Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Конституцияны жеңил өзгөртүү аракети


Коллаж.
Коллаж.

Парламенттин үч депутаты референдум дайындоонун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылды. Анда бардык фракциялардын жана тармактык комитеттеринин оң корутундулары болгон учурда Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун бир эле мезгилде үч окууда кабыл алууга укуктуу болот.

Депуттардын бул демилгеси сынга кабылып, айрым юристтер муну элдин оюн чектейт деп чочулашууда.

Депутаттар Акылбек Жапаров, Бактыбек Турусбеков жана Умбеталы Кыдыралиев Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуш кылып, коомдук талкууга алып чыгышты.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде «Конституциянын жоболорунан келип чыккан жана дээрлик өзгөрбөй турган мыйзамдарга коомдук талкуу жол-жобосун жүргүзүүнүн зарылдыгы жок» деп жазылат.

Демилгечилердин бири Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун мындайча негиздеди.

«Жогорку Кеңештин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Мисалы, 10-январда мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум болду. Эми Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча Конституциянын долбоору жалпы элдик референдумга коюлат. Ал 11-апрелде өтөрү айтылып жатат. Ага ылайык, эл кабыл алган Конституцияга жараша Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алышы керек. Азыркы парламенттин убактысы тар. Ошого байланыштуу айрым мыйзамдарды кабыл алууда убактысын кыскартуу керек. «Эгер Конституциянын нормаларына дал келе турган болсо» деп сунуш кылып жатабыз».

Бул мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө») 20-январда коомдук талкууга коюлду.

Конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева мыйзам долбоорунун демилгечилерин сындады:

Сания Токтогазиева.
Сания Токтогазиева.

«Бул мыйзам долбоорун сунуш кылып жаткандар саясий буйрукту аткарып жатат. Анткени ал жерде «Конституцияга өзгөртүү киргизүүдө коомдук талкуу жок эле бир учурда үч окуудан кабыл алып койсо болот» деп жазылып турат. Бул одоно мыйзам бузуу. Баш мыйзам тууралуу сөз болуп жатат. Жөнөкөй мыйзам эмес. Алардын логикасына таянсак, Конституциялык кеңешме текстти даярдап чыгат. Аны депутаттар талкууга койбой эле дароо үч окудан кабыл алып беришет дагы, референдум апрель айында болот экен. Садыр Жапаров жана анын командасы муну түшүнүшү керек. Конституция саясий консенсустун документи болушу зарыл. Ал сөзсүз түрдө коомдук талкууга чыгышы керек. Андай болбосо анда ал легитимдүү болуп эсептелбейт».

Мыйзамга ылайык, ар бир мыйзамдын долбоору бир ай коомдук талкууда турушу керек. Андан соң парламенттин үч окуусунан өтөт. Ар бир окуунун аралыгы бери дегенде 10 күндөн кем эмес убакытта каралууга тийиш.

Юрист Нурлан Исмаилов мыйзам кабыл алууда парламент шашылыш чечимдерге барбашы керек деп эсептейт.

«Шашылыш мыйзам кабыл алуу согуш учурунда же өзгөчө абал режиминде гана болушу мүмкүн, - деп түшүндүрдү ал. - Ар бир окууда өзүнүн жол-жобосу бар. Алар сөзсүз түрдө орун алышы керек. Андай болбосо юридикалык жактан туура эмес болот. Мыйзам шашылыш кабыл алынса, көп катачылыктар кетип калышы мүмкүн. Мыйзамдын катасы бир-эки окуудан белгилүү болбойт. Убакытты шылтоо кылбаш керек».

10-январда президенттик шайлоо менен кошо өткөн мамлекеттик башкаруу системасын аныктаган референдумду дайындоодо да талаш чыккан.

Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун да Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров сунуш кылган. Долбоорду Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушев иштеп чыккан.

Кайчы пикир жараткан долбоор 2020-жылдын 9-декабрда гана биринчи окуудан өткөн. Бирок бир катар депутаттар документти парламентке алып чыгууда мыйзамдар, регламент бузулганын бир нече жолу кайталашса да сөз болуп жаткан мыйзам долбоору 10-декабрда экинчи жана үчүнчү окуудан да колдоо тапкан. Акыркы эки окууда долбоорду 60 депутат колдогон.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бул тууралуу мындай деди:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Акылбек Жапаровдун мындан мурунку референдум тууралуу мыйзамы да мыйзамсыз кабыл алынган. Кворум да, корутунду да болгон эмес. Ошого карабай 10-январда референдум өттү. Эл пикирин билдирди, эми кийинки референдум жөнүндө мыйзамды үч окуудан бир күндө карай берсек болот деп жатышат. Азыркы парламент кандай мыйзам болбосун колдоп бере берет. Анткени 6-чакырылыштын мөөнөтү да, дөөлөтү да бүтүп калган. Батыш өлкөлөрү Кыргызстанды «укуктук талаага кайтпай жатасыңар» деп канчалык сындап жатышат? Шашылуунун кереги жок эле. Мына, президенттик шайлоо өттү, эми парламенттик шайлоо болушу керек эле».

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум быйыл апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өткөрүлүшү ыктымал экенин билдирген. Ал арада Бишкек шаардык кеңешин кезектеги шайлоосу 11-апрелде өтө турганы белгилүү болду. Референдум да ушул күнгө дайындалчудай.

Учурда Конституциялык кеңешмеде Баш мыйзамдын жаңы долбоору иштелүүдө. Ал долбоордун акыркы вариантын Жогорку Кеңешке жиберүүгө тийиш. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгуу жөнүндө демилге көтөрөт.

Бирок кеңешме Баш мыйзамдын долбоорундагы берене-нормалар тууралуу маалымат берүүдөн карманып турат.

Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев акыркы баскычтагы иштер жүрүп жатканын, долбоорду сөзмө-сөз, маанисин шайкеш келтирүү менен которуш үчүн убакыт керек экенин билдирди.

«Долбоор иштелип бүтөрү менен парламентке жиберилет. Датасын азыр так айта албайбыз», - деди ал.

Мыйзамга ылайык, жалпы элдик референдумга шайлоочулар 30% катышкан учурда гана бул өнөктүк өттү деп эсептелет. Соңку референдумга, тактап айтканда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоо менен чогуу өткөн мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга шайлоочулардын 39% гана катышкан.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов саясий иш-чараларды чогуу өткөрүүнү колдоду:

«Референдумга шайлоочулар келбей коюшу мүмкүн деген кооптонуу туура. Бирок негизи эле жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен убактысы бир келип жатат. Бул бюджет үчүн жана эл үчүн да ыңгайлуу. Адамдарды убара кылбай ушундай саясий иш-чараларды чогуу өткөргөн жөндүү эле. Бул жерде конституциялык реформаны өткөрүүнүн маани-маңызы маанилүү. Ал эмнеге алып келет? Ошону ойлонушубуз керек».

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалып, аны менен кошо Конституцияны өзгөртүү боюнча демилге көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2020-жылы 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башта ал долбоорду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдумга коюу сунушталган. Коомчулуктун көптөгөн сын-пикирлеринен кийин, референдумга мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү маселеси гана киргизилген. БШКнын расмий жыйынтыгына караганда, референдумда добуш бергендердин 81% президенттик башкаруу формасын колдогон.

Эми ага ылайык, президенттик башкарууга ылайыкташкан Баш мыйзамдын долбоору толук иштелип, референдумга коюлат.

XS
SM
MD
LG