Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Кризисте үнөмдөп жашаганга үйрөнүңүз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска байланыштуу экономикалык жана социалдык кризис элди үнөмчүл болууга түртүп жатат. 

Жеке ишкер Мирбек Мунарбек уулу чет өлкөдөн курулушка керектүү тетиктерди ташып келчү. Чек аралар жабылганына байланыштуу анын жумушу токтоп калды. Ишкер бул кырдаал көпкө чейин созулуп кетеби деген ойдон улам үй-бүлөлүк бюджетти чектөөнү чечти.

«Дүйнөдө коронавирус дарты күндөн-күнгө күчөп, ооругандар көбөйүп жаткандыктан, менин баамымда бул кырдаал жок эле дегенде сентябрга чейин уланат, - деди ал. - Ошондуктан буга чейин үй-бүлөмдүн чыгашасына айына 20-25 миң сомдун тегерегинде акча кетсе, азыр 10 миң сомго да жетпеген акча сарптап жатам. Ойлоп көрсөм машинеге көп акча кетчү экен. Андан сырткары дем алыш күндөрү үй-бүлөм менен соода борборлоруна барып, балдарды ойнотуп турчубуз. Азыр андай чыгашалардын баары азайды».

Экономисттер да азыркы кырдаалда чыгашаларды азайтууга кеңеш беришүүдө. Бирок элдин акчасы буга чейин эле түгөнгөнүн белгилеген бизнес консультант Азамат Аттокуров көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн азыркыдай оор абалга түшүп калганына финансылык сабатсыздык себеп экенин айтты:

Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

«Мен дайым акчаны камдап коюш (запас кылыш) керек деп айтып келем, - деди ал. - Ар бир айлыктан күтүлбөгөн жагдайларга деп 10% сактап коюш керек. Кээ бирлери: «Айлыгым 5000 болсо, кантип сактайм?» деп айтышат. Айырмасы жок, айлыгыңыз канча болсо да, 10% сактап жүрүш керек. Анан ошол акчага бүгүнкүдөй оор кырдаалдарда жашаш керек. Бул кризис абдан узак мөөнөткө созулат. Биздин экономикабыз кеминде 20%-30% чейин кемийт. Качан бүтөрү азыр да белгисиз. Кризис бүткөндөн кийин дагы 20-30% адамдар жумуш орундарын жоготот, бир нече компания банкрот болуп жабылат. Ошол себептен азыр акчаны үнөмдөш керек».

Ал эми ишкер Азамат Акелеев азыр колунда жоктор эле эмес, акчасы жетиштүү адамдар да чыгашаны минимумга түшүрүш керек деген пикирде. Ал буюртма менен сырттан тамак алып жегенди токтотуп, жада калса үйдө бекер отурганда эки маал гана тамактанган жетиштүү деген оюн айтты:

Азамат Акелеев.
Азамат Акелеев.

«Менин оюмча азыр акчасы жетиштүү үй-бүлө болсо деле үнөмдөш керек. Анткени биз бул кризис канчага чейин созуларын билбейбиз. Ошон үчүн азыр үйдө отурганда үч маал тамак жебей, эки маал тамак жесе деле жетиштүү. Мисалы, мен азыр келинчегим менен эки маал эле тамак жейбиз, балдарыбыз үч маал жешет. Чоң кишилерге ошол деле жетет. Албетте, балдар кээде пицца жегиси келет, ошону эле алдырбасак, башка бүт тамактын түрлөрүн үйдөн эле жасап жатабыз. Мен өзүм да бир маал тамак жасайм. Бул бир жагынан кызыктуу. Андыктан үй-бүлөлөр азыр тамак-аштан үнөмдөсө, башка жагынан ансыз деле үнөмдөлүп жатса керек. Азыр эч ким эки жакка баскан жок, кийим-кечеге акча деле коротпой жатса керек».

Азыр карантин учурунда үйдө отурганда тамактын көлөмүн азайтуу зарыл экенин туура тамактануу боюнча адис, профессор Турсун Мамырбаева да эскертет. Ошондой эле ал туура жана пайдалуу тамактануу дайым эле кымбат эмес экенин да кошумчалап, бул кырдаалда иммунитетти түшүрбөш үчүн бир нече азыктарды сунуш кылды:

«Ошол эле айранга укроп жана башка жашыл чөптөрдү майдалап туурап аралаштырып жесе болот. Анткени укроптун курамындагы темирдин саны кээ бир эт азыктарындагы темирдин санына барабар. Анан кыргыздар угут жасайт эмеспи? Ошол өндүрүлгөн буудайдын курамында да абдан көп витаминдер бар. Азыр «жашылча-жемиш алып жегенге акча жок» деп жатпайбызбы. Бирок үйдө сабиз, кызылча дегендер бар да. Ошолордун жалбырак өсө турган жерин 1 сантиметрдей кылып кесип, тарелкага суу куюп салып койсоңор, жашыл сабагы өсүп чыгат. Ошол өсүп чыккан жашыл сабагын ар кандай тамакка кошуп жесе болот. Анын курамында дагы С витамини жана В группасындагы витаминдер бар. Алар өзүңөрдүн да, балдарыңардын да иммунитетин коргогонго жардам берет».

Турсун Мамырбаева буга кошумча гречканын ордуна буудайдан жасалган талканды колдонсо, ошондой эле витаминдерге бай экенин айтты.

Эске сала кетсек, коронавирус илдетинен улам учурда дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгү же эки жарым миллиарддай адам карантинде отурат. Анын ичинде Кыргызстандагы айрым шаарлар менен райондордун жашоочулары да бар. Бул өзгөчө абал 15-апрелге чейин киргизилген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG