Бишкекте аялын көчөдө сабаган кишини милиция жети суткага камакка алып, келинге коргоо ордерин берди. Аялдар менен иш алып барган уюмдар коргоо ордери аялдын коопсуздугун камсыздай албасын, бошонуп чыккандан кийин күйөөсү кайра эле зомбулукка барышы мүмкүн экенин айтууда.
Социалдык тармактарда арачалагандарга баш бербей, эркек киши бир аялды жыгылып калганына карабай башка-көзгө тепкилеп, сабаганы тартылган видео тараган. Окуя 30-январда түнгө жуук болгонун, алар жубайлар экенин милиция ырастады. Маалыматта сабалган келин милицияга арыз берүүдөн баш тартып, күйөөсүнө дооматы жок экенин айткан.
Ага карабай аталган фактынын милиция териштирип жатканын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) басма сөз катчысы Сайкал Садыбакасова "Азаттыкка" билдирди.
"Биздин бөлүмдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда жубайлар конокто отуруп, чырдашып, аялы көчөгө чыгып кеткени, жолдошу артынан келип, ага күч колдонуп, ур-тепкиге алгандыгы тууралуу алгачкы маалыматтар алынган. Аталган факт биздин бөлүмдүн автоматташтырылган маалымат системасына катталды. Аялын токмоктогон жаран Үй-бүлө кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук ) менен күнөөлүү деп табылып, сот чечими менен жети суткага камалды. Ал эми анын аялына коргоо ордери берилди".
Өзгөртүлгөн мыйзамдарга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталган тарапка да коргоо ордери берилип, сотко жиберилет. Соттун чечими менен ал 3, 5 же 7 суткага чейин камакка алынат. Ошондой эле жабырлануучуга да коргоо ордери берилет. Ордер берилген убакта жабырлануучу менен запкы көрсөткөн тарапка байланышууга жана бир жерде болуусуна тыюу салынат. Бул аралыкта жоопкер тарап менен участкалык милиция кызматкери алдын алуу иштерин жүргүзөт. Эгер бир эле адам бир нече жолу зомбулук аракетин кайталаса, ал түзөтүү программасына жиберилет. Аны менен психологдор жана юристтер иштеп, аял-эркек, үй-бүлө мамилеси тууралуу кеңири маалымат берилет.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш алып барган активисттер убактылуу камоо менен маселе чечилбей турганын айтып келишет. Алар жазаны катаалдаштырууну талап кылууда.
"Запкы көргөн келинди айыптагандар көп"
Юрист, аялдар менен балдардын укугун коргоп жүргөн Элвира Тилек токмок жеген аялдардын күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазбашынын бир нече себебин атады. Анын ичинде коомчулуктун айыптоосу да бар.
"Биринчиден, күйөөсү кайра эле бошоп келгенде зомбулук уланат деп коркот. Анткени, милицияга ишенбейт. Күйөөсү камалган күндө да кайра бат эле бошонот деп чочулайт. Экинчиден, балдарынын атасы, "эртең балдарым эмне дейт" деп ойлонот. Үчүнчүдөн, коомчулуктун басымы. Өзүңүз көрүп жатасыз, азыр соцтармакта аялын сабаган эркекти эмес, анын үстүнөн арыз жазбаган келинди көбүрөөк айыптап жатышат. Бул деген баары бир аял күнөөлүү дегенге алып келет. Эң башкысы - укук коргоо органдарына ишенич жок. Менин иш тажрыйбамда күйөөсүнөн запкы жеген аялдар кайрылып, милиция жардам берүүдөн баш тартканына көп даттанышкан. Аларга милиция коргоо ордерин да оңой менен бербей, качан юрист же адвокат келип, талап кылганда гана берген учурлар болгон".
Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук жыл өткөн сайын өсүп жатканын расмий маалыматтар ырастап турат. Башкы прокуратура 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турса, 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшпөгөнүн маалымдаган. Мындан 90% ашык учурда аялдар жабыр тартат.
"Эркек кызматкерлерге ачык айта албай..."
Активисттер укук коргоо органдарында зомбулукка кабылгандар ишенип кайрыла турган аял кызматкерлер болушу зарыл деген пикирде. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги атайын алгоритм иштеп чыккан. Анын негизинде ИИМдин Коомдук коопсуздук башкармалыгы "Демократиялык жараяндарды изилдөө борбору" жана башка эл аралык уюмдар менен биргеликте жашы жете электер жана аялдар менен иштөө боюнча атайын нускамалар иштелген.
Анын негизинде жер-жерлерде кызматкерлерди, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар менен иштеше турган аял милиция кызматкерин даярдоо жүргөн. ИИМдин коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Нуржан Адылованын айтымында, мындай адистерге зомбулукка кабылган аялдар менен балдар ачык сүйлөп, ишеним артканы байкалды.
"Зомбулуктун формасы, түрү көп. Арыз же түшүнүк кат жазганда аялдар эркек кызматкерлердин алдында ачык айта албай тартынышат. Ошондуктан бүгүнкү күндө биз ички иштер бөлүмдөрүндө, участкалык ыйгарым укуктуу инспекторлордун арасына кыз-келиндерди көбөйтүп, кошуп жатабыз. Өзүм иштеп жүргөндө да эркек кызматкерлерден тартынып, "мен тиги эжеге айтып берейинчи" деп суранышкан учурлар болгон. Көбүнчө балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерин да тартып, жумушту чогуу алып барабыз. Зомбулукка кабылган аялдарга аң-сезими менен тандоо шартын үйрөтөбүз. Аларды арыз жазууга же жазбоого мажбурлоо болбойт, өздөрү ойлонуп чечим чыгарышат".
Кыздардын укугун жаштайынан айтып-үйрөтүү жоктугунан, коомчулукта аялдардын күйөөсүнөн токмок жегени - кадыресе көрүнүш катары сыпатталарын адистер белгилеп жүрүшөт. Журналист Назира Аалы кызы эркектердин милдетин да бала кезинен ата-энеси, чөйрөсү өзүнүн жакшы жүрүм-туруму менен үйрөтмөйүнчө, зомбулук токтобойт деген көз карашта.
"Аялдын социалдык-экономикалык абалы, көз карандылыгы да роль ойноп жатат. Эң башкысы - үйдө атасы энесин сабаганын көргөн бала кийин келинчегин сабайт. Атасы энесин сыйлап, үйдө ынтымак болсо, балдар да агрессиядан алыс болот. Балага ар кайсыны айтып, лекция окуудан пайда жок. Ата-эне, жүрүм-туруму менен тарбиялашы керек".
Кыргызстанда соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук көрүнүштөрү күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү дагы моюнга алууда. Быйыл Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 97-орунга түштү. Бул индекс Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө дегенди билдирет.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8,5 миңдей факт катталган жана бул мурдагы жылга салыштырмалуу 30% көп.
Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет.