Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:38

Ыктыярчылардын иши талкууга түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөш боюнча атайын бирдиктүү эсепке 35 млн. 293 миң сом түштү. Андан тышкары кайрымдуулук фонддору, активисттер атайын эсеп ачып, акча чогултуп жатат.

Бирок активисттердин мындай иши чаржайыт болуп жатканын, алар өздөрү вирус таратуучу болуп калышы мүмкүн экенин айткандар да кездешүүдө.

Активисттердин аракети

Спортчу Марат Жуманалиев Бишкектеги базарлардын биринде пенсионерлерге бекер тамак-аш таратыла турганын кабарлаган видеону социалдык тармактарга жүктөгөн:

«Ардагерлер, майыптар, күбөлүгүңөрдү алып, бул жакка келиңиздер! Биз сиздерге бекер тамак-аш, азык-түлүк таратабыз. Достор, бул билдирүүнү таратканга жардам бериңиздер».

Видео бир күндүн ичинде эле Интернетте тарап, тасмада айтылган дарекке ондогон адамдар жетип келген. Соцтармактарда тараган тасмалардан активисттер тараткан азык-түлүк жетпей калганына нааразы болуп жаткандарды көрүүгө болот:

«Менин үч балам бар, күбөлүгүмдү көтөрүп келсем мага бербей коюшту. Мен майып энемин. Башкаларга берди, мага бербей койду. Эми кантем?», - деди жардам алууга келгендердин бири.

Көп өтпөй чогулгандарды милиция кызматкерлери үйлөрүнө тараткан.

Кыргызстанда коронавирус тууралуу маалымат чыккандан бери социалдык тармактарда ыктыярчылардын топтору пайда боло баштады. Бири акчаны эсепке которуп, дагы бири беткап жана формаларды дарыгерлерге таратып, айрымдары медкызматкерлерди үйлөрүнө машинеси менен жеткирип жатышат.

«Фейсбуктагы» баракчасында ошондой ыктыярчылар, ишкерлер менен муктаждыгы бар адамдарды байланыштырып жаткандардын бири - блогер Гүлзара Кокенова. Ал активисттер өкмөткө жардам берүү максатында чогулушканын айтты:

Гүлзара Кокенова.
Гүлзара Кокенова.

«Мен беткап тартыш болуп жатканда ишкерлерге кайрылып, жардам берүүнү сурандым. Белгилүү ишкер акча бөлүп берген. Андан кийин дагы бир ишкер 10 миң беткап алып берди. Ошентип отуруп, мага жардам бергиси келгендер жана жардамга муктаждар жаза башташты. Баарыбызда эле милиция, дарыгер тааныштарыбыз бар. Алардын азыркы абалын билебиз. Мисалы, бир таанышым өзү да, күйөөсү да милиция болуп иштейт. Ал мага беткап жоктугун айтып, «балдарыма жугузуп алуудан чочулап жатабыз» деди. Дарыгерлерден форма, беткап, керек болсо тамак-ашы жоктугу тууралуу каттар келип жатат. Мен акча которулганы менен эмне үчүн мындай абал болуп жатканына таң калып турам. Өкмөт жетишпей жатканынан улам ыктыярчыларга муктаждык пайда болду».

Бирок активисттердин, ыктыярчылардын иш-аракеттери коомчулукта ыраазычылык сөздөрү менен катар алардын дарегине сынды да пайда кылды. Адистер мындай кырдаалда ыктыярчылар иштегенге үйрөтүлбөгөнүн жана өзүнө ооруну жугузуп алуу коркунучу бар экенин белгилешет. Блоггер, дарыгер Эрмек Исмаилов буларга токтолду:

Эрмек Исмаилов.
Эрмек Исмаилов.

«Ыктыярчылардын иши абдан жакшы. Бирок бул жерде алардын саламаттыгы жана жоопкерчилиги тууралуу маселе жаралууда. Мисалы, кечээ эле бир блогер базарга бир топ адамды топтоп, азык таратыптыр. Бир канча адамдын топтолушу вирус жугузуп алуу коркунучун күчөтөт. Жардам бергиси келген адам муктаждардын аты-жөнүн алдын-ала тактап, үйүнө алып барып берсе натыйжалуу жана ишенимдүү болмок. Ошол эле учурда дарыгерлерди үйүнө жеткирүү да кооптуу. Мындай учурда сөзсүз беткап, мээлей кийип, ортодогу аралыкты сакташ керек. Ыктыярчылар өз саламаттыгы жана башкалар тууралуу да ойлонушу зарыл».

Ыктыярчылар топторунан тышкары кайрымдуулук фонддору, ишкерлер коронавируска каршы иш-аракет үчүн атайын эсепке акча которо башташкан. Алардын бири Хабиб Арзыкулов бул акчага эч кандай көзөмөл болбой жатканын айтты:

Хабиб Арзыкулов.
Хабиб Арзыкулов.

«Кайрымдуу адамдар, ишкерлер акча чогултуп жатабыз. Биз аны максаттуу түрдө дарыгерлердин коргонуу каражаттарына, кийимдерине жумшайлы дегенбиз. Бирок буга чейин да ушинтип акча чогултулуп, кийин эсебин таппай калганбыз. Ушундан улам «Муну ким көзөмөлгө алат? Ортодо шылуундар учурдан пайдаланып кетпейби?» деген суроолор жаралып жатат. Өкмөт өзү тескеп жана коротулган каражат боюнча ачык, так маалымат бериши керек. Жардам бергиси келген адамдар да акчаны берип жатканда ушунун баарын эске алмак».

Кыргызстанда коронавирус тууралуу маалымат чыккандан бери дарыгерлердин коопсуздугу социалдык тармактарда да кызуу талкууга алынып жатат. Көпчүлүгү алардын саламаттыгына кабатыр болгон дарыгерлердин жакындары. Аларды бир жумадан бери атайын айдоочулар тобу түзүлүп, үйлөрүнө жеткирип жатышкан. Бирок өлкөнүн айрым аймактарында 25-марттан тартып өзгөчө абал киргизилгенден бери өкмөт андай айдоочулардын ишине тыюу салган.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөмбиев мындай чечимди журналисттерге берген басма сөз жыйынында айткан:

«Андай айдоочуларга тыюу салынат, токтоткула. Бардык айдоочуларга себепсиз жүргөнгө болбойт. Өзгөчө абалдын эрежелерин эске алгыла».

Коронавируска каршы күрөш боюнча атайын эсепке 35 млн. 293 миң сом түштү. Штаб билдирген маалыматка караганда, ал акчаны депутаттардан жана жарандык активисттерден түзүлгөн комиссия көзөмөлгө алып, бөлүштүрөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG