Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен байланыш түзүп, күч түзүмүнүн ичиндеги ыкчам маалыматтарды жеткирип, керек учурда алардын качып кетүүсүнө шарт түзүп берген деп шектелген алты кызматкердин бирөө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында, калгандары Чүй облустук ички иштер башкармалыгында иштеп келишкен.
ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, күч түзүмүндө буга чейин деле милициянын аброюна көө жапкан кызматкерлер тууралуу маалыматтар болгон, бирок соңку окуя 2010-жылдан бери алгач ирет катталып, ачыкка чыгып отурат.
- Үч опер кызматкер жана бир участкалык милицияны кошкондо төртөө болуп жатат. Андан тышкары ошол жерде эки кызматтын жетекчиси бар. Ошондо баш-аягы алты киши. Башындагы төртөө уюшкан кылмыштуу топтор менен түздөн-түз байланышы болгон үчүн кызматка кайра келе алгыс болуп кетишти. Азырынча эки жетекчи орундагылар кызматтарынан четтетилди. Азыр кызматтык иликтөө аягына чыга элек. Соңунда аларды дагы укук коргоо органдарынан биротоло кетиреби же алардын жоопкерчилиги каралабы - бул такталып жатат.
Сейитовдун айтымында, бул кызматкерлердин кыңыр иши башка кылмышкерлерди аныктагандай эле ыкчам иликтөөлөрдүн жыйынтыгында билинип, айныгыс далилдерге байланган.
Окуядан соң ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милициянын кадыр-баркына шек келтирип, коррупцияга чырмалгандарды ачыкка чыгаруу жараяны өлкө боюнча күчөтүлөрүн билдиргенин Сейитов кошумчалады:
- Бул окуядан кийин министр баарын чогултуп, "мындай акмактарды ачыктоо керек. Арабызда ушундайлар бар, ички иштер органдарынын кызыкчылыгын саткандар бар, ушуларды кармашыбыз керек" деди. Бүгүнкү күндө республика боюнча, өзгөчө Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча катуу чаралар жүрө баштады.
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев ички иштер министрине, анын жүргүзөм деген реформасына ишеним арта турганын ырастады. Күч түзүмүнүн ишти өзүн тазалоодон башташы элдин аларга карата ишенимин өстүрөт, дейт эл өкүлү:
- Азыркы министр амбиция үчүн келген жок деп ойлойм. Ал коррупциялык элементтерден арылуу боюнча реалдуу чараларды көрөт. Ал кадрдык офицер, генерал, анын пиар үчүн иштеген түрү жок. Биринчи ишти өзүнөн башташы керек. ИИМ элден биринчи өзүн тазалап алып ишке киришсе эл ишенет. Коррупция укук коргоо органдарынын ичинде өтө көп экенин эл билет. Муну президент да айткан.
Азыр болсо милициянын начальниги болуп жөн эле бирөө барып отуруп калып жатпайбы же эч бир оперативдүү жумушту түшүнбөйт.
Ички иштер министрлигин реформалоо жаатында иш жүргүзгөн “Реформа жана натыйжа” жарандык союзунун мүчөсү Урмат Казакбаев министрликтин бул кадамын жаңылыштык деп эсептейт. Ал оболу милициянын социалдык абалын жакшыртып берип, андан кийин гана ага катуу талап койсо жарашмак деген пикирде. Антпесе өп-чап айлык менен жан багып жүргөн тартип сакчыларынын дээрлик жарымын кызматтан алууга же камоого туура келип калат.
- Чын эле уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышкан кызматкерлердин баарын кармайбыз десе, анда милициянын көбүн, дээрлик баарын кармаш керек да. Милицияга оболу жакшы шарт түзүп берүү керек. Айлыгын көтөрүү зарыл, бирок ошол эле учурда эгер кызматкер бир гана мыйзамдын беренесин бузса, анда ага берилген социалдык пакеттен ажыратылып, укук коргоо тармагына кайра кайта албагыдай кылып, керек болсо мүлкүнөн ажыраткандай чаралар көрүлүшү керек. Ошондо гана жылыш болот.
Укук коргоо тармагында 30 жыл бою эмгектенип, пенсияга чыккан нарындык ардагер Кубанычбек Бейшеев айлык акынын аздыгы, кандайдыр бир чолок кызыкчылыктар жана бул тармакка кокустан келип калгандар көйгөйдү тереңдетип жатканын белгилейт. Совет заманында темирдей тартип менен иштеген ардагер бүгүнкү күндө кадр тандоо маселесине олуттуу көңүл бурулмайын реформанын ишке ашуусу күмөн деп эсептейт.
- Илгери биздин убакта милициянын начальнигинин ордуна резерв кадр катары орун басарлардын даярдалчу. Орун басардык ордуна дагы бир резерв каралчу. Ошентип улам кийинкиси көтөрүлүп, тепкич менен кетчү. Азыр болсо милициянын начальниги болуп жөн эле бирөө барып отуруп калып жатпайбы же эч бир оперативдүү жумушту түшүнбөйт. Азыр "крышасы" барлар ошондой болуп жатканда иш кантип оңолсун?
Жакында Кыргызстандын Коргоо кеңешинин жыйынында укук коргоо органдарында олуттуу реформаларды ишке ашыруу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынганы айтылган. Ага ылайык, бир нече укук коргоо органында түзүмдүк өзгөрүүлөр болуп, бири-бирин кайталаган органдар жоюла турган болууда.
Жарандык коом өкүлдөрү cоңку 20 жыл ичинде тармакта канчалык маанилүү чечимдер кабыл алынганы менен, аны турмушка ашыруу механизмдери жакшы иштелбей, реформа ара жолдо калып келгенин белгилеп келишет.