Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

ККМ: өкмөттүн убадасы, ишкерлердин убарасы


Көзөмөл-кассалык жабдыгына каршы митинг. Бишкек, 30.05.2022
Көзөмөл-кассалык жабдыгына каршы митинг. Бишкек, 30.05.2022

Бийлик Кыргызстанда көзөмөл-кассалык аппаратты (ККМ) милдеттүү түрдө колдонуу күчүндө каларын дагы бир жолу бышыктады. Өкмөт ишкерлерге салыктык бир катар жеңилдиктер берилип, бизнес чөйрө менен мунасага келгенин билдирүүдө.

Бирок соодагерлер Министрлер кабинети алардын айрым талаптарын колдобой койгонуна нааразы.

Министрлер кабинетинин эсебинде, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө башка мамлекеттердин ичинен көзөмөл-кассалык аппаратты (ККМ) колдонууда төрт-беш эсе артта калды.

Казакстанда, Беларуста, Арменияда 30 адамга бир ККМ туура келсе, Кыргызстанда бир кишиге 134 ККМ деп эсептелди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдө 50 307 көзөмөл-кассалык аппарат коюлганын, бул 2021-жылга салыштырмалуу 2,4 эсеге көп экенин айтты. Ал эсеп-кысап жүргүзүүнүн мындай тартибине каршылык болгондуктан иш аксап жатканын, ага карабай ККМди милдеттүү түрдө колдонуу күчүндө каларын билдирди.

“Мен ишкерлер менен бир нече жолу жолугуп, түшүндүрмө бердим. Жыйынтыгында жылдык жүгүртүүсү 8 млн. сомдон ашып 30 млн. сомго чейин жеткен ишкерлерге 0,5%, ал эми 30 млн. сомдон 100 млн. сомго чейинкилерге 1% бирдиктүү салык киргизүүнү сүйлөшүп жатабыз. Бул сунушту президентке киргизебиз. Анткени парламент азыр эс алууда”.

Өкмөт бул чечимге ишкерлердин утур-утур өткөргөн митинг, пикеттеринен кийин келди. Соодагерлердин токтобогон нааразылык акцияларынан соң алардын катышуусу менен жумушчу топ түзүлүп, өкмөт менен бизнес чөйрө мунасага жетишкени жарыяланган. ККМ акыркы учурда экономикалык маселеден саясий маселеге айланып бараткан.

Бул тема 14-июлда аткаруу бийлигинин жарым жылдык иши тууралуу жыйында да сөз болуп президент Садыр Жапаров ККМди аткезчилик менен коррупциядан арылуунун бир жолу катары баалады. Ал да ишкерлерге айрым жеңилдиктерди берүүнү колдой турганы белгилүү болду.

“ККМ боюнча иш-аракеттерди токтотпоңуз. Элге кайрадан түшүндүрүп, бул ишти аягына чыгарыңыз. Эгерде ишкерлерге оорчулук жаралса, жеңилдиктерди караса болот. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да башты жерге салып отурбаш керек. Салык кызматынан маалымат алып түшүнүп, адистерди чакырып элге маалымат берүү зарыл. Дүйнө эбак электрондук эсеп системасына өткөн, биз да өтөлү”.

Кыргызстанда бир жылдык жүгүртүүсү 8 млн. сомдон ашпаган ишкерлер бардык салыктарды төлөөдөн бошотулган. Бул суммадан ашкан бизнесмендер үчүн бирдиктүү салык 4 проценттен 0,5% азайтылды.

Жаңы Салык кодекси, көзөмөл-кассалык аппаратка каршы болуп аткан ишкерлер алардын сунуштары толук кабыл алынбай калганын айтып, дагы деле нааразылыгын билдирип жатат. Алар өкмөт патент же ККМ менен иштөө боюнча ишкерлерге тандоо бериши керек деп эсептешет.

Көзөмөл-кассалык аппарат киргизүүнүн жолдорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, соодагер Хализ Кожобеков патенттин баасын кымбаттатып, ККМи жок эле иштөө тартибин колдойт.

“16, 18 киши жумушчу топко кирип, бир ай эл менен Ак үйдүн ортосунда көпүрө болуп жүрдүк. Бирок биз үмүт кылган көп нерсе аткарылбай калды. Биз элге жаман көрүнүп, өкмөт бизди колдонуп кеткендей эле болуп калды. Анткени ККМ же патент деген тандоо бергиле деген, Салык кодексин өзгөртүү боюнча сунуштарыбыз кабыл алынган жок”.

Салык процедураларын фискалдаштыруунун алкагында 2020-жылдын 24-июнунда ишкерлерди көзөмөл-кассалык жабдыкка өткөрүүнүн графиги бекитилген. Ага ылайык, базарларда, жармаңкелерде жана көргөзмөлөрдө ыктыярдуу патент менен иштеген ишкерлер 2022-жылдын 1-апрелине чейин эле ККМге өтүүгө милдеттендирилген.

Өкмөт көзөмөл-кассалык аппараттар менен ишкерлерди камсыздоого убада бергени менен ККМ тартыш болуп жатканы айтылууда.

Ишкер, экономист Азамат Акелеев талап коюлганы менен аппаратты табуу кыйын экенин айтууда.

“ККМ азыр табылбай атат. Анан баасы да аябай кымбат. Ошондуктан электрондук вариантын колдонуп жатабыз. Бирок аны иштетүү оор экен. Өзүнчө бир телефон алууга туура келди. Салык кызматынан адис чакырып, анан ишке киргиздик”.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумушту аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

XS
SM
MD
LG