Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Ишенимдүү кадрлар генерал чинин алды


Президент Алмазбек Атамбаев жана ички иштер министри Улан Исраилов.
Президент Алмазбек Атамбаев жана ички иштер министри Улан Исраилов.

Президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине генерал-майор наамын берди.

Президенттин жарлыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаевге, ички иштер министри Улан Исраиловго жана анын орун басары Данияр Абдыкаровго генерал-майор наамы берилди. Мамлекет башчы кетерине аз калганда берген бул наамды кубаттагандар да, сындагандар да болууда.

ИИМ жетекчисине айтылган сындар

Убагында Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, кийин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматын да жетектеген Исраиловдун дарегине ИИМдеги реформаны жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырбаганы үчүн сын айтылып келет.

Милиция кызматкерлери. Бишкек.
Милиция кызматкерлери. Бишкек.

Жакында ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери коомчулукка, президентке, премьер-министрге жана парламентке ачык кайрылуу жолдоп, министрликтеги кадрдык дайындоолор кызмат орундарын сатуу аркылуу жүрүп жатканын айтышкан.

Анда ички иштер министри Улан Исраилов орун басары Данияр Абдыкаров жана ички териштирүү кызматынын башчысы Скандарбек Көчөрбаев менен биригип алып, чалкеш кадр саясатын жүргүзүп жатканы көрсөтүлгөн.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы арызда көрсөтүлгөн маалыматтар текшериле турганын билдирип, айтылгандардын көбүн жалаа катары сыпаттаган болчу.

ИИМ жетекчилеринин жогорку чин алышы бул мекеменин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш алып барган эки кызматкери парага шектелип камалган, дагы бир тартип сакчысынын бычакталып каза болгон учуруна туш келди. Мындан улам коомчулук генералдык наам алган жетекчилердин ишине ар кандай баа берип жатышат.

Кылмыш дүйнөсү тууралуу жазып жүргөн журналист Семетей Талас уулу наам берүү саясий чечим болгонун белгиледи:

- УКМКнын терроризмге каршы күрөшүп жатканын бааласа болот. Ушул багытта иштеп жатышат. Чындыгында алардын өздөрүнүн кадрдык чекисттери бар, бул ошолордун эмгеги. Ал эми милицияда болсо эч өзгөрүү жок. МАИлер баягыдай эле пара алып жатат, ырчы Клара Алибекованы мазактаган милиция кызматкерине чара көрө албагандан кийин кантип генералдык наам алат? Данияр Абдыкаров тууралуу укмуш жазып жатышат. Ошондон жыйынтык чыгарбай туруп алганы туура эмес. Улан Исраиловго чын эле эрте. Эми булар саясий генералдар да.

Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

Мындан сырткары байкоочулар уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш чабал жүрүп жатканын белгилеп келишет. Анткен менен ИИМдеги реформалар Исраилов келгени байкалып, жылыш болууда дегендер да жок эмес. Антип айткандардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов да бар:

- ИИМ иштеп жатат. Анча-мынча мүчүлүштүктөр бар, жакында пара менен кызматкерлер камалды. Бир гана бул тармакта эмес, башка министрликтерде да толгон-токой иштер болуп жатат. Кичине кемчиликтерди алып чыга берген болбойт да. Жакшы жактарын да айтса болот. Реформа болуп жатат, криминалдык полиция, тергөө болуп өзүнчө бөлүнбөдүбү. Дагы алты башкармалыкка бөлүндү. Эми башталбадыбы бул реформа, убакыт өткөндө көрөбүз да.

Сегизбаевдин генералдык наамы

Президент Алмазбек Атамбаевдин 28-октябрдагы жарлыгына ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевге генерал-майор аскердик наамы ыйгарылды. Жарлыкта Сегизбаевге аскердик наам "өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга кошкон салымы үчүн" ыйгарылганы айтылган.

Алмазбек Атамбаев менен Абдил Сегизбаев.
Алмазбек Атамбаев менен Абдил Сегизбаев.

Буга чейин президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы, 2010-жылдан кийин президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, кеңешчиси, УКМКнын улуттук коопсуздукка тобокелдерди болжолдоо жана анализдөө кызматынын башчысы болуп эмгектенип келген 44 жаштагы Абдил Сегизбаев 2015-жылдан бери бул мекемени башкарып келе жатат.

Серепчилер УКМК башчылыгына Абдил Сегизбаев келгенден кийин "бийликти кулатууга аракет кылган" деген шек менен жана коррупцияга айыпталып, бир катар саясатчылардын камалганын белгилеп жатышат. Алардын айрымдары соттолуп, учурда жаза мөөнөттөрүн өтөп жатат.

Абдил Сегизбаевдин аты чуулгандуу "Белгизгейт" жаңжалы менен да байланыштуу.

"Белизгейт": аныгы менен арсары

"Белизгейт": аныгы менен арсары

Жогорку Кеңеш УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин Белизден келди деген документтер боюнча маалыматын териштирди.

"Белизгейт" жаңжалы былтыр ноябрда чыккан эле. Анда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынды делген документтерди көрсөткөн. Ал документтер боюнча “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, аталган фракция мүчөлөрү Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов мындан төрт жыл мурун “Альфа Телекомдун” акциясынын жарымын сатууга аракет кылган деп айтылган. Бул фактыларды иликтөө үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн.

"Ата Мекендин" депутаттары атайын кызматтын бул маалыматтарын негизсиз каралоо катары баалап, четке кагышкан.

Бул иштин бети ачылып, такталбаса Абдил Сегизбаев иштен кете турганын буга чейин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев да айткан болчу. Бирок "Белизгейт" маселеси бийлик тарабынан ошол бойдон кайра көтөрүлө элек.

УКМКнын мурдагы башчысы, милициянын генерал-майору Кеңешбек Дүйшөбаев коомчулукта айтылган сын-пикирлерге негиз бар экенин белгиледи:

- Алардын кызмат орундары генералдык орундар. Ошондуктан бул чин берилгени туура болду, президенттин мыйзам түрүндө бергенге укугу бар. Бир жагынан канчадан бери укук коргоо, сот тармагында реформалар жүрбөй, чоң көйгөйлөр болуп жатпайбы. Алар чечилбей, аны коомчулук көрбөй, сезбей, тескерисинче укук коргоо органдарынын баары сөз эркиндигин чектеп, журналисттерди кубалап, саясий оппоненттердин баарына кылмыш иштерин токуп, сот жообуна тартып, саясий заказдарды аткарып жатпайбы. Бул жагынан алганда укук коргоо органдары бирөөлөрдүн колунда саясий оппоненттерин кубалачу куралга айланып калды. Ошондуктан коомчулуктун сын-пикирине негиз бар деп ойлойм. Экинчиден, кетердин астында сыйлык бериши мыйзам ченемдүү иш десек болот. Ал өзүнүн бийлигин күчтөп, түптөгөнгөндөргө, саясий оппоненттерин талкалоого жардам бергендерге кандайдыр бир сыйлык берип кетиши керек да.

Мындан сырткары президенттин акыркы жарлыктары менен Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбөй Казаков мумия чырынан кийин кызматынан бошотулуп, Кылычбек Султанов Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалды.

Кызматкерлердин өлүмү, милицияга сын
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG