Милиция: бычак мизиндеги өмүр
Үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында Бишкекте милициянын капитаны Бакай Сыдыгалиев кылмышкер аткан октон каза тапты. Бул окуя коомчулуктун көңүлүн буруп, бир катар суроолорго жем таштады. Милиция кызматкерине тикелей ок чыгаргандан тайманбаган, мурда курал менен шугулданып соттолгон кылмышкер Александр Саяпин кандайча боштондукта жүргөн? Коркунучтуу курал сактаган кылмышкерди эмне үчүн сот күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө эмес, жатак абагына гана кесип койгон? Милициядан жазганбай кол салган кылмышкерлерди кантип ооздуктоо керек?“Ынгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул суроолорго жооп издедик.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт