Жапониянын парламенти премьер-министр кызматына Либералдык-демократиялык партиянын (ЛДП) лидери Санаэ Такаитини тандап алды. Өлкө тарыхында бул кызматка биринчи жолу аял отурду.
Такаитиге 465 депутаттын 237си добуш берди. Анын каршылашы, Конституциялык-демократиялык партиянын лидери Ёсихико Нода 149 добуш алган. Такаитинин жеңишинен кийин ЛДП жана "Жапониянын инновация партиясынын" алянсы түзүлдү. Премьер-министр эми өкмөт түзүшү керек.
Октябрдын башында 64 жаштагы Санаэ Такаити Либералдык-демократиялык партиянын төрагалыгына шайланган. Шайлоо Шигеру Ишиба премьер-министрлик кызматты бир жыл аркалап, отставкага кеткенден кийин өткөн. The Guardian Ишибанын бул кызматка барышы анын партиясындагы оңчулдарды нааразы кылганын жазган. Такаити партиядагы консервативдүү мүчөлөрдүн бири болуп саналат.
- Либерал-демократтар Жапониядагы ири партиялардын бири. Азыраак тыным алганы болбосо (баш-аягы төрт жыл) өзү түзүлгөн 1955-жылдан бери бийликти колдон чыгара элек. Либерал-демократтардын "Комэйто" башкаруучу партиясы 2009-жылы түзүлгөн.
- Өткөн жылы либерал-демократтар төмөнкү палатадагы көп ордун жоготкону менен коалицияга кирген партиялардын жардамы менен бийликте кала берген. Ушул жылдын июль айында ЛДП Кеңешчилер палатасындагы көпчүлүктү жоготкон. Аналитиктер шайлоодо ашынган оңчул "Сансейто" партиясы ийгиликке жеткенин белгилешкен.
Шерине