Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Курал кампасындагы табышмактуу өлүм (видео)


Маркумдун апасы менен келинчеги
Маркумдун апасы менен келинчеги

26 жаштагы милиционер Эрлан Сөлпүевдин үй-бүлөсү анын атынып өлгөнүнө ишенбейт.

23 жаштагы Жайлоогүл үйлөнүү тоюнан бир ай өтпөй күйөөсүнөн ажырап, жесир калып отурат. Ал күйөөсү Эрлан өзүн өзү атып өлдү дегенге ишенбейт.

- 29-октябрда эле үйлөнгөнбүз. Жада калса тоюбузду толук берип бүтө элек болчубуз. Анын өз жанын кыйды дегенге ишенбейм. Анткени үйдө эч кандай маселе жок болчу. Жаңы баш кошуп, ысык кезибиз болчу. Бир айга жетпей жесир калып, анын кийимдерин кучактап отурам...

Жообу жок суроолор...

Ички иштер министрлиги 1-декабрда мекеменин Кой-Таштагы курал-жарак сактаган кампасында күзөттө турган кенже сержант Эрлан Сөлпүев Калашников автоматы менен өзүн өзү башка атып өлгөнү тууралуу маалымат тараткан.

Милицияны сынаган каргаша

Милицияны сынаган каргаша

Июнь каргашасында Ош жана Жалал-Абад облустарындагы элдин тынчтыгын сактоо учурунда жалпысынан 9 милиция кызматкери каза тапкан. Алар: Адылбек Султанов, Мыктыбек Сулайманов, Уран Шамурзаев Ибрагим Кулбаев, Кыялбек Бегалиев, Нурбек Жумабаев, Бакыт Байкишиев, Канжарбек Шадыбеков жана Бекали Айдаровдор эле.

Маркумдун ата-энеси, жакындары министрлик тараткан кабардан шек санап турушат. Маркум милиционердин энеси Гүлзар өлүмгө башка нерсе себеп болгон дейп ойлойт.

- Уулумдун сөөгүн көрдүм. Сол көзүнө атылган ок башынын артынан чыгып кетиптир. Өзүн кантип ушинтип атсын? Буту менен атынган дешти. Бирок мен ишенбейм. Уулум андайга бармак эмес. Бирөөлөр эле атты деп ойлойм. Жаңы үйлөнгөн жигит эмнеге өзүн өлтүрмөк эле? Уулумдун өлүмү табышмак бойдон калып жатат.

Милиционердин сөөгү Токмокто жерге берилди. Эрлан төрт бир туугандын улуусу болчу. Анын карындашы Асел Ички иштер министрлиги өлүм боюнча көп маалыматты жашырып жатат деп, айрым жагдайларды тизмектеди.

- Биринчиден, атам барган кезде окуя болгон жерди жабык деп көрсөтүшпөптүр. Байкемди жарым жылаңач кылып сыртка алып чыгып коюшуптур. Жашыра турган нерсе жок болсо ынандыруу үчүн деле көрсөтмөк да. Экинчиден, күзөттөгүлөр эки саат сайын алмашуусу керек болсо байкем нөөмөттө беш сааттай туруптур. Эмнеге эки сааттан кийин кабар алышкан жок? Эмнеге беш саатка чейин автоматтын үнүн эч ким укпайт? Үчүнчүдөн, маалыматтар бири-бирине дал келбей жатат. Бири атынганын телефонуна видеого тарткан десе, экинчиси өлгөн кезде телефонунда музыка чыгып жатыптыр дейт. Андай болсо телефонун беришпейт беле. Алты айдан кийин беребиз деп жатышат. Ага чейин керектүү маалыматтын баарын тазалап салышат. Мен ИИМди күнөөлөгүм келбейт. Толук маалымат берилбегендиктен шек санап жатабыз.

Анткен менен Ички иштер министрлиги күзөттө турган кенже сержант өзүн өзү атып өлдү деп ишендирүүдө. Мекеме тараткан билдирүүдө учурда окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканы айтылат.

- Милиционер нөөмөттө турганда автомат менен өзүн өзү башка атып өлгөн. Учурда комплекстүү тергөө иштери жүрүп жатат. Окуянын бардык жагдайлары такталып, маалыматтар чогултулуп жатат. Тиешелүү экспертизалардын баары дайындалды. ИИМдин ички иликтөө кызматы бекитип берилген куралдын өлүмгө алып келген жагдайларын териштирип жатат.

Министрлик иликтөө бүтө элек деген жүйө менен маркумдун туугандары шек санап жаткан жагдайлар боюнча түшүндүрмө бере элек. Кенже сержант 2009-жылы аскерде кызмат өтөп, андан кийин дароо эле ички иштер органдарында иштей баштаган. Эрлан окко учкан жер ИИМдин атайын даярдыктагы полкуна карайт.

Кенже сержанттын табышмактуу өлүмү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:43 0:00

Жоопкерчилик кимде?

Кенже сержанттын өлүмү коомчулукта түкшүмөл ойлорду жаратууда. “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова жарандык көзөмөл жок, жабык жайлардагы мындай кырсыктар биринчи ирет катталбаганын эске салат. Анын айтымында, окуяга күнөөлүүлөрдү жоопко тартмайын мындай каргашалар улана берет.

- Жарандык көзөмөл болбогон жерде ушундай окуялар боло берет. “Кырсык” же “кокустук” деп жаап коюшет. Биринчи кезекте көзөмөлдү күчөтүү керек. Экинчиден, командирлердин жоопкерчилиги каралбай жатат. Бирөөнүн чырактай баласы кызматка кетип эле кечинде сөөгүн бергени - мамлекеттин да жоопкерсиздиги.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, милициянын полковниги Өмүрбек Эгембердиев мындай окуяларды күч органдарындагы курал-жаракка болгон шалаакы мамиледен көрөт.

- Курал-жаракка кандай мамиле кылуу керектиги уставда так жазылган. Керек болсо кан менен жазылган деп айтып коюшат. Ошондуктан куралга өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек. Устав так сакталса мындай окуялар болбойт эле. Бул жерде тартипти сактап, көзөмөл кылбаган жетекчилердин да күнөөсү чоң.

Милиция кызматкерлерине кол салуу же алардын өз жанын кыюу аракеттери алгач ирет катталып жаткан жок. Айрым талдоочулар муну күнөөлүү адамдардын жазага тартылбай жатканынан көрүшөт. Кандай болгон күндө да кенже сержанттын үй-бүлөсү окуянын кылдат иликтенишине үмүт артып турушат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG