Ишембиде Алматыда митингге 300дөй адам чогулду. Уюштуруучулар Казакстанда расмий Бээжин менен биргелешкен ишканалардын курулушун токтотууга, жерди чет элдиктерге ижарага бербөөгө жана ал жерлерди коргоого чакырышты.
Журналист Рысбек Сарсенбайулы Казакстандын экономикасы менен саясатында Кытайдын ролунун күчөшүнө Бээжинден насыя алып турган экс-президент Нурсултан Назарбаев башында турган мамлекеттик аппарат жооптуу экенин эскертти.
"Назарбаев баш болгон аткаминерлер баш-оту менен коррупцияга малынган. Кытай алардан эмне сураса ошону берүүгө даяр. Кытайга кул болууга жол бербөө керек".
Алматы шаарындагы Чокон Валихановдун айкелинин жанындагы аянттагы демонстрация жергиликтүү бийлик менен алдын-ала макулдашылган.
Оппозициячыл Демократиялык партияны түзүү боюнча демилгелүү топтун башчысы Жанболот Мамай Алматыдагы райондук акимчиликке бул жыйынды өткөрүү ниетин билдирген арыз тапшырган жана бул өтүнүч катка уруксат берилген. Бирок Мамай бул уруксатка карабастан, Алматы шаарында айрым жигердүү оппозициячыл өкүлдөр алдын-ала кармалып, аянтта интернет өчүрүлгөнүн айтты.
"Интернетти өчүрүп таштады. Анткени бийлик "ушул жерге эл чогулуп каршы пикирлерин айтат" деп коркуп отурат. Көчөлөргө полиция кызматкерлерин толтуруп салган. Бул бийлик мыйзамсыз, бул бийлик элди күч менен кармап турган, жемкор бийлик".
Алматыдагы акция бийлик менен макулдашылса да, айрым активисттер аянтка бараткан жеринен кармалган. 10 чакты адамды полиция күч менен машинеге салып жаткан жеринен башка активисттер каршылык көрсөтүшкөн. Бирок майнап чыккан эмес.
"Баарын салып кетти. Ушул жердеги полициялар аялдарга кол көтөрүштү. Бул деген адам укуктарын тепселегендик" деди митингге чыккан активисттердин бири.
27-мартта Казакстандын бир нече шаарында да нааразылык акцияларына чыгууга камынгандар орто жолдо тартип сактоо кызматкерлери тарабынан кармалып кеткени маалымдалды.
Баш калаа Нур-Султанда полиция оппозициянын топтору "митинг өткөрүлө турган жер" деп көрсөткөн цирктин имаратына баратканда бир нече адамды кармаган. Эртең менен цирктин жанындагы аймак курчоого алынып, аянтка кар тазалоочу унаалар коюлган.
Ал эми ишембиде Чымкентте полиция кеминде эки адамды кармады. Алар "Кытайдын экспансиясына" каршы болгонун билдиришип, саясий себептер менен куугунтукталган активисттерди бошотууну талап кылышкан.
Ошол эле күнү Оролдо (Уральск) эки активист кармалганы кабарланды. Ошондой эле митингге чыккандардын үйлөрүндө полиция нөөмөттө турушканын билдиришти.
Казакстандын батышындагы Актөбө шаарындагы нааразылык акцияны бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязов уюштурганы айтылган. Бул шаарда полиция митингге чыккандардын айрымдары менен кошо, "Азаттык" радиосунун казак кызматынын кабарчысын да кармап кеткен.
Акыркы айларда Казакстандын бир катар шаарларында авторитардык бийлик системасына каршы нааразылык акцияларын өткөрүү чакырыктары күч алды. Мисалы, 28-февралда эки саясий уюм Казакстандын бир нече аймактарында митинг өткөрүүнү пландаган. Алардын бири, активист Жанболот Мамай башында турган “Демократиялык партия” түзүү демилгелүү тобу, экинчиси - бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов жетектеген “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы болчу. Бул уюмдун ишине Казакстанда тыюу салынган.
Европарламент быйыл 11-февралда Казакстандагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюцияны кабыл алган. Анда Казакстанда саясий негиздеги иштерди кыскартып, оппозиция өкүлдөрүнө карата куугунтуктарды токтотуу чакырыгы камтылган. Бирок расмий Нур-Султан өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда.