Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча комитетинин сунушунун негизинде Азимжан Аскаровдун ишин караган соттук отурумдун экинчи күнү талаш-тартыштар менен коштолду.
Бул күнү жабырлануучулар менен мамлекеттик айыптоочулар сөз сүйлөп, Азимжан Аскаровго карата буга чейинки өкүмдү өзгөртпөөгө чакырышты.
Аскаров өлтүрүүгө катышты делген маркум милиционер Мыктыбек Сулаймановдун жакындары иштин кайра каралышына нааразы болуп, укук коргоочунун жактоочуларын орой сөздөр менен тилдеп жатышты.
Соттук коллегия Аскаров жана анын адвокаты Нурбек Токтакуновдун арызын жарым-жартылай канааттандырып, иш кайрадан облустук сотко кароого жөнөтүлдү.
Ишти караган Жогорку Соттун коллегиясынын төрагасы Качыке Эсенканов аныктаманы окуп берди:
- Аскаров Азимжан тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун жазык иштери жана административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылсын. Жазык иш жаңыдан апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберилсин. Соттолгон Аскаров жана адвокаты Токтакуновдун арызы жарым-жартылай канааттандырылсын. Аныктама акыркы жана даттанууга жатпайт.
Укук коргоочунун иши боюнча учурда Базар-Коргон райондук сотунун чечими күчүндө калды. Эми жакынкы аралыкта бул ишти Чүй облустук соту карай башташы керек. Жогорку Сот мындан аркы ишти кароодо Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштамаларын эске аларын билдирүүдө.
Бирок Жогорку Соттун бүгүнкү аныктамасына жабырланган тарап да, Азимжан Аскаровдун адвокаттары да макул болбоду. Маркум милиционер Мыктыбек Сулаймановдун жесири Чынара Бечелованын айтымында, Жогорку Соттун өкүмдү бузушу мыйзамсыз болуп калды:
- Мен чындыгы жок, адилети жок Кыргызстанда жашаарыма дагы бир жолу ынандым. Мен нааразымын. Аскаровдун күнөөсү бар экенин прокурор толук баяндап берди го. Анда эмне үчүн соттун чечими бузулуш керек?
Ал эми Азимжан Аскаровдун жактоочулары болсо ишти караган сот эл аралык укук нормаларын бузуу менен Бириккен Улуттар Уюмунун өтүнүчүн аткарбаганына нааразы. Сотто Аскаровдун коомдук жактоочусу болуп катышкан “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова Кыргызстан БУУнун алдындагы өз милдетин аткара алган жок деп билдирүүдө:
- Кыргызстан мамлекет катары өз милдеттенмелерин аткара алган жок. Төрт берене боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитети чечим кылган. Алардын баары аткарылган жок. Тилекке каршы, эки ыңкылаптын кийин Баш мыйзамдын 41-беренесин сактай албаганына биз аябай уялдык. Бул өкүнүчтүү. Биздин сот да, прокуратура да мыйзамдын талаптарын аткара алган жок. Сот чечими БУУнун эч бир талабына туура келген жок.
Соттук жараянга көз салган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Жогорку Соттун аныктамасы түшүнүксүз болгонун билдиришти. Аскаровду буга чейин бошотууну суранып келген эл аралык Amnesty International уюмунун Борбор Азия боюнча кеңешчиси Татьяна Чернобилдин айтымында, сот Бириккен Улуттар Уюмунун сунушун аткарган жок:
- Биз Жогорку Соттон Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди аткарабы же жокпу деген суроого байланыштуу пикирин уга алган жокпуз. Муну менен бүгүнкү сот чечимди Кыргызстан өз эл аралык өнөктөштөрү менен эсептешет, бирок толугу менен эске албайт дегенди билдирет.
Ошол эле учурда Аскаровдун ишинин Жогорку Сотто каралышы Германия канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга сапарына туш келүүдө. Айрым серепчилер муну Меркелдин сапарынын алдында атайын уюштурулуп, өлкөнүн демократиялык баалуулуктарын көрсөтүү аракети деп аташууда.
Анткен менен юридика илимдеринин кандидаты Канымет Бодобаев бүгүнкү сот чечими менен Кыргызстан эл аралык укукту сыйларын жана демократиялык баалуулуктарды сактоого дилгирлигин көрсөттү деген пикирде:
- Бул Кыргызстандын эл аралык укукту сыйларын көрсөттү. Негизи БУУнун чечимин сөзсүз түрдө аткарыш керек деген милдети деле жок. Аны аткарбай эске алса деле болмок. Бирок өз дилгирлигин көрсөтүү менен сот чечимин чыгарды.
65 жаштагы Азимжан Аскаров Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда укук коргоочулук менен алектенген. 2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда "улут аралык жаңжалды козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана адам өлтүрүүгө аралашкан" деген айып тагылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.
Буга чейин бир катар укук коргоочулар Аскаровго кыйноолор колдонулуп, анын күнөөсү күч менен моюнуна алдырганын айтып келишкен. Быйылкы жылдын 21-апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин Аскаровду соттон актап, камактан бошотууга чакырган. Аскаров Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөп жатат.