Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:51

Мактоодон жерүүгө чейин: Борбор Азияда "улут аталары" кантип унутулат?


Казакстандын президентинин креслосунун 2022-жылы Каңтар окуясында Алматыдагы резиденция курчоого алынгандан кийинки көрүнүшү.
Казакстандын президентинин креслосунун 2022-жылы Каңтар окуясында Алматыдагы резиденция курчоого алынгандан кийинки көрүнүшү.

Борбор Азияда лидердин бедели жылдап бекемделип, бир күнү эле күтүлбөгөн жерден кыйрайт. Алардын урматына жаңырган дифирамба башкаруучу чындап же саясий жактан өлгөндө гана басылат. Оданын аткаруучулары бийликке келген башка адамга жагалданууга өтөт. Чөлкөмдө "улут атасын" кантип алмаштырат жана алар кантип көлөкөгө айланышат?

ӨЧҮП КАЛГАН "НУРСИЯНДАР"

Беш жылдай мурда мамлекеттик "Егемен Қазақстан" гезитинин биринчи бетин Нурсултан Назарбаевдин портрети жана ал тууралуу макаласыз элестетүү кыйын. Мамлекеттик "Хабар" телеканалы дагы "Улут лидеринин" жолугушууларын, сапарларын көз жаздымда калтырчу эмес.

Кандуу январдан кийин Назарбаев көлөкөгө кетип, эки тизгин, бир чылбырды колго алган анын мураскери Касым-Жомарт Токаев бийликти кайра бөлүштүргөн. Назарбаевди азыр көп эстешпейт. Экс-президент тууралуу акыркы жолу төрт ай мурда "Егеменге" жана "Хабарга" жаңылык чыккан. Бирок кабар ал тууралуу деле эмес. Эки мамлекеттик медианын төрт абзацтан турган супсак текстинен Токаев Назарбаевди 85 жылдыгы менен куттуктап, ага ден соолук каалаганын окууга болот.

Назарбаевдин 30 жылдык башкаруусунда Казакстандын туңгуч президенти менен мамлекет бир бүтүндөй сезилчү. Конституцияда ал "Эгемен Казакстандын негиздөөчүсү" деп аталган. Анын арты менен ага "элбашы" (улут атасы) деген макам жана Коопсуздук кеңешин өмүр бою башкарууга укук берилген. Анын сүрөтү бардык жерде бар эле, чиновниктердин иш бөлмөсүндө, көчө билбордорунда, окуу китептеринде, жада калса акчада да.

Аскердик окуу жайдын алдында Назарбаевдин 80 жылдыгынын урматына тургузулган эстелик. 2020-жыл.
Аскердик окуу жайдын алдында Назарбаевдин 80 жылдыгынын урматына тургузулган эстелик. 2020-жыл.

Депутаттар Назарбаевди күнгө теңешип, Казакстан бараткан жолду жарык кылган "нур" дешкен. 2019-жылы президенттик кызматка жаңы киришкен сенат спикери Токаев борборду жана облустагы ири калаалардын көчөлөрүн Назарбаевдин урматына атоону сунуштаган, парламент бул демилгени кызуу кол чабуу менен колдогон.

"Тарыхта түбөлүк из калтыра турган, өлкөнү жаркын келечекке жетелеген адамдын - "улут атасынын образы түзүлдү", - дейт Борбор Азияны көп жылдар бою изилдеген журналист Брюс Панниер.

Ал Назарбаевге кол астындагылар кошомат кылып, аны АКШнын биринчи президенти Жорж Вашингтон менен заманбап түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Муста Кемал Ататүрккө салыштырган. Бирок Каңтар окуясынан кийин "элбашыдан" арылуу процесси жүрүп, Назарбаевди көкөлөтүү токтогон. Анын ордуна дарегине сын дооматтар катуураак жаңыра баштаган.

Единогласно, за полчаса. Как парламент отменил закон о «елбасы»
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00

2025-жылдын март айында Назарбаевдин доорунда саясий карьерасын түптөгөндөрдүн бири, Мажилис спикери Ерлан Кошанов билдирүү жасап, "элбашынын" тушунда орногон супер президенттик башкаруу өлкөнү саясий кризиске батырганын айткан.

"Бийлик менен капиталдын бир ууч топтун колуна топтолушу өлкөнүн өнүгүшүн жайлаткан жана коомдо нааразылык жараткан", - деген ал.

Мындай дооматтарды азыр бир кезде Назарбаевге кулдук урган чиновниктер, депутаттар, бизнесмендер көп айтышат.

Нурсултан Назарбаевдин Казакстандын биринчи президентинин музейине илинген сүрөттөрү.
Нурсултан Назарбаевдин Казакстандын биринчи президентинин музейине илинген сүрөттөрү.

"Булар конъюнктурщиктер, - дейт "Караңгы көлөкөлөр: Казакстандын саясий жашыруун дүйнөсүнүн сырлары” китебинин автору, британ журналисти Жоанна Лиллис. - Алар Назарбаевден жүзүн үзөңгүдөн буту тайыганда гана бурушкан. Союздаштардын жана жакын чөйрөнүн алыстап кетиши - Назарбаев кыялданган мурас эмес эле".

Назарбаев өзүнүн эстеликтери омкоруларына күбө болорун күтпөсө керек. Анын айкели Астанадагы Улуттук коргонуу университетинин аймагынан алынып, Улуттук музейдин экспозициясынан да чыгарылган. Окуу китептеринен мурдагы президентти "дүйнөлүк деңгээлдеги саясий стратег" деп сүрөттөгөн бөлүмдөр алынды, жаңы басылыштарда анын ысымы Казакстандын көз карандысыз мамлекет катары калыптануу жолунда тарыхтын бир бөлүгү катары гана эскерилет.

2023-жылдын февраль айында президент Касым-Жомарт Токаев Назарбаевди ыйгарым укуктарынын көбүнөн ажыраткан мыйзамга кол койгон. Ага чейин үч жыл бою Нур-Султан деп аталган өлкө борборуна Астана деген мурдагы аталышы кайтарылган. Конституциядан биринчи президент тууралуу бардык эскертмелер, ал тургай аны "Көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү" деп атаган бөлүм да алынган. 2025-жылы июнь айында Мажилис депутаты Казыбек Иса мамлекеттик документтерден "элбашы" деген сөздү чийип салууну сунуштаган.

"Улут атасынын" бат эле унутта калышы чөлкөмдөгү авторитардык режимдердин өзгөчөлүктөрүн гана эмес, постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүндөгү саясий берилгендиктин кубулма жүзүн да көрсөтүп турат", - дейт ташкенттик аналитик. Анын аты-жөнү куугунтукка кабылуу коркунучунан улам жашыруун бойдон калды.

"Керт башка сыйынуу - административдик ресурс, коркуу жана коомдук мейкиндикти көзөмөлдөө аркылуу сакталып турат", - деди ал.

"АЛ ТАШТЫ АЛТЫНГА АЙЛАНТАТ"

Ал "ал ташты алтынга айлантат" жана "сүйүүнүн үрөнүн себет". Пафостуу бул саптар өлкөнү 33 жыл башкарган Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго арналган. Ырдын автору анын кызы жана администрациясынын жетекчиси Озода Рахмон.

"Туулган күнүң менен, Улут атасы" деген ырды ал жакында эле 73 жашын белгилеген Рахмондун туулган күнүнө арнаган. Озода ырды Кудайга жалынып, "анын элеси өлкөдө түбөлүк калышын" сурануу менен аяктаган.

Президенттин тарапташтары туулган күнүн белгилеген Рахмонго "Жараткандын нуру" жана "келечекти жарык кылган чырак" деген эпитеттерди жаадырышты.

Эмомали Рахмон. Архивдик сүрөт.
Эмомали Рахмон. Архивдик сүрөт.

Рахмон мактоо үстүндө гана келет. Расмий маалыматтарда аны 1990-жылдардын башында өлкөнү жарандык согуштун чеңгелинен сууруп чыгып, туруктуулук орноткон баатыр катары сыпатташат. Ага "Пешвои миллат" - "Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - Улут атасы" деген түбөлүк наам берилген. Аны 2016-жылы парламент ыйгарган. Рахмон президенттик шайлоого каалагандай катышууга укуктуу - чектөөлөрдүн ага тиешеси жок (ушундай эле норма Назарбаев үчүн Казакстандын Конституциясына кирген, кийин аны алып салышты).

Тажиктердин "Улут лидери" мыйзамында Рахмон дүйнө салгандан кийин анын эстелигин Дүйшөмбүдө жана туулган аймагына тургузуу каралган. Буга чейин күбөлөрдүн айтымында, Рахмон бийликке жаңы келгенде мындай демилгелерге каршы чыгып, эстеликтер маркумдар үчүн экенин айтып келген. Ал портретин коомдук жайларга илүүнү да колдогон эмес. Бирок убакыттын өтүшү менен туруму өзгөргөн. Бүгүн президенттин сүрөтү шаардын ажырагыс атрибутуна айланып, имараттардын боорунда, жол боюнда жана мамлекеттик мекемелерде илинип турат.

Рахмондун культу акырындап символдо жана визуалдык образдарда эмес, коомдук үрп-адаттарда да байкала баштаган. Айрыкча анын 2024-жылдагы кайрылуусу коомчулук көңүлүн бурган. Анда тажик лидери үч сааттан ашуун сүйлөп, угуп отургандар 120 жолу кол чабышкан. Жалпылап айтканда кол чабуу узактыгы 22 мүнөттү түзүп, социалдык тармактын колдонуучулары бул көрүнүштү лидерге ашкере жагалданган Түндүк Кореядагы салтанатка окшоштурган.

2024-жылы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун парламентке кайрылуусу үч сааттан ашуун созулуп, 120 жолу кол чабылган.
2024-жылы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун парламентке кайрылуусу үч сааттан ашуун созулуп, 120 жолу кол чабылган.

Рахмондун сынчылары бул жылдар аралыгында ал мамлекетти үй-бүлөлүк долбоорго айлантып, оппозициянын үнүн басып, коррупцияны жеңе албаганын, өлкө экономикасын мигранттар салган акчага көз каранды кылганын айтышат. Дүйнөлүк банктын маалыматында, 2014-жылы акча которуулар Тажикстандын ИДӨнүн 45% түзгөн. Бул салыштыра келгенде дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч.

УНУТУЛГАН "ТҮРКМӨНБАШЫ" ЖАНА "ТҮРКМӨНСТАНДЫН АРХИТЕКТОРУ"

Борбор Азияда керт башка табынуу адатын биринчи болуп Сапармурат Ниязов жаратканы айтылып келет. Көзү тирүүсүндө ага алтын жалатылган эстелик тургузушуп, ал жазган "Рухнаманы" ыйык китеп деп жарыялашкан. Мектептерде жана университеттерде аны руханий багыттама катары окушкан.

Ниязов өзү жарыялаган "Түркмөнбашы" макамы менен эсте калды. Бул чөлкөмдө кийин "Элбашы", "Пешвои миллат" өңдүү макамдардын пайда болушуна үлгү болду.

2006-жылы Ниязов өлгөндөн кийин анын Ашхабаддын чок ортосундагы күндүн багытына карай айланып турган монументи демонтаж болгон. Эстелик шаар четине чыгарылып, "Рухнама" окуу программасынан алынган.

Сапармурат Ниязов өлгөндөн кийин анын алтын жалатылган монументи шаар четине жылдырылган.
Сапармурат Ниязов өлгөндөн кийин анын алтын жалатылган монументи шаар четине жылдырылган.

Ташкенттик эксперт лидердин элеси аны колдогон система менен кошо жоголорун айтат. "Культ (сыйынуу, ашкере даңазалоо) канчалык күчтүү болсо, аны көзү өтөрү менен унутушат" дейт ал.

Төр эч качан бош калбагандай эле "Түркмөнбашынын" ордуна "Аркадаг" келди. Ал конституциялык процедураларды айланып өтүп шайланган Гурбангулы Бердымухамедов эле. Ал дагы азыр баалуулуктар тууралуу китептерди жазып, өзүнө эстелик тургузууда.

"Гурбангулы Бердымухамедов өзүн ондогон китептердин автору жана жазуучу атайт. Ошондуктан ал "Рухнама" жөнүндө эс тутумду сактап калууга кызыкдар болгон эмес. Анын Түркмөнстанында күн нуру бир гана адабий талантка жаап турушу керек", - дейт Панниер.

2022-жылы Түркмөнстанда бийлик де-факто энчиленип, Гурбангулы Бердымухамедовдун 41 жаштагы уулу Сердар Бердымухамедов 73% добуш менен өлкөнүн жаңы президенти болуп шайланган. Ошол эле жылы октябрда парламент ага "Түркмөнстандын эмгек сиңирген архитектору" деген наам ыйгарган, бул керт башка сыйынуу адаты мураска өтөрүнүн айкын далили.

Өлкөдө өкүмдарлардын китептери эле эмес, алардын портрети дагы ыйык деп саналат. Мурдагы жана азыркы президенттердин портреттерин бардык мамлекеттик имараттардын боорунан, автобустардан жана таксиден көрүүгө болот. Аларды алмаштыруу иши бюджеттен айлык алгандардын эсебинен жүрөт.

Сердар Бердымухамедовдун Ашхабаддын ээн көчөлөрүнүн бириндеги сүрөтү.
Сердар Бердымухамедовдун Ашхабаддын ээн көчөлөрүнүн бириндеги сүрөтү.

Кээде "урмат-сый" абсурдга чейин жетет. Ушул жылдын сентябрында Дашогуз шаарындагы аэропорттун 15 кызматкери жумуштан айдалган. Буга алардын кесиптешинин туулган күнүндө Сердар Бердымухамедовдун портретинин алдында бийлеп жатканы себеп болгон. "Азатлык" билдиргендей, тойго баргандардын бири бийди TikTok'ко жүктөгөндөн кийин кадрга түшүп калгандын баары иштен айдалып, видеонун автору 15 суткага камалган.

"Түркмөнстанда президенттин жана анын атасынын портреттери ыйык саналат. Кайсы кызматты ээлебеңиз, анын портретине бирдеме кылсаңыз чиновниктер аны адаттан тыш жорук катары эсептеп, сизди жумуштан айдайт же темир торго отургузат. Бул расмий эмес мыйзам", - дейт "Азатлыкка" күч түзүмүндөгү булактар.

"ДЭЭРЛИК УКТАБАЙТ" ЖАНА "ЭЛДИ ШЫКТАНДЫРАТ"

2016-жылы Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин, жаңы лидер Шавкат Мирзиёев устатын көп эскерип, ал калтырган багытты улантарын белгилеген. Убакыттын өтүшү менен Каримовдун ысымы азыраак жаңырып, мурдагы президенттин керт башына сыйынуу адаты Назарбаевдикиндей кескин токтобой, акырындап жоюла баштаган.

Шавкат Мирзиёев Ислам Каримовдун мурасын ачык сындабаса да, андан өзүн алыстатуу үчүн бардык аракетти көрдү. Ал өлкөнүн азыркы жетишкендиктери мурдагы саясаттын уландысы эмес, “жаңы башкаруу ыкмасынын” үзүрү экенин белгилеп келет. Каримов акка моюн сунгандан кийин эки жыл аралыгында анын санаалаштары кызматынан кол жууду. Биринчи президенттин 80 жылдыгын белгилөө аземине Каримовдун эки кызы катышкан эмес.

Ал маалда экс-президенттин тун кызы Гүлнара Каримова паракорлукка жана опузалап акча талап кылууга айыпталып, темир тор артында отурган. Анын сиңдиси, ошол учурдагы Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү Ташкентке келүүдөн баш тарткан, көп өтпөй кызматтан кеткен. Каримовдун үй-бүлөсү коомчулуктун көз алдынан жоголуп, экинчи президенттин бала-чакасына орун бошогон. Учурда Мирзиёевдин улуу кызы Саида президенттик администрацияны башкарса, кичүүсү Шахноза Социалдык коргоо боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары.

Жаңы лидер сый-урмат көрсөтчү объектке айланды. Мирзиёев бийликке келген биринчи айда эле дарегине мактоо жаады. Кубаттаган одалар түз болбосо да кыйыр жаңырды. Өзбекстандык белгилүү ырчы Дильфуза Исмаилова "Султаныбыз кооз жергебизде ден соолукта болсун" деген ырды аткарды.

Өзбек ырчысы Дильфуза Исмаилова Шавкату Мирзиёевге ыр арнап, аны "султан" атаган.
Өзбек ырчысы Дильфуза Исмаилова Шавкату Мирзиёевге ыр арнап, аны "султан" атаган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде ал ыр "жүрөктүн каалоосу" менен жазылганын айткан. Жүз миңдеген көрүүлөрдү топтогон клипте ырчы президентти "султан" деп атаган. Чыгыш өкүмдарларына мурда ушундай даража ыйгарышчу.

Ушул сыяктуу музыкалык одалар Каримовдун дарегине да жаап келген. 1990-жылдары ырчы Огабек Сабиров президент Ислам Каримовго арнап "Коңгуроосу катуу жаңырат", "Миңдеген ыраазычылык" деген ырларды жазган. Ал эми Өзбек эл артисти Юлдуз Усманова 2015-жылы "Самарканд" деген ырында Каримовду "падишах" деп атаган. Кийин ал айрым мактоо ырлары бийликтин буюртмасы менен жазылганын, ырлар Каримовдун кызы Гүлнарага да арналганын моюнга алган. Бүгүн Усманова Гүлнараны "ууру" атап, кымырган миллиарддарын элге кайтарууга чакырып жүрөт.

2015-жылы ырчы Юлдуз Усманова Ислам Каримовго ыр арнап, аны "падишах" деп атаган.
2015-жылы ырчы Юлдуз Усманова Ислам Каримовго ыр арнап, аны "падишах" деп атаган.

Бул салттын табигый уланышы азыркы президентке арналган дифирамба болду. 2021-жылы сенатор Кудратилла Рафиков "Шавкат Мирзиёевдин феномени" аттуу текст жарыялап, анда президентти "Миллат сардори" же "Улут лидери" деп атаган. Ал президенттин энергиясына суктанып, Мирзиёев "дээрлик уктабайт" жана "элге дем берет" деп жазган. Андан кийин башка депутат Акмал Саидов өз макаласында ушул эле ойду кайталап, Мирзиёевди "улут башчысы" деп мүнөздөгөн.

Азырынча Ислам Каримовду "көз карандысыз Өзбекстандын негиздөөчүсү" деп атап, айга-күнгө теңеген расмий актылар кабыл алына элек. Шавкат Мирзиёев бийликке реформатор катары келип, ачык жана өнүккөн "жаңы Өзбекстанды" курууга убада берген. Бирок байкоочулар убакыт өткөн сайын анын образы өзгөчөлөнүп баратканын айтышат. Ырлар, макалалар, ураандар - мунун баары анын айланасында бир кезде устатты курчаган ыйык аураны кайрадан пайда кылууда.

ИНСТИТУТТАР КЕРТ БАШКА СЫЙЫНУУНУ ТОКТОТОБУ?

Изилдөөчу Брюс Панниер Борбор Азия чөлкөмүндөгү алгачкы лидерлер эгемендиктин алгачкы жылдары өлкөсүн башаламандыктан куткарып, өздөрүн туруктуулуктын жана суверенитеттин гаранты эсептешчү.

"Алар айланасынын аларсыз мамлекет жашай албасын айтканына чын ыкластан ишенген. Жактоочулар үчүн башкаруучулар улуттун архитекторлору, куткаруучулары жана доордун символдору болчу. Андыктан эстеликтеринин пайда болушу, алардын ысымдарынын көчөлөргө, шаарларга, китептерге жана университеттерге коюлушу алардын бийлигинин табигый жана татыктуу уландысы катары кабыл алынган", - дейт эксперт.

Культ как неизбежность? В Казахстане хвалят нынешнего президента, как когда-то хвалили предыдущего
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:54 0:00

Панниер белгилегендей, азыр Бердымухамедов да, Токаев да, Мирзиёев да мурдагы башкаруучуларды ачык сындоого жол бере элек.

"Болду дегенде "өткөндүн жаңылыштыктарын" анда-санда эске салып турушат. Анткен менен мурдагы лидерлердин эстеликтерин сактап калуу зарылдыгы жок болгондуктан акырын эле борбордон алыс жылдырып коюшат, алардын урматына аталган объекттер жаңы аталышка ээ болууда", - дейт маектеш.

Бийликтеги адамдын керт башына сыйынуу көзү тирүүсүндө күчүндө болот. Муну Ниязовдун тирүү кези же Назарбаевдин саясаты менен карасак болот. Акыркы жылдары Казакстандын биринчи президенти эл алдында сейрек чыгып, дээрлик билдирүү деле жасабай калды.

Мамлекеттик гезиттердин биринчи бетинде азыр Токаевдин сүрөттөрү жарыяланып, телеканалдар эмне дебесин, кайда барбасын жаздым кетирбей чагылдырып турат. Азыр аны көп учурда жаңылануунун гаранты", "адилеттүү Казакстандын түптөөчүсү" деп аташууда.

Байкоочулар мындан тышкары соңку жылдары анын атасына - советтик жазуучу Кемел Токаевге да көбүрөөк көңүл бурула баштаганын айтышат. Анын китептери кайрадан басылып чыгууда, теледе даректүү тасмалар көрсөтүлүп, эскерүү кечелери жана көргөзмөлөр уюштурулуп келет. Көпчүлүк муну президенттин айланасында “тектүүлүк элесин” жаратуу ниети катары көрүшөт. Башкача айтканда, Казакстанда керт башка сыйынуунун жаңы адаты акырындык менен калыптанууда деген ишарат катары кабылдашат.

"Менимче, маселе биздин өлкөлөрдө баары системанын эмес, бир адамдын айланасында курулуп келгенине байланыштуу, - дейт аты-жөнүн жашыруун калтырууну суранган ташкенттик эксперт. - Лидер бийликте турганда аны көтөрө чалып, пир тутушат. Бирок бийликтен кетери менен, анын артында кооз сөздөр менен эстеликтерден башка эч нерсе калбаганы билинет. Чыныгы мурас - бул күчтүү институттар, көз карандысыз соттор, эркин маалымат каражаттары жана бийлик бутактарынын теңсалмактуу системасы. Бирок Борбор Азияда мунун баары көп учурда жеке инсанды даңазалоого айырбашталып келет".

Макаланы Санжи Туйтунова кыргызчалады. Түп нускасын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

XS
SM
MD
LG