Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:31

Парламенттин түзүмү кеңири көлөмдө бекитилди


Жогорку Кеңештин төрагасынын ар бир фракциядан бирден көрсөтүлгөн беш орун басары, он алты комитеттин төрагасы жана алардын орун басарлары шайланды.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоо маселеси курч талаш-тартыштарды жаратты. Анткени орун басарлыкка эки оппозициялык фракциядан сырткары үч башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын талапкерлери көрсөтүлгөн.

“Ары тарт, бери тарт” оюндары

“Ар-намыс” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров мыйзамга ылайык, төраганын орун басарлары оппозициялык фракциялардын өкүлдөрүнөн гана болушу керек деген маселени кабыргасынан койду:

- Урматтуу төрага, Баш мыйзамдын 75-беренесинде жазылып турат. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары парламенттик оппозициянын өкүлдөрүнөн гана турушу керек экендиги даана көрсөтүлгөн. Жогорку Кеңеш өзү талдай турган мыйзамдын талабы да алынып салынган. Баш мыйзамдын негизинде ант берип, депутат болуп келгенден кийин анын талаптарын колдонууга киргизишибиз керек.

Камчыбек Ташиев
Ошол эле учурда башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын өкүлдөрү депутат Акылбек Жапаровду Баш мыйзамдын тиешелүү талабын бурмалады деп белгилешти. “Ата Журт” фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев Баш мыйзамда башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын өкүлдөрү төраганын орун басарлыгына көрсөтүлбөйт деген чектөө жок экендигин айтып чыкты:

- Баш мыйзамдын ал жеринде башка парламенттик көпчүлүккө кирген фракциялардын депутаттары төрагага орун басар боло албайт деген чектөөлөр жана ага байланышкан кандайдыр бир мыйзамдын талаптары жок. Биз бул маселени бир нече күндөн бери фракция лидерлери менен талкуулап келе жатабыз. Ошондой эле орун басарлыка ар бир фракциядан бирден талапкер көрсөтүү боюнча макулдашкан болчубуз. Анан эмне эле кайра "бөйрөктөн шыйрак чыгарып" жатасыңар?

Буга Баш мыйзамдын авторлорунун бири Өмүрбек Текебаевдин түшүндүрмөсүнөн кийин эл өкүлдөрү төраганын орун басарларын шайлоого киришишти. Төраганын беш орун басарлыгына “Ата Мекен” фракциясынан Асия Сасыкбаева, “Ата Журттан” Мыктыбек Абдылдаев, “Ар-намыс” фракциясынан Бөдөш Мамырова, “Республикадан” Бакыт Төрөбаев жана социал-демократтардан Асылбек Жээнбеков көрсөтүлүштү. Беш адамдын талапкерлиги бир учурда жашыруун добуш берүүгө коюлду.

Анын жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын жетекчиси, депутат Абдырахман Маматалиев окуп берди:

- Жалпысынан 120 бюллеттен даярдалган. 108 бюллеттен берилди. Анын ичинен жараксызы экөө, керектен чыгарылганы он эки. Каршы берилген добуштардын саны он. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары болушуп, Асия Сасыкбаева, Мыктыбек Абдылдаев, Бакыт Төрөбаев, Асылбек Жээнбеков жана Бөдөш Мамырова 96 добуш менен шайланышты.

Кеңейген парламент, кезерген эл

Мындан сырткары парламенттин жаңы түзүмү бекитилди. Ага ылайык Жогорку Кеңеш мындан ары он алты комитеттен турат. Оппозициялык фракциялардын өкүлдөрү парламенттик комитеттер атайылап майдаланып, бирөөлөргө кызмат орундарын таап берүү үчүн гана түзүлгөндөй элес калтырат деп сындап чыгышты. Алар буга жумшала турган чыгымдардын көбөйтүлүшү казынага ашыкча жүк болот деген жүйөөлөрүн келтиришти. Ошол эле учурда элдин социалдык абалынын начарлап жаткандыгы мисалга алынды.

Акматбек Келдибеков
Бирок Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков комитеттердин санынын өсүшүн парламенттин көзөмөлдөөчү милдеттеринин көбөйгөндүгү менен түшүндүрдү:

- Мыйзамдардын иштешин, өкмөттү жана министрликтерди, сот жана прокуратура органдарын жана башка мамлекеттик бийликти көзөмөлдөө үчүн берилген укук, милдеттерибизди аткаруу үчүн комитеттердин санын көбөйтүү керек болду. Кээ бирлери айтып жаткандай мында кайсы бирөөлөргө кызмат таап берүү үчүн артыкбаш комитеттерди түзүп жаткан жокпуз. Ар бир комитеттин өзүнүн тикелей аткара турган милдеттери бар.

Оңдолгон чечимдер, өзгөрүлгөн комитеттер

Анткен менен айрым эл өкүлдөрү мыйзам боюнча оппозицияга бериле турган укук тартиби, коопсуздук жана коргонуу боюнча комитет экиге бөлүнгөндүгүн анын таасирин атайылап азайтуу аракети катары баалашты.

“Ар-намыс” фракциясынан депутат Анарбек Калматов укук тартиби жана жемкордукка каршы күрөшүү комитетинен мыйзамдуулукту көзөмөлдөө милдети атайылап алынып салынгандыгын сындады:

- Биз комитеттерден баш тартып, ушуларга эле баарын берели анда. Кечээ талкуулап жатканда долбоордо мыйзамдуулук деген турбады беле. Бүгүн эле кандай ал өзгөрүлүп калат. Фракция лидерлери чогуу отуруп чечтик дедиңер. Анан чечсеңер кайра эле өзгөрө береби? Биз бул жерде биз добуш берүүчү кнопканы баса турган “куурчак” эле болуп калдык.

Бирок жыйынтыгында өзгөртүүсүз калган комитеттердин төрагалары жана алардын орун басарлары шайланды. Парламенттеги каржы, бюджет, укук тартиби жана адам укугу боюнча негизги үч комитеттин төрагалыгына оппозициялык “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракцияларынын өкүлдөрү келишти.

XS
SM
MD
LG