тогуз айдагы толгонуу


Кумтөрдүн начар иштеши өнөр жай тармагынын 34%, кайра иштетүү тармагынын 46% төмөндөөсүнө алып келди.
Кумтөрдүн начар иштеши өнөр жай тармагынын 34%, кайра иштетүү тармагынын 46% төмөндөөсүнө алып келди.

2012-жылдын акыркы кварталы башталып, быйылкы жылы кыргыз экономикасы эмнеге жетишип-жетишпегени айкын болуп калды.

Тогуз айдын көрсөткүчү боюнча Кыргызстан экономикасы өткөн жылга салыштырмалуу - 4.6% төмөндөп турат. Жыл соңуна чейин бул сандын кыскарышы күтүлүүдө. Анткени төртүнчү кварталда Кумтөр кени активдүү ишке киришти. Жыл соңуна карай ал 12 тоннадан ашуун алтын өндүрүүнү көздөөдө. Бул экономиканын статистикалык көрсөткүчтөрүн бир аз болсо да түзөп, 2012-жылы ички дүң өнүм өткөн жылга салыштырмалуу 1-2% өсүүсүнө алып келерин экономисттер белгилешүүдө. Дал ошол себептен Кумтөрдүн ишине өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “таңданганын” билдирип, ишти токтото көрбөөгө үндөп жатат.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Наби Эшназаров Кумтөр акыркы айларда ишин күчөтөрүн тастыктайт:

- Булар эми көтөрөт. 12 тоннага жеткиребиз деп жатышат. Ага жетпесе да бир топ эле болот. Кумтөрдү текшерген комиссия деле ишин бүтүп калды. Анын үстүнө жалпысынан аларды колдоо боюнча сөздөр болуп жатат. Ошон үчүн Кумтөр мындан ары жакшы режимде иштейт болуш керек.

Ушул кезге чейин Кумтөрдүн начар иштеши өнөр жай тармагынын 34%, кайра иштетүү тармагынын 46% төмөндөөсүнө алып келди. Алтын экспортунун кыскарышы тышкы соода балансынын кескин начарлатты. Маселен, быйылкы жылдын сегиз айында экспорт 936 млн. доллар болсо, импорт 3 млрд. 275 млн. доллар болгон. Тескери сальдо 2 млрд. 306 млн. долларга жетип кеткен.

Тышкы соодада мына ушундай эбегейсиз тартыштыкка карабастан улуттук валюта сом туруктуу бойдон калууда. Буга эмгек мигранттарынын акча которуулары себеп болуп жатканын Улуттук банк да, Экономика министрлиги да белгилеп келет.
Тогуз айдагы инфляция 3.1% түзгөн.

Улуттук статистикалык комитеттин бул санына ишенбегендер арбын. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов:

- Базарда, эл менен жолугушканда азык-түлүккө баалар абдан көтөрүлүп кеткенин айтууда. Абдан кымбатчылык болуп жатканын белгилешүүдө. Ошондуктан биздин Улуттук статистикалык комитет инфляция боюнча маалыматты жалпысынан бербей, бөлүп-бөлүп көрсөтсө. Мисалы, азык-түлүккө канча өзгөрдү, коммуникалык кызматка, башка кызмат көрсөтүүлөргө канча өзгөргөнүн.

Кыргызстанда Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына шекшип караган экономисттер четтен чыгат. Анын үстүнө реалдуулукка дал келишпеген сандар анда көп кезигет. Маселен, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында жумушсуздардын саны 62 миң киши деп белгиленген. Чындыгында Кыргызстанда жумушсуздар жүз миңдеп саналып, алар Орусия, Казакстанда жалданып иштеп жүрүшөт.

Кумтөргө чоң үмүт арткан Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү келерки жылдын бюджетин карап, парламентке жиберүү алдында турат. Август айынын соңунда, мурадагы премьер Өмүрбек Бабановдун учурунда каралган бюджетте өкмөт келерки жылы 9.8% өсүш болот деп болжоп жаткан. Чыгашасы 102 млрд. сом, кирешеси 85 млрд. сом деп каралганы жаткан ал долбоордо, тартыштык 17 млрд. сомдун тегерегинде белгиленген эле. Бюджет тартыштыгын кыскартууну көздөп жаткан жаңы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана каржы министри Ольга Лаврова кандай өзгөртүүлөрдү киргизери жакын арада айкын болмокчу.

Азырынча парламент мүчөлөрү келерки жылдын бюджет долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна өз убагында берилбегенин сынга алууда. Мыйзамга ылайык, 1-сентябрга карай долбоор парламентке берилиш керек. Тилекке каршы ал ушул кезге чейин бериле элек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG