Бул маалыматты Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бышыктап, мындай чечим Гүлнара үй камагынын айрым эрежелерин бузганына байланыштуу кабыл алынганын билдирди.
Жаңылык адегенде 5-март күнү кечинде Гүлнара Каримованын кызы Имандын «Инстаграмдагы» барагында пайда болду. Ал байкоо жүргүзчү видеокамерадан тартылган бир нече сапатсыз сүрөттү жарыялап, «Ташкенттеги менин үйүмө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кечки саат 7лерде күчкө салып кирип келип, орой сүйлөп опузалап, апамды халатчан бойдон белгисиз тарапка алып кетишти» деп жазды.
Иман Каримова апасынын башына түшкөн окуя тууралуу Гүлнара Каримованын Швейцариядагы адвокаты кабардар экенин кошумчалады. Буга удаа эле Өзбекстандын Башкы прокуратурасы расмий маалымат таратып, 46 жаштагы Гүлнара Каримова 2017-жылы декабрда Ташкент облустук сотунун өкүмү менен 10 жылга эркинен ажыратылганын эске салды.
«Гумандуулук принциптеринен жана айыпкердин мамлекетке зыян келтирип, кылмыштуу жолдор менен топтогон ири өлчөмдөгү каражатын кайра кайтаруу ниетин эске алып», былтыр жайында ал өкүм беш жылга кыскартылган.
Гүлнара Каримованын өтүнүчү эске алынып, анын жаза мөөнөтүн өтөө дареги катары кызы Иманга катталган үй аныкталган. Ал чечим чыгарылып жатканда айыпкер үй камагында отурганда ал жерден эч жакка чыкпоого, телефон, Интернет сыяктуу байланыш техникасын колдонбоого жана уурдалган акчаны кайтарууга жардамдашууга сөз берген. Башкы прокуратура билдиргендей, ушундай милдеттенмелерди алганына карабастан, Гүлнара былтыр ноябрда эрежени бузуп, камалып отурган үйдөн сыртка чыгып кеткен. Ал үчүн эскертүү берилген. Андан бери айыпкер бир нече ирет телефондон байланышка чыгып, Интернетке кошулуп, өзүнүн иши боюнча камакка алынган ири каражатты кайтарууга жолтоо кылууга аракеттенген.
Дегеле Өзбекстандын бийлиги коомчулукка Гүлнарага карата кандай чечимдер кабыл алынганын алгачкы жолу расмий түрдө билдирип жатканын журналист Сирожиддин Толибовдон билдик.
- Буга чейин өзбек коомчулугу Гүлнара Каримовага кандай өкүм чыгарылганын, ал канча жылга соттолгонун так билген эмес, - деди ал. - Ар кандай маалымат чыгып жаткан. Бул иш боюнча чындыкты азыркыга дейре жашырып келишкен. Башкы прокуратуранын кечээки маалыматынан гана 2017-жылы Гүлнара Каримова 10 жылга соттолгонун, былтыр ал өкүм беш жылдык үй камагына өзгөртүлгөнүн билип отурабыз.
Ошентип, Башкы прокуратуранын алгачкы расмий маалыматына ылайык, Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин жаза өтөө шарттары жана башка талаптар бузулганы тууралуу көрсөтмөсүнүн негизинде Яшнабад райондук соту 5-март күнү Гүлнара Каримованы эми кадимки жалпы тартиптеги түрмөгө которууну чечти.
Өткөн айда Гүлнара Каримованын баласы, Лондондо жашаган Ислам Каримов апасынын саламаттыгы кескин начарлап кеткенин, ага дарыгерге көрүнүүгө уруксат берилбей жатканын Интернетте жазып, өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин өзүнөн жардам сураган. Башкы прокуратура анда да «бул маалымат чындыкка жатпайт, айыпкер медициналык жардамга муктаж эмес» деп билдирген. «Маркум Ислам Каримовдун кызы азыр кантип тергөөгө тоскоол боло алат?» - деген суроону кайрадан өзбек журналисти Сирожидин Толибовго узаттык.
Гүлнара керек болсо ким канча акча уурдаганын, кайда катканын да билиши мүмкүн.
- Билесиздерби, Гүлнара Каримова керек болсо азыр бийликте турган далай өзбек жетекчилери тууралуу баалуу маалыматтын баарын билет. Буга анын кызы Иман да ишарат кылды. Гүлнара керек болсо ким канча акча уурдаганын, кайда катканын да билиши мүмкүн. Сөз миллиондогон эмес, миллиарддаган доллар жөнүндө болуп жатат. Азырынча өзбек бийлиги элден уурдалган ири өлчөмдөгү каражатты таап кайтара алган жок. Экинчиден, кээ бир кабарларга караганда, Гулнара Каримова Өзбекстандан биротоло качып кетиши мүмкүн болгондой.
Өзбекстандын маркум туңгуч президентинин кызы Гүлнара Каримовага каршы 2015-жылы АКШда, Швецияда, Швейцарияда кылмыш иштери ачылып, «жалпы суммасы 1 миллиард долларга жакын каражатты пара түрүндө кымырып алган» деген айып коюлган.
Маалыматка караганда, бул каражаттын көбү алты эл аралык телекоммуникациялык компаниядан алардын пайдасына чечилчү ортомчулук кызмат же патронаждык кылган үчүн деп алынган. Өзбекстандын өзүндө да бир кезде бийлиги менен байлыгына манчыркаган «эрке кызга» мамлекетке 54 миллион доллардай материалдык зыян келтиргени үчүн айып тагылып, ал биз жогоруда айта кеткендей, беш жылга түрмөгө кесилген. Маалыматтарга караганда, Гүлнара Каримова мекенинде бир нече башка иштер боюнча да айыпталып калышы мүмкүн. Тергөөчүлөр азырынча иликтөө жүрүп жатканын билдиришүүдө.
Швейцарияда Гүлнара Каримовага тийиштүү банк эсебиндеги 800 миллиондой доллар камакка алынган. Былтыр Каримованын адвокаттары ал акчаны бошотуу тууралуу апелляциялык арыз менен кайрылганда өтүнүч четке кагылган. Швейцариядагы бул чечимден улам эксперттер каражат келечекте Өзбекстанга кайтарылышы мүмкүн деп боолголошот.