Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Словакиянын соту премьер Фицого кол салган кишини 21 жылга абакка кести


Юрай Цинтула. Словакия, 21-октябрь 2025-жыл
Юрай Цинтула. Словакия, 21-октябрь 2025-жыл

Словакиянын соту премьер-министр Роберт Фицого кол салган Юрай Цинтуланы 21 жылга абакка кести. 72 жаштагы жазуучу теракт жасаганы үчүн айыптуу деп табылды.

Адвокаттар анын ишин терроризм эмес, нааразылык билдирүү акциясы деп өзгөртүүнү өтүнгөн.

Цинтула өкмөт башчынын көзүн тазалоону каалабаганын, андан ары премьерлик кызматын аркалай албагыдай кылып зыян келтирүүнү көздөгөнүн айтып келатат.

Акыркы сөзүндө ал: “Мен аны өлтүрүүнү каалаган эмесмин, ал түшүнсүн дегем”, - деп айтты.

Цинтула соттун өкүмүн адилетсиз деп эсептерин, жогорку инстанцияга доо арыз берерин билдирди.

Фицого кол салуу былтыр 15-майда өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Гандлова шаарында болгон. Премьер Маданият үйүндө өкмөттүн көчмө жыйынын өткөргөндөн кийин көчөгө чыгып, жол боюнда турган адамдар менен учурашканы барган учурда ага ок атылган.

Кол салууга шектелип жазуучу жана саясий активист Цинтула ошол жерден дароо кармалган. Ал өкмөттүн саясатына макул эместигин айтып, күнөөнү мойнуна алган.

Колунан жана курсагынан жараат алган өкмөт башчы оор абалда ооруканага жеткирилип, ага бир нече операция жасалган.

2023-жылы күзүндө Фицо шайлоодо жеңип, Словакиянын өкмөтүн үчүнчү ирет башкарып калган. Анын популисттик партиясы улутчул жана евроинтеграцияга күмөн саноо менен караган көз карашы менен белгилүү. Шайлоо алдында Украинага жардамды чектөө жана миграциялык көзөмөлдү күчөтүүнү жактап келген.


Шерине

XS
SM
MD
LG