Буга аталган академиянын өкүлдөрү нааразы болуп, бийликке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жөнөтүштү.
Академия эл арасында табыптар менен көзү ачыктардын иш орду катары таанымал. Бирок анда иштегендер мекемеде чөп-чар, элдик медицина менен дарылоого гана басым жасаларын, азыр жүздөгөн бейтаптар тиешелүү терапия алалбай жатканын белгилешүүдө.
Мамлекеттик мүлк фонду болсо "имарат өкмөттүн карамагында болгондуктан бошотулган, жакын арада ал Мамлекеттик кадр кызматына өткөрүлүп берилет" деп билдирди.
"Биз бул имаратты оңдогонбуз"
Бишкектин чок ортосунда жайгашкан академиянын эмгек жамаатынын парламентке жолдогон кайрылуусунда мекемени башка жакка көчүрүү тууралуу өкмөттүн чечимине алардын нааразылыгы жазылган.
Академиянын жетекчиси Оморбай Нарбеков 16-ноябрдан бери милиция кызматкерлери имаратка ал жерде иштегендерди да, келген бейтаптарды да киргизбей жатканын билдирди:
- Элүү жылдык медициналык тажрыйбамда бүгүнкүдөй окуяны биринчи жолу көрүп жатам. Мурдагы Курортология институту, андан кийин "Бейиш" элдик медицина борбору, азыркы Эл аралык салттуу жана эксперименттик медицина академиясы кызык шартта туруп калды. 60 жылдан бери медицинага кызмат кылган, анын ичинде 33 жылдан бери мен жетектеп келе жаткан мекемени 16-ноябрда 30-50 күч кызматкери келип, бардык бөлмөлөргө мөөр басып, ошондон бери биздин иш токтоду. Же дарыгерлер, же бейтаптар кире албай жатат. Себеби, биздин имаратка Мамлекеттик кызмат ашык болуп калыптыр. Ошолор отурушу керек экен. Албетте, борбордо жайгашса, мрамор менен ремонттолгон, даяр нерсеге келгиси келет да. Ушул борбор 23 жыл биздин баланста турган. Кеткен чыгымдардын баары биздин эсептен кеткен.
Мурун "Бейиш" деп аталган академия эксперименталдык илимий-өндүрүштүк курортология жана салттуу медицина борбору деп Советтер Союзу ыдырай электе, 1990-жылы 20-мартта түзүлгөн. Союз тарагандан кийин мекеме мамлекеттик каржылоого алынбай, өзүн-өзү камсыздай баштаган.
"Бейиш" узак убакыт бою табыптар менен көзү ачыктардын иш орду катары белгилүү болуп келген. Бирок жетекчи Оморбай Нарбеков бул маалыматты четке кагып, ушу тапта билимдүү дарыгерлер кызмат көрсөтүп жатышканын кабарлады.
Академия өкүлдөрү учурда чөп-чар, элдик медицина менен дарылоого гана басым жасалып жатканын, жүздөгөн бейтаптар тиешелүү терапияларды алалбай калганын да белгилешүүдө.
Мекеменин башкы эсепчиси Айнура Алтымышбаева 2011-жылдан кийин дарыгерлердин жардамы менен имаратты оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, озон, туз менен дарылоого ыңгайлаштырылган атайын бөлмөлөр салынганын айтты:
- Ошол жерде иштеген дарыгерлердин эсебинен бүт баарын оңдоп-түзөп чыкканбыз. Азыр келген кишилер абдан көп. Өздөрү да каттап отурушат. Мамлекеттик мүлк фондунун юристи мага "бир күндө 126 адам кире албай кетти" деди. Бизге көбүнчө ийне, озон терапиясын алып жаткандар келишет. Туз шахтасы да бар, анын баарын туздан салып, шыбап чыкканбыз. Андай Бишкекте эч жерде жок. Алты жыл мурда кызматкерлер кире турган ажаткана да жок болчу. Андан бери ар бир бөлмөнүн терезе-эшиктеринен бери оңдолгон эле.
Коомчулукта академиянын мурдагы ордунда калышын жактагандар да бар. Имаратты мамлекетке өткөрүү тууралуу чечимге Кыргызстандын Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Дөөлөтбек Шадыбеков макул эмес. Ал Жогорку Кеңештин депутаттарын буга каршы чыгууга үндөп жатат:
- "Имаратта мурда иштегендер ишин улантсын" деген өтүнүч менен парламенттин спикерине, фракция лидерлерине, депутаттарга кайрылдык. Спикерге кирип чыктык. "Биз чече албайбыз, фракциялар чечет, депутаттарга кайрылган экенсиңер, карап атышат" деген жооп алдык.
Талашка түшкөн имаратты өкмөттүн карамагына өткөрүү тууралуу токтомго быйыл 7-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков кол койгон. Документке ылайык, Ак үйдүн маңдайында орун алган төрт кабаттуу объектиге Мамлекеттик кадр кызматы жайгашууга тийиш. Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков имарат административдик болгондуктан ушундай чечим кабыл алынганын белгилеп, нааразы тараптын билдирүүлөрүнө минтип жооп кайтарды:
- Эми ал жерде кимдер отурганын билесиңер да. Көзү ачыктар, медициналык эмес багыттагы ар кандай дарылоо менен алектенгендер отурган. Иш жүзүндө алып караганда булар - жеке ишкерлер. Жеке ишкерлер менен мамлекеттин ортосунда ижара деген болушу керек. Менчик компания эмес, өз алдынча чарбалык эсептеги, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы мамлекеттик уюм. Жарандарга көрсөткөн кызматтан акча таап келишкен. "Ремонт кылганбыз" деп атышпайбы. Ал жерге ижарачылар да туура эмес киргизилген. Ижарага берүүнүн да өз шарттары бар. Алар сакталган эмес. Аны тиешелүү органдар иликтеп чыкса керек.
Өкмөт "Бейиште" иштегендерге Насирдин Исанов атындагы көчөдө жайгашкан башка имараттан кеңсе бөлүп берип, көчүүнү сунуш кылган. Бирок борбордун жамааты бул сунушка көнбөй, буга "ал жерде сыркоолорду дарылоого түзүлгөн шарт жок" деген жүйө келтирип жатышат.