Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупция ишине байланыштуу “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын (“Бишкек” СЭЗ) кызматкерлери кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциялык схемаларды жок кылуу жана мыйзамсыз каражат чогултуу менен алектенген кылмыштуу топторду аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иште айрым бажычылылар опузалап акча талап кылган деген маалыматтар түшкөн
Анын негизинде “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын (Ак-Чий) инспекторлорунун жумуш орундарынан видеоматериалдар алынган. Анын жыйынтыгында “Бишкек” СЭЗ бажысынын кызматкерлери адамдардан 3000-5000 сомдон алып турушканы такталган.
15-октябрда УКМК менен Мамлекеттик бажы кызматынын Ички коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы “Бишкек” СЭЗдин Бажы тейлөө борборунун бажылык тариздөө тобунун башкы инспекторун (К.Д.Д.) жана төрт кызматкерин ((А.М.А., Т.Ж.А., А.М.А., Н.Н.М.), жалпы беш адамды кармаган.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен иш козголуп, 23-ноябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. УКМК ушул тапта бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо иштери улантылып жатканын кошумчалады. (BTo)
Шерине