Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Бала бакчанын баш катырган түйшүгү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жумушка чыга баштаган ата-энелер бала бакчалардын жабыктыгынан улам балдардын айласын таба албай кыйналып жатышат.

Ушундан улам жеке менчик бакчалар тез арада ишин жандандырууну талап кылып, кыргыз өкмөтүнө кайрылышты.

Бишкек шаарынын тургуну Айпери шаардагы тигүү цехтеринин биринде тикмечи болуп иштейт. Эки күндөн кийин чыдамсыздык менен күткөн ишине чыгарын айткан келин, эми беш жаштагы баласын кимге калтырарын билбей айласын таппай жатканын моюнга алды:

«Батирди ижарага алып жашайбыз. Жолдошум экөөбүз тең жеке менчик сектордо иштейбиз. Мына, эртең ишке чыгам деп отурам. Бирок баламды кайда алып барып, кимге таштаарымды билбейм. Ата-энем айылда турат, аларга алып барып таштоого шарт деле жок. Анын үстүнө алардын баламдан башка неберелери да бар. Кайненемдер Орусияда турушат. Бакчага барсам «мамлекеттик кызматкерлердин гана балдарын алабыз» дегендей кылышты. Андай болсо мен кайда алып барам? Жанымда алып иштесемби деп отурам».

Айперинин баласы үйүнүн жанындагы мамлекеттик бакчага барчу. Ал бала багуучу жалдап же жеке менчик бакчага баласын берүүгө шарты жок экенин кошумчалады. Ошол эле кезде ал вирустан чочулап жатканын жана карантинде ишке чыгууга аргасыз экенин айтты:

«​Дүйнө жүзү коркуп атса, албетте, биз деле коркобуз да. Балам кандай шартта болот деп чочулайт экенсиң. Бирок дагы бир нече ай бою үйдө бала багып да отура албайсың. Батирге, тамак-ашка акча керек, насыяны да төлөш керек. Канткен күндө да ишке чыгууга аргасызмын. Иштеп кутулушубуз керек. Бакчалар иштесе берели дегенбиз, эми эмне кылышты билбей жатабыз».

Кыргызстанда карантинде бакчалар жабылган.
Кыргызстанда карантинде бакчалар жабылган.

Айперидей кийинки убакта бакчага баласын алып бара албай калган ата-энелер жүздөп саналат. Алар азыр бала багуучуларга карата муктаждык күчөп, анан калса алардын айлык акысы көбөйгөнүн айтышты. Соцтармактагы ушундай жарнамалардын бирине чалып, бир баланын энеси Айжамал менен сүйлөштүк. Колунда үч жаштагы кызы бар келин карантинде жумушсуз калганын, ушу тапта балдарды үйүндө багып, кем-карчыга акча тапканы аракет кыларын билдирди:

«Баланы үй шартында эле карайм, өзүмдүн кызыма кылгандай мамиле кылам. Китеп окуп, тамак-ашын берип карайм. Азыр бала багуучуларга муктаждык көбөйүптүр. Соцтармакта мындай жарнамалар көп экен. Айлык акысын да ар кандай деп жатышат. Балдарын бактыра албай калган ата-энелер көп эле окшойт. Менин деле карантинге чейин ишим бар болчу. Бирок эки айдан бери ишсиз үйдө отурам. Ошондуктан бул кошумча каражат болуп калат деп ойлойм».

Айжамал кызы менен кошо бирден гана бала алып карай алаарын жана бала багуучулардын эмгек акысы айына орто эсеп менен 10-12 миң сомду түзөрүн кошумчалады.

Ал ортодо Кыргызстандын Балдарга билим берүү уюмдарынын ассоциациясы жеке менчик бала бакчалардын иштешине уруксат берүүнү талап кылган кайрылуу таратты. Президентке, парламентке жана өкмөткө багытталган бул кайрылууда буга чейин алар эки жолу өтүнүч менен кайрылышканы, бул жолу эгер уруксат берилбесе да ишти баштоого мажбур болушары айтылды. Кайрылууда жеке менчик бакчалар бардык санитардык талаптарга жооп берери жана алар иштебей турган чакта жашыруун бала багып жаткандарды көзөмөлдөө мүмкүн эмес экендиги айтылган.

Бирикменин өкүлү Махабат Токтогулова 25-майдан тартып дээрлик бардык тармактарда иш жанданып, элдин баары жумушка чыкканын, ата-энелер болсо майда балдарын кимге калтырарын билбей убара тартып жатканын эске салды:

Махабат Токтогулова.
Махабат Токтогулова.

«Биз өкмөттүн бардык шарттарын ушуга чейин аткардык. Эч кандай жардам сурабай, отурдук. Бирок азыркы абалыбыз абдан оор. Жүздөгөн кызматкерлерибиз айлык акысы жок калды. Ижарага алган кеңсебиздин акчасын төлөй албай калдык. Алардын да үйүндө балдары бар. Балдарын багыш керек. Ишке чыккан ата-энелер балдарын каратып, ишин кылыш керек. Ошондон улам бизге 1-июндан тартып ишибизди улантууга уруксат беришиңерди өтүнөбүз».

Кайрылууда көпчүлүк жеке бала бакчалар эч нерсеге карабастан 1-июндан тартып ачылары жана эгер аларга чара көрүлө турган болсо алар Өкмөт Үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгууга даяр экени белгиленди.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков буга дейре июнь айына чейин кайсы бала бакча ачылса, ага карата чара көрүлөрүн, лицензиясы жоюларын айткан:

Каныбек Исаков.
Каныбек Исаков.

«Мамлекеттик бала бакчабы, менчикпи, баарыбыздын абалыбыз бирдей. Июнга чейин биз аларды иштете албайбыз. Ошондон кийин зарыл болгон, иштеп жаткан ата-энелердин балдары барган бала бакчаларды иштетүүнүн жолдорун издейбиз. Эгер 20-майдан тартып ишке кирише тургандар болсо алардын лицензиясы алынып, ишмердүүлүгү токтотулат».

Билим берүү жана илим министрлиги учурда мектепке чейинки билим берүү мекемелерине менчиктин түрүнө карабай мониторинг жүргүзүүдө.

Текшерүүдөн кийин өлкөдө абал турукташса, бала бакчаларда бардык санитардык-гигиеналык шарттар сакталса, аларды бара-бара ачуу жагы караштырылары белгилүү болду.

Коронавируска байланыштуу карантинден улам башка мекеме-ишканалар сыяктуу эле мектептер жана бала бакчалар да убактылуу жабылган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда миңден ашуун бала бакча бар, алардын 80ге жакыны жеке менчик. Тарбиялануучулардын жалпы саны 152 миң бала.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG