Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:30

Жарандык коом Бурулайдан кечирим сурады


Маркум Бурулай Турдаалы кызы.
Маркум Бурулай Турдаалы кызы.

Бүгүн Кыргызстандагы аялдар уюмдарынын өкүлдөрү коомчулукка, бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты. Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков кызды өлүмгө жеткирген окуянын күнөөкөрлөрүн катуу жазалоону өкмөттөн талап кылды.

Кыргызстандын аялдар уюмдарынын өкүлдөрү Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу президентке, спикерге жана өкмөт башчыга атайын кайрылуу жиберишти.

Ага байланыштуу уюштурулган басма сөз жыйынында "Демократиялык процесстерди изилдөө борбору" коомдук фондунун серепчиси Гүлбарчын Жумабаева бийликке коюлган талаптар тууралуу буларды айтты:

Гүлбарчын Жумабаева.
Гүлбарчын Жумабаева.

- Бийлик өкүлдөрүнөн аялдар уюмдарынын катышуусу менен тезинен жыйын өткөрүүнү, Бурулай Турдаалы кызынын өлтүрүлүшү боюнча объективдүү, ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылууну жана бардык күнөөлүүлөрдү акыйкат жазалоону талап кылабыз. Мажбурлап никеге тургузуу сыяктуу мындай көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча конкреттүү аракеттердин планын түзүү зарыл.

29-май күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салганы кабарланган. Прокуратура милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" беренеси менен иш козгогон.

Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда. Өлүм менен коштолгон кыз ала качуу коомчулукта да кызуу талкуу жаратты. Талкуу социалдык тармактарда #КечирбиздиБурулай деген хештегдин алдында жүрүп жатат.

Президент баштаган бийлик кандуу кыз ала качууга реакциясын сегиз күндөн кийин билдирди. 4-июнда президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолуккан учурда Бурулайдын өлүмүнө күнөөлүүлөр катуу жазаланышы керек экенин айтты:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

“Милициянын мындай шалаакылыгы, жоопкерсиздиги жана кесипкөйлүктөн алыстыгы элдин нааразылыгын туура эле жаратып жатат. Кыздын өлүмүнө айыптуулардын баарын катуу жазалоону, кызматтан алгандан баштап кылмыш жообуна тартууга чейинки чара көрүүнү талап кылам”.

Буга чейин президенттин же өкмөт башчынын маркумдун жакындарына көңүл айтпаганы же атайын кайрылуу жасабаганы коомчулукта сынга алынып жаткан.

Демократиялуу, адам укугун сактаган өлкөдө ушундай окуя болсо - премьер-министр да, ички иштер министри да өз каалоосу менен кызматынан кетмек. Биздикилер болсо отурат, унчукпастан...
Азиза Абдирасулова

Ал арада белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Фейсбуктагы" жеке баракчасы аркылуу "Бурулай, бизди кечир!" акциясын өткөрүү демилгесин көтөрдү. Укук коргоочуну Бурулайдын милициянын имаратында өлтүрүлгөнү айрыкча кооптондурууда:

- Демократиялуу, адам укугун сактаган өлкөдө ушундай окуя болсо - премьер-министр да, ички иштер министри да өз каалоосу менен кызматынан кетмек. Биздикилер болсо отурат, унчукпастан, “күнөө бизде эмес, 20 секунданын ичинде эле ушундай окуя болуп кетти” деп. Эч убакта кылмышкерди колго түшүрүп туруп, анан жабыркаган адамдын жанына отургузбайт!

ИИМдин 23 кызматкери иштен кетти

Окуя боюнча милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү ("Өз ишине шалаакы мамиле") менен кылмыш иши козголгон. Териштирүүнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облустук башкармалыгы жүргүзүүдө. Кылмыш ишинин иликтенишин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жеке көзөмөлүнө алган.

Бүгүн ал иликтөө аяктады. Анда Жайыл райондук милиция кызматкерлери тартиптик уставды, “Нөөмөт бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн жогорулатуу чаралары жөнүндө” буйруктун талаптарын, “Ички иштер органдарынын кесиптик этикасынын кодексин” одоно бузганы айтылат.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кандуу окуяга байланыштуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана анын эки орун басары, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды. Райондук милиция башчысынын орун басары "өз ишине кайдыгер мамиле кылган, кол алдындагы ыкчам тергөө тобунун өздүк курамына жетиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес" деп табылып, ички иштер органдарынын кызматынан биротоло кетирилди. Экинчи орун басар эскертүү алды. Райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду.

Тергөөчү Э.Кадышев, Чүй облустук жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын жолду көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, аталган бөлүмдүн нөөмөттөгү улук тескөөчүсү да иштен бошотулду.

Жалпысынан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында 23 кызматкер жазаланды. Анын бешөө милициядан биротоло кетмей болушту, сегизи иштен айдалып, жети кызматкерге эскертүү берилди. Иликтөөнүн жыйынтыгына укуктук баа бериш үчүн материалдар прокуратурага жөнөтүлдү.

Укук коргоочулар билдирген статистикага ылайык кыз ала качуу айыл жергесинде шаарга караганда эки эсе көп катталат. Акыркы үч жыл ичинде 80ден ашык кыз укук коргоо органдарына кайрылган. Бирок күнөөлүүлөр жазага тартылган факт каттала элек. Укук коргоочулардын маалыматына ишенсек, катталган фактылардын, арыз-даттануулардын көпчүлүгү тергөө учурунда кыскартылып, сотко жетпей калат.

Кризистик борборлордун адистеринин, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана укук коргоочулардын билдиргенине караганда, Кыргыз Республикасында ала качуу жолу аркылуу никеге тургандар 20 пайызды, үй-бүлөлүк зомбулуктун үлүшү алты пайызды түзөт.

"Азаттык+": Кечир, Бурулай

Ала качуу: Кечир, Бурулай!
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:38 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG