АКШ Дональд Трамптын администрациясы бийликке келгенден бери алгач жолу Орусияга карата санкцияларды күчөттү. Бул тууралуу 22-октябрь кечинде жарыяланды. Санкциялык тизмеде Орусиянын ири мунай компаниялары “Роснефть” жана “Лукойл” бар. Санкциялар бул компанияларга караштуу 50дөн ашык туунду ишканаларга да тийиштүү.
Кошмо Штаттардын финансы министри Скотт Бессенттин билдирүүсүндө мындай чектөөлөр орус бийлигинин “Украинада тынчтык процессин алга жылдырууга олуттуу каалоосу жок болгону” үчүн киргизилди. Бессент “Ок атууну жарыялап, адамдарды өлтүрүүнү токтотууга эң ынгайлуу мезгил болчу. Бирок Путиндин бул мааниси жок согушту токтотуудан баш тартканын эске алып, Финансы министрлиги Кремлдин согуш машинасын каржылаган эки ири мунай компаниясына санкция салды” деп билдирди.
АКШ бийлиги санкцияларды күчөтөрү тууралуу мындай чечим кабыл алынардан бир нече саат мурун гана белгилүү болгон.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Вашигтон көп убакыт Орусиядан тынчтык орнотуу боюнча иш жүзүндөгү кадамдарды күткөнүн, эми Москвага санкцияларды күчөтүү мезгили келгенин билдирди.
Өткөн аптада Трамп Путин менен телефондон сүйлөшкөн соң эки лидер Будапештте жолугушарын билдирген. Бирок жолугушуу жакын арада болбой турганын, Трамптын андай планы жок экенин Ак үйдөн кабарлашты.
22-октябрда Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Орусияга карата санкциялардын 19-пакетин макулдашкан. Бул чечим 23-октябрда толук кабыл алынышы мүмкүн.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жаңы санкциялар орус мунайы үчүн баалардын чегин бир баррель үчүн 60 доллардан 46,7 долларга чейин төмөндөтүү, “Мир” төлөм системасына каршы чектөөлөрдү күчөтүү, “Газпром”, “Роснефть” деген компаниялардын транзакцияларына тыюу салуу жана башка чектөөлөр бар экенин билдирген.
Орусия Батыштын бул санкцияларын мыйзамсыз деп атап келет.
Шерине