Вашингтон Украинага Батыштагы өнөктөштөрү берген алыс аралыкка учкан ракеталарды колдонуудагы чектөөлөрүн алып салганы кабарланды. Мындай чечим Киевге Орусиянын аймагына сокку урууга ыңгайлуу шарт түзүп, Кремлге аскердик басым көрсөтүүгө мүмкүндүк берерин The Wall Street Journal америкалык аткаминерлерге шилтеме кылып жазды.
Басылманын билдиришинче, 21-октябрда украин күчтөрү бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, британиялык Storm Shadow канаттуу ракеталары менен Брянсктагы химиялык заводго сокку урду.
The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, АКШнын мындай ракеталарды Орусия аймагындагы буталарга колдонууга уруксат бериши Пентагондун чечим кабыл алуу ыйгарым укуктары өзгөргөндөн кийин болгон. Тактап айтканда, мындай чабуулдарды уруксат берүү укугу коргоо министри Пит Хегсеттен Европадагы АКШ аскерлеринин башкы командачысы, аймактагы НАТОнун бирдиктүү командачылыгын жетектеген генерал Алексус Гринкевичке өттү.
Бул кадрдык өзгөрүү АКШнын президенти Дональд Трамптын Кремлге басымды күчөтүп, сөзгө келүүгө аргасыз кылуу демилгеси менен бир учурга туш келди. Мындай аракеттин бир бөлүгү катары Украинага 1600 чакырымдан узак аралыкка уча алган “Томагавк” канаттуу ракеталарын берүү ыктымалдыгы да каралууда.
Ал арада Дональд Трамп The Wall Street Journal басылмасынын маалыматтарын четке какты. “АКШ бул ракеталарга эч кандай тиешеси жок. Алар каяктан учарына, Украинанын аларды кандайча колдоноруна да жооптуу эмеспиз”, - деди Трамп.
Кремл буга чейин “Батыш мамлекеттеринин Украинага курал-жарак бериши согуш талаасындагы кырдаалды жана Москванын көздөгөн максатын өзгөртпөй турганын” билдирген.
Шерине