Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Санариптин санаага салган түйшүгү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт «Санарип Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруунун алкагында дээрлик бардык мамлекеттик органдар «Түндүк» маалымат тутумуна кошулуп, алардын электрондук маалымат алмашуусу камсыздалып калганын жарыялады.

Буга чейин өкмөт айыл аймагынан баштап, борбордук бийлик органдарына чейин электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү демилгесин көтөргөн.

Бирок коомчулукта техникалык мүчүлүштүктөр электрондук маалымат алмашууга кедергисин тийгизип жатканы сынга алынды.

"Түндүк" электрондук тутумуна кошулуу

Өкмөттө 30-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында «Санарип Кыргызстан» долбооруна өтүү боюнча Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткарууга байланыштуу жыйын өттү.

Анда Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетке караштуу «Электрондук өз ара аракеттенүү» борборунун жетекчиси Нурия Кутнаева учурда борбордук мамлекеттик органдар «Түндүк» тутумуна кошулуп, бүтүп калганы тууралуу отчет берди. Анын айтымында, Финансы полициясы гана бул электрондук маалымат алмашуу тутумуна кошула элек.

«Электрондук өз ара аракеттенүү» борборунун жетекчисинин орун басары Азамат Буржуев электрондук тутумга кошуунун азыркы абалы тууралуу мына буларга токтолду:

«​Бүгүнкү күнгө карата элүүдөн ашуун мамлекеттик орган "Түндүк" электрондук маалымат тутумуна кошулган. Бирок азыркы учурда алардын жыйырмасы эле өз ара электрондук маалымат алмашууларды жүргүзүп жатат. Азыр ошол маалымат алмашууга мүмкүнчүлүгү болбой жаткан мамлекеттик органдарда бул иш-чараларды ишке ашыруу жагы сыноодон өтүүдө. Финансы полициясында азыркы учурда сервер менен бирге кошумча жабдууларды алып, орнотуу жана электрондук маалымат алмашуу тутумуна кошуу иштери жүрүп жатат. Салык жана Социалдык фондду да ошол тутумга кошуу боюнча иштер аяктап калды. "Унаа" мамлекеттик ишканасы да ошол тутумга кошулуп, учурда башка мамлекеттик органдар менен "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында маалымат алмашуу жүрүп жатат».

Кемчиликтер менен мүчүлүштүктөрдүн учуру

Өкмөт эки жылдан бери мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу жана калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондоштуруу долбоорунун алкагында ишке ашырууга киришкен.

Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов электрондук маалымат алмашуу тутумундагы мүчүлүштүктөн автоунааларды каттоодо маселе келип чыккан жагдайды эске салды.

"Санарип Кыргызстан" долбоору
"Санарип Кыргызстан" долбоору

«​Жаңы койгон программалары иштебей, автоунааларды электрондук негизде каттоодо техникалык маселе келип чыккан. Анын айынан канчалаган адамдар убара болду. Бул тармактагы техникалык мүчүлүштүктөн улам бардыгы чакчалекей түштү. Программаны кайдан алып келишкен? Бул эми кээ бир учурларда атайын болушу мүмкүн. Бирок президенттин санариптештирүү талабы негизинен туура. Себеби бул нерсе мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө адам факторун жокко чыгарып, коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартууга өбөлгө түзөт. Бирок анын аткарылышында маселе болуп жатпайбы. Аны үч айдан кийин гана жөнгө салышыптыр».

Бирок коомчулукта мамлекеттик кызматтагы коррупциялык схемаларды сактап калууну көздөгөндөр электрондук тутумдун киришине тымызын каршы чыгып, анын ишин үзгүлтүккө учуратып келгени тууралуу маалыматтар чыккан.

Буга чейин "Электрондук өкмөт" долбоорунун алкагында электрондук документ жүгүртүү демилгеси ишке ашпай калган. Анткени ага мамлекеттик органдардын электрондук маалымат алмашуусун ишке ашырууда маалымат коопсуздугун чыңдоо маселеси эске алынбай калганы себеп болгон.​

Жарандык активист Адил Турдукулов санариптештирүү аркылуу мамлекеттик органдардын отчеттуулугун жана ачыктыгын камсыздоо тоскоолдукка дуушар болуп жатканын белгиледи:

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

«​Мамлекеттик сатып алуу боюнча порталдын иштелип чыгышы Кыргызстандагы тендерлерди жүргүзүүдөгү коррупциянын көлөмүн азайтууга, мыйзамсыздыкты бир аз да болсо жоюуга өбөлгө түздү. Ошол портал аркылуу мамлекеттик органдардын чыгымдарын көзөмөлдөөгө шарт түзүлүп калган. Бул Талант Абдуллаев баштаган адистердин коррупцияга бөгөт коё турган электрондук тутуму болчу. Бирок ошол адистердин өздөрүн башка бир негизи жок эле иштер боюнча кармап, камакка алышканы бул долбоорлорду андан ары өркүндөтүүгө каршы жасалган аракеттер катары каралууда. Тиешелүү укук коргоо органдары бул жерде ачык-айкындуулук болушун каалашпайт. Ошондуктан ага катуу тоскоолдук болуп жатат».

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "Санарип Кыргызстан" долбоорун өз убагында ишке ашырууну белгилеп, мамлекеттик органдын ар бир жетекчиси берилген тапшырманын аткарылышы боюнча жеке жоопкерчилик тарта турганын эскертти. Ал санариптештирүү долбоорун ишке ашырууда айрым мүчүлүштүктөр бар экенин айтып, бул үчүн кээ бир жетекчилерге сөгүш берилерин айтты.​

Азамат Буржуев мамлекеттик сатып алуу порталынын талаптарын жөнөкөйлөштүрүү боюнча иштер аткарылып жатканын белгиледи:

«​Азыркы учурда ошол портал аркылуу сынактарга катышкысы келгендер өздөрүнүн Салык кызматынан жана Социалдык фонддон алынган маалымкаттарын сканерден өткөрүп, тиркейт. Бул үчүн бир топ убакыт талап кылынат. Ошондуктан биз ошол маалымкаттарды алууну жана аны тиркөөнү жоюу боюнча иш алып барып жатабыз. Муну менен мамлекеттик сатып алуу боюнча портал аркылуу тендерлерге катышуу жөнөкөйлөштүрүлүп, көп убакытты албай турган шартта автоматташтырылат.

Ошол эле кезде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кийинки жыйында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси бекитиле турганын белгиледи. Ошондой эле ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жыл аягына чейин толугу менен электрондук форматка өтүшү керек экенин тапшырды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG