Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Салык кызматынын мурдагы төрагасы менен орун басары камакта калды


Алтынбек Абдувапов жана Исламбек Кыдыргычов. Коллаж.
Алтынбек Абдувапов жана Исламбек Кыдыргычов. Коллаж.

Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун камактагы мөөнөтү 20-ноябрга чейин узартылды. Мындай чечимди 14-октябрда Ленин райондук соту кабыл алганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын камактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө тобунун жетекчиси берген.

Атайын кызмат Алтынбек Абдувапов менен Исламбек Кыдыргычовду 2024-жылдын декабрь айында кармаган. УКМК алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдаланууга байланыштуу мыйзамсыз иштерге тиешеси бар экенин билдирген.

УКМК башкы салыкчылар бизнес өкүлдөрүнүн айрым тобуна көп суммада салык төлөөдөн качууга, өздөрүнүн реалдуу кирешесин “көмүскөдө” калтырууга мүмкүнчүлүк бергенин маалымдаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 9-июлда Ош шаарында суйлөгөн сөзүндө Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык мүлкү аныкталганын, экс-чиновниктин байлыгы толугу менен мамлекетке алынарын айткан.

Абдувапов менен Кыдыргычевдин жакындары жана адвокаттары кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG