Трамптын жана Зеленскийдин билдирүүлөрү
Орусиянын жана Кошмо Штаттардын лидерлери өткөн аптада телефондон сүйлөшкөндө президент Путин Украина согушту токтотуш үчүн Донбасстын калган бөлүгүн толугу менен Орусияга өткөрүп бериши керек деген талабын кайра койгонун эл аралык медиа жазып чыкты.
Анын эртеси президент Трамп муну төгүндөдү. 20-октябрда Трамп президенттик Air Force One учагынын бортунан журналисттерге Украина жана Орусия фронттун азыркы сызыгында токтошу керектигин айтты:
“Жок, биз бул тууралуу эч качан сүйлөшкөн эмеспиз.Майданда азыр ким кайсы жерде турса, ошол сызыкта калышы керек деп санайбыз. Майдан сызыгы бар да. Калганы сүйлөшүүлөр үчүн өтө татаал. "Сен муну аласың, мен тигини алам" дегенге өтсөк толтура вариант чыгат. Андыктан мен аларга азыркы майдан сызыгында токтоп, үйүңөргө кайткыла, адамдарды өлтүргөндү токтоткула деп жатам. Болгону ошол".
Зеленский Украина азыркы майдан сызыгында ок атышууну токтотууга даяр экенин ырастап, бирок Украина эч качан оккупацияланган аймактарды Орусияныкы деп тааныбай турганын так кесе айткан.
Быйыл августта Аляскадагы жолугушуунун алдында "Донбассты таштап кетүү мүмкүн эмес” деген Зеленский бул ирет дагы бир жолу өз позициясын кайталады:
"Биз агрессорго эч нерсе бербейбиз. Эч нерсе эстен чыккан жок. Биз Орусия узак мөөнөттүү коркунуч экенин көрүп жатабыз. Бизге, Европага узак мөөнөттүү жана натыйжалуу кызматташтык керек. Ошондо гана адамдар тынч жашай алат".
Трамптын соңку билдирүүсү анын мурдагы сөздөрүнө каршы келет. Бир ай мурун ал: “Киев азыр украин жерин толугу менен кайра кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ,” - деп айткан.
Ак үй Украинанын аймагына карата өз көз карашын өзгөртүп жаткандай таасир калтырганы менен Кремл өз позициясынан кайткан жок.
Донбасс азыр да Путиндин саясий жана аскердик стратегиясынын борборунда турат. Бул аймак 1 100 чакырымга созулган фронттук сызык менен бөлүнүп, ондогон шаарлар кыйраган. Москва үчүн Донбасстын мааниси экономикалык, маданий жана тарыхый жактан ондогон жылдарга, балким, кылымдарга созулат.
Донбасс – Украинанын өнөр жай борбору
Донбасс - Украинанын өнөр жай борбору. Бул жерде көмүр шахталары, болот эриткен жана металлургиялык заводдор, порттор, темир жол түйүндөрү жана оор өнөр жай ишканалары жайгашкан. Луганск жана Донецк облустарын камтыган аймактын жалпы аянты 52 миң чарчы чакырым.
Совет мезгилинде Донбасс СССРдин оор өнөр жайын иштетип турган негизги кыймылдаткыч күч болгон. Аймактагы көмүр жана металл ишканалары Союзду Европанын өнөр жай өлкөлөрү Германия жана Улуу Британия сыяктуу державалар менен тең атаандашуу деңгээлине чыгаруу максатында курулган.
Донецк облусунун түштүк жээги Азов деңизи менен чектешет жана бул жерде Мариуполь порту жайгашкан. Ал жерде 2022-жылга чейин дүйнөдөгү эң ири болот заводу «Азовсталь» иштеген.
1990-жылдардын башында Донбасс акырындык менен “дат баскан курулуш аймагына” айланып кеткен. Эскирген инфраструктура, инвестициянын жетишсиздиги жана дүйнөлүк рыноктогу атаандаштык ишканалардын көпчүлүгүн алсыраткан.
Ошентсе да Украинанын эң бай бизнесмендеринин көпчүлүгү дал ушул аймактан чыккан. Алардын арасында өлкөнүн мурдагы президенти Виктор Януковичтин тарапташтары да болгон.
Донбасстан чыккан миллиардерлер «Региондор партиясын» каржылап, анын саясий үстөмдүгүн камсыз кылып турушкан.
Андан көп өтпөй Орусиянын колдоосундагы жикчилдер аймактагы аскердик жана мамлекеттик имараттарды басып алып, Донецкти «элдик республика» деп жарыялашкан.
Москва кийин бул жикчилдерге аскерлерин жөнөткөн. Украинанын куралы жок аз сандагы армиясы орус күчтөрүнө каршы бир нече ири салгылашууда туруштук берүүгө аргасыз болгон.
Ошол окуялардын натыйжасында “Донецк элдик республикасы” жана “Луганск элдик республикасы” деп аталган түзүмдөр пайда болуп, кийин Путиндин 2022-жылдагы Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын аннексиялоо чечимине негиз болгон.
2022-жылга чейин Украинанын Орусиянын көзөмөлүндө турган аймагы 42 миң чарчы чакырымды түзүп, анын басымдуу бөлүгү Донбасс аймагында болчу. Мындан тышкары, 2014-жылы аннексияланган Крым жарым аралы да орус оккупациясында калган.
Донбасстагы коргонуу чеби
Орусиянын күчтөрү Украинага басып киргендин алгачкы маалында Донбасстагы бир катар ири шаарларды каратып алган.
Үч айга созулган кармаштан кийин 2022-жылдын май айында Мариуполь шаарына орус аскерлери басып кирген. Северодонецк бир ай өтпөй, июнда орус аскерлеринин колуна өткөн. Бир жылдан кийин Донецк облусундагы Бахмут шаары да Орусиянын басымы алдында калган. Бул шаарды президент Владимир Зеленский жана анын командасы өзгөчө маанилүү деп эсептешкен эле.
Бахмуттан кийин украин аскердик жетекчилиги аймактагы жаңы коргонуу линияларын бекемдөөгө көңүл бурган. Алар коргонуу системасын түзүп, анын негизги пункттары Славянск, Краматорск жана түштүк тараптагы Константиновка шаарлары болгон.
Бул линия болжол менен 50 чакырымга созулат.
Украинанын согуштук стратегиясы ушул чептик зонаны сактап калууга багытталган. Бул аймак Орусиянын Донецк облусун толугу менен басып алуу максатына бөгөт коюп турган эң маанилүү тилке.
Эгер Орусия бул чепти бузуп өтсө, анын аскерлери Донецк облусунун батыш чек арасына чейин тез жылып барууга мүмкүнчүлүк алат. Бул Кремль үчүн “Донбассты толугу менен алуу” стратегиясын ишке ашырат.
Ал эми эгер Украина бул коргонуу линиясын сактап калса, анда Орусия үчүн жаңы чабуулдарды пландоо кыйыныраак болот. Президент Зеленский август айында:
“Донбасс келечектеги жаңы чабуулдар үчүн маанилүү. Ошондуктан биз бул жерди кармап турушубуз керек”, - деп белгилеген.
Европадагы “Новая газета" басылмасынын башкы редактору Кирилл Мартынов “Настоящее время” телеканалына курган маегинде:
“Украина үчүн Донецктин калган бөлүгүн берүү коргонуу жөндөмүнөн толук ажыроо дегенди билдирет. Путин бул аймакты 11 жылдан бери басып алууга аракет кылып келет. Эгер ага азыр чеп катары калган жерлер берилсе, бул түз эле Харьков менен Днепрге жол ачат. Башкача айтканда, жаңы согушка түрткү болушу мүмкүн. Ал согушта Путинге жеңүү оңой болот”, - деген.
“Новороссия” жана Кремлдин тарыхый жүйөлөрү
Кремлдин Донбасска жана жалпы Украинанын аймагына көз артуусунун тамыры XVIII кылымга, Екатерина IIнин тушундагы Орусия империясынын кеңейүү дооруна барып такалат. Ошол кезде империя Кара деңиздин жээгине жана Батышка, Балканга чейин кеңейген.
Бул жаңы басып алынган аймактар «Новороссия» (“Жаңы Орусия”) деп аталып калган. Кийин кремлчил, үгүтчү философ Александр Дугин «орус дүйнөсү» деген түшүнүктү жайылткан. Ал Орусиянын тарыхый жана маданий чегин кеңейтүүнү жактаган.
Путин бул идеяны 2014-жылы Крымды басып алган соң ачык колдой баштаган. Ошентип, Крым орустар үчүн символдук жана тарыхый мааниси чоң аймак катары кабыл алынган.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин совет бийлиги Донбасска орус улутундагы адамдарды көчүрүп келип, индустриалдык жумуш күчүн түзгөн. Ошол себептен, 1991-жылы СССР кулаган маалда Донбасс Украинанын бардык аймактарынын ичинен орус улутундагы калктын үлүшү эң жогору болгон, бирок баары бир азчылыкты түзгөн.
Согуш башталганга чейин Донбасс жана башка аймактарда орус тили кеңири колдонулган. Мисалы, президент Владимир Зеленский түштүк-батыштагы Кривой Рог шаарынан чыккан жана бала чагында биринчи тил катары орус тилинде сүйлөгөн.
Украинанын айрым улутчул саясатчылары мезгил-мезгили менен орус тилинин макамын төмөндөтүү же мамлекеттик тил катарына кошпоо демилгелерин көтөрүп турушкан. Бирок бул сунуштар элдик референдумдарда колдоо тапкан эмес.
2022-жылдын 24-февралында Путин Украинага басып кирер алдында теле аркылуу кайрылуу жасап, “Украинада орус тилдүү элге карата геноцид жүрүп жатат” деген доомат койгон.
Бул Украинага кол салууну “актоо” үчүн Кремл колдонгон негизги пропагандалык аргумент болгон.
Эки жылдан кийин Орусия БУУнун Эл аралык сотуна кайрылып, Донбасста геноцид болуп жатат деген доо койгон. Бирок эл аралык уюмдар жана көз каранды эмес байкоочулар бул дооматты жалаа жана саясий манипуляция катары баалашкан.
2022-жылга чейин Донбасс аймагында алты миллионго жакын адам жашаган. Бирок согуштун жана оккупациянын айынан жүз миңдеген тургун башка аймактарга жана чет өлкөлөргө чыгып кеткен.
Орусия бул аймактагы этникалык орустарды жана орус тилдүү украиндерди “көз карандысыз мамлекет” түзүүгө үндөп келген. Бирок шайлоолор жана сурамжылоолор көрсөткөндөй, Донбасстын тургундарынын басымдуу бөлүгү Орусияга кошулууну каалаган эмес.
Украина үчүн Донбасс өлкөнүн тарыхый, өнөр жай жана маданий бөлүгү. Ал эми Москва үчүн бул аймак империялык дымактын жана тарыхый символдун белгиси.
Быйылкы жылга карата Орусия Донбасстын дээрлик 90 пайызын көзөмөлдөп турат. Бирок бул аймак үчүн кармаш токтой элек. Донецк жана Луганск шаарларынын айланасында кармаш деле уланууда.
Шерине