Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Батукаевдин иши: Табалдиев качтыбы?


Бусурманкул Таабалдиев.
Бусурманкул Таабалдиев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгаруу ишинде аты аталып келаткан Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевдин өлкөдөн чыгып кеткени айтыла баштады.

Расмий органдар азырынча бул маалыматты ырастай элек, бирок аны төгүндөшкөн да жок.

Укук коргоо органдары Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев кайда экенин билбей жатышканын 24.kg агенттиги өз булактарына таянып жазып чыкты. Маалыматта Табалдиев Түркияга чыгып кетиши ыктымал экени жазылган.

Бул маалыматты ишти тергеп жаткан Ички иштер министрлиги ырастай элек. Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалыматтар берилбей турганын айтты:

«Бизде андай маалымат жок. Тергөө эмнени бериш керек болсо, берип жатышат, калгандары тергөөнүн купуялыгы үчүн берилбейт. Эгер бизге маалымат беришсе, расмий түрдө таратабыз. Азыр жети киши камакта, төртөө өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулган, экөө үй камагында».

Мамлекеттик чек ара кызматы да кайсы бир жарандын өлкөдөн чыгып кеткени боюнча маалымат берилбей турганын билдирүүдө.

Бусурманкул Табалдиевдин өзү жана анын жакындары менен байланышуу аракети да азырынча майнапсыз болуп жатат.

Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошоткон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп турган. Анын бул ишке тиешеси болушу ыктымал экенин ошол кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун өз көрсөтмөлөрүндө белгилеген. Бул тууралуу ал маалымат каражаттарындагы интервьюларында да айтып жүрөт.

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

«Кетип калышы толук ыктымал, - деди ал. - Анткени булар кара жанын аябай калкалашат. Таабалдиевдин Батукаевге тийиштиги ачык да. Биринчилерден болуп Табалдиев, Нарынбаев экөө жооп бериши керек. Табалдиев мага телефон чалып, «кечээ Батукаев учуп кетти, эч ким интервью бербей жатат, «маалыматтык боштук» болуп калды, акыйкатчы катары журналисттер сурап жатат, комментарий берип коёсузбу» деп айтты. Бирок «мындай-тигиндей айтыңыз» деген эмес. Иш бөлмөмө келсем журналисттер 15-20 камера менен күтүп турушуптур».

Табалдиев анда жергиликтүү маалымат каражаттарынын бириндеги маегинде Турсунбек Акунга чалганын ырастап, бирок «интервью бер» деп суранбаганын айткан болчу. Бул иш боюнча Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы суракка чакырылып-чакырылбаганы буга чейин айтылган эмес. Ошол себептүү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков анын өлкөдөн чыгып кеткени анык болсо чоң чырга себеп болот эсептейт.

«Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун мындан 1,5 ай мурда эле көрсөтмө берген, - деди ал. - Ошонун негизинде эле ар бир чек арага коргоо карталары коюлат. Тергөө аны да сурап, жоопко тартышы керек болчу. Анткени ал киши ошол кезде Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп жатпайбы. Тергөө объективдүү жүргүзүлүп жатканына ишене албай жатам. Зарылбек Рысалиев да жоопко тартылбай жатат. Анткени өзүнүн колунда иштеген адамдар тергеп жатат».

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң Орусияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштап, ага катышы бар экени айтылган дарыгерлер, жетекчилер кармалган. Алардын ичинде мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов үй камагына чыгарылган. Алар тергөө менен кызматташып жатканы айтылды. 5-июль күнү Бишкек шаардык соту бул иште шектүү катары кармалган мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин абакта калтырган чечим чыгарган.

Ал эми Батукаев бошотулган учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган Зарылбек Рысалиев Таш-Дөбө кыштагындагы (Воронцовка) Кыргыз улуттук курортология институтунда дарыланып жатат. Рысалиев сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал өткөн аптада атайын ооруканадан Курортология институтуна которулган. Институттун жетекчисинин орун басары Махмуд Султанмуратов Рысалиевдин абалы дурус экенин, бирок дагы бутуна турушу керек экенин «Азаттыкка» билдирди.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев Батукаевдин ишине бийлик өзү кызыкчылыгы болуп турганын, андан башка кыңыр иштердин бетин ачуу, иликтөө унутта калганын белгиледи:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Чындыгында Батукаевдин ишине караганда Кыргызстан үчүн өтө маанилүү иштер толтура. Кумтөрдөгү коррупция - коррупциялык кылмыштардын туу чокусу. Рейдерлик болгон, аларды эмнеге карабайт? Кийинки убактарда мамлекеттин мүлкү беш эле тыйынга сатылып кеткен, буларды эмнеге карабайт? Кылмыш кылган адамдар качып жүрөт, чыгып кетишти, өздөрү качырып жиберишти. Ошондуктан өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын жогору коюп жатышат».

Батукаев бошогон жылы жооптуу кызматтарда иштеген Табалдиев менен Рысалиев экөө тең 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду сүрөп чыгышкан. Ал эми буга чейин дагы бир вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин расмий органдар дээрлик бир айдан кийин гана ырасташкан.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма бергенин Шамил Атахановдун көрсөтмөсүнө таянып башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 25-июнда Жогорку Кеңеште билдирген. Атамбаев билдирүү таратып, бул ишке байланыштуу чындыкты убагы келгенде Батукаев өзү сүйлөп берет деп ишенерин айткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG